Жаңы өндүрүш ыңкылабы: Британия көмүрдөн баш тартты
- Author, Жастин Ролат
- Role, Би-Би-Си

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бириккен Королдук электр энергиясын өндүрүү үчүн бир грамм дагы көмүр жакпаганына толук эки ай болду.
Өз маалында Британияда, андан кийин бүтүндөй дүйнөдө буу машинеси өндүрүш ыңкылабынын башатында турган эле. Жүз жылдан ашуун убакыттан бери көмүр энергиянын негизги булагы болуп келди.
Он жыл мурун эле Улуу Британияда электр энергиясын өндүрүүнүн 40 пайызы көмүр аркылуу ишке ашып келген. Азыр бул көрсөткүч нөлгө түштү.
Бул көрүнүштүн Covid-19 пандемиясы менен дагы байланышы бар. Бирок жалаң эле ушул себеп эмес.
Өлкөгө карантин чаралары киргизилгенде электр энергиясына болгон талап кескин төмөндөдү. National Grid энергокомпаниясы буга жооп кылып электростанциялардын ишин токтото баштады. Көмүр менен иштеген төрт жылуулук станциясы биринчилерден болуп жабылды. Акыркысы 9-апрелде түн ортосунда ишин токтоткон.

Сүрөттүн булагы, PA Media
Буга чейинки көмүр колдонулбаган рекорд өткөн жылы июнда катталып, 18 күн 6 саат 10 минутага созулган.
Жогорудагы маалыматтар бүтүндөй Бириккен Королдуктун аймагына таандык эмес. Анткени Түндүк Ирландия National Grid компаниясынын кардары саналбайт.
Британиядагы энергетика тармагы акыркы 10 жылда радикалдуу өзгөрүүлөрдү башынан кечирди. Экономиканын негизги өзөгү болгон көмүрдөн акырындап баш тартууга энергия булактарын жаңылоо үчүн масштабдуу инвестиция тартылды. Мунун мисалы катары эки көрсөткүчтү белгилей кетели.
10 жыл мурун керектелген электр энергиясынын 3 пайызы гана күн жана шамалдан алынып, көптөр муну обу жок кымбат санашкан.
Азыр эми Бириккен Королдук дүйнөдөгү шамал генераторлору эң көп жайгашкан өлкө саналат. Эң кубатуусу өткөн жылы Йоркшир жээктеринде ишке берилди.
Drax жылуулук электростанциясы дагы Йоркширде жайгашып, өлкөдө өндүрүлгөн электр энергиясынын 5 пайызын берет.

Сүрөттүн булагы, Andrew Aitchison
10 жыл мурун бул станция көмүрдү эң көп керектегендердин алдыңкысы эсептелчү. Бирок азыр жыгачтын пресстелген таарындыларын жагууга өттү.
"Биз көмүрдүн келечеги жок деп, ушундай тыянакка келдик,-деп түшүндүрдү ЖЭБдин өкүлү Уилл Гардинер. - Бул чоң жумуш болду. Бирок жыйынтыгында атмосферага бүркүлгөн 20 млн. тонна CO2 бир жылда нөлгө чейин кыскарды".
Drax жылына 7 млн тонна жыгачтын пресстелген таарындыларын керектейт. Келерки жылдын мартынан тарта көмүрдөн таптакыр баш тартууга камынып турат.
Бир гана көмүр эмес, башка дагы казып алынуучу отундун түрлөрү колдонуудан чыгат.
Carbon Brief экологиялык интернет басылмасынын маалыматы боюнча 2020-жылдын алгачкы беш айында Британияда керектелген энергиянын 37 пайызы кайра орду толуп турган булактардан алынган.
35 пайызы газ, көмүр жана мазут жагуудан алынып, 18 пайызын АЭСтер иштеп чыкса, 10 пайызы сырттан импорттолгон.
"Тарыхта биринчи жолу толуп турган булактар казылган отунга караганда көп энергия берди,-дейт Carbon Brief басылмасынан доктор Саймон Ивенс. -Газды керектөө кыскарууда, мындай абал жыл аягына чейин сакталат деп ойлоп жатабыз".
Өзгөрүүлөр абдан бат жүрүүдө. 2016-жылдын декабрь күндөрүнүн биринде биринчи жолу түгөнбөй турган булактар органикалык отунга караганда көбүрөөк энергия берди. 2020-жылдын башына чейин мындай күндөр 154 болуп чогулду. Алардын жарымынан көбү (91 күн) өткөн жылы болду.
Казып алынуучу отундун, анын ичинде көмүрдүн энергетикадагы үлүшү барган сайын кыскара бермекчи. Бириккен Королдуктагы көмүр менен иштеген акыркы үч ЖЭБ алдыдагы беш жылда жабылат. Биринчи өндүрүш ыңкылабындагы отун өткөндүн сыймыгы болуп кала бермекчи. (AbA)
















