Кайсынысы абаны көп булгайт: Дизелби же бензинби?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Дизель моторлуу авто унааларды сатуунун дүйнөлүк көрсөткүчү 2016-жылга салыштырганда, 2017-жылы 17 пайызга түшүп кеткен. Мунун себеби эле дизель менен жүргөн унаалардын экологиялык зыяны көп деген кептердин кеңири тараганында.
Өндүрүшчүлөр азыркы учурдагы чыгып жаткан дизелдер иш жүзүндө таза экенин айтып, элдин башын айлантып жатат деп, өкмөт менен жаратылыш коргоочуларды айыптайт.
Чыны менен эле дизель моторлуу унаалардын зыяны көп болобу же басылмалар көбүртүп-жабыртып жатабы?
Буга бир тараптуу так жооп жок дейт көз карандысыз эксперттер. Мунун баары унаанын конкреттүү маркасынан көз каранды.
Дизелдер дагы, бензин кыймылдаткычтар дагы күйүүчү майды механикалык жол менен күйгүзгөндө химиялык энергиялар чыгат.
Дизель жалпысынан кубаттуулугу өзүндөй болгон бензин менен жүргөн унаага салыштырганда, азыраак күйүүчү майды керектеп, айлана-чөйрөгө дагы ошого жараша көмүр кычкыл газын чыгарат.
Бирок андан бөлүнүп чыккан майда бөлүкчөлөр адам ден соолугу үчүн өтө зыяндуу эсептелет.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Алар өпкөгө кирип, канга аралашып кете турган кооптуулугу бар. Бул алсыз кишилерде мээ-кан тамыр, жүрөк илдеттерин, астманы пайда кылышы мүмкүн",-дейт Саутгемптон университетинин айлана-чөйрөнүн булганышы боюнча иликтөө жүргүзгөн окумуштуусу Мэтью Локхэм.
Бирок жаңы иштелип чыгып жаткан дизелдер атайын фильтрлер менен камсыздалып жатат.
"Фильтр майда бөлүкчөлөрдүн дээрлик 99 пайызын сыртка чыгарбай кармап калат. Андыктан жаңы заманбап дизелдер үчүн мындай көйгөй жок",-дейт Emissions Analytics деп аталган көз карандысыз иликтөө борборунун жетекчиси Ник Молден. Ал жетектеген топ унааларга ордунан тесттерди өткөрүп келе жатат.
Зыяндуу бөлүкчөлөрдөн сырткары дизель бензинге караганда, азот кычкыл газын көп бөлүп чыгарат. Бул өпкөнүн иштөөсүн начарлатып, аллергия кыла турган кесепетке ээ зыяндуу зат.
Бактыга жараша, заманбап технология бул жерде дагы жакшы көрсөткүчтөргө жетүүгө мүмкүндүк берет. 2015-жылдын сентябрында күчүнө кирген Евро 6 экологиялык стандарты дизель унааларынан чыккан азот кычкыл газын эки эсеге азайтуу жагын караштырууда.
Жалпысынан эксперттердин баасы боюнча, бензин моторлуу унаалар баары бир таза болот. Бирок мунун баары унаанын кандай үлгүдө экендигинен толук көз каранды.
"Эгерде 10 пайыз "эң таза " дизель менен 10% бензин моторлуу "эң начар" унааны салыштырган болсок, албетте айырма болот. Айырма биринчи аталгандын пайдасына болору турган кеп",-деп белгилейт Ник Молден.
ЕБ аймагында өндүрүлгөн жаңы үлгүдөгү унаалар өткөн жылдын сентябрынан тарта экологиялык текшерүүдөн сөзсүз өтүүгө милдеттендирилди. Адистер бул тагыраак объективдүү картинаны берет деп эсептөөдө.
Андыктан эки кыймылдаткычтын ортосундагы талашка али чекит коюла элек. (AbA)











