Булганыч аба: электр унаа сатып алуу керекпи?

электр унаалар

Айлана-чөйрөнү коргоо максатында электр кубаты менен жүргөн унааларды көбөйтүү - дүйнөдөгү көп өлкөлөрдүн максаты. Унаа чыгарган компаниялардын көбү бул жаатта атаандаштык менен иштеп келе жатышат.

Абанын булганышын эске алып, Улуу Британия менен Франция 2040-жылга барып күйүүчү май менен жүргөн унааларды колдонуудан чыгарышы мүмкүн. Ушундай эле кадамга Кытай дагы бара жатат.

Дүйнөдө электр унаалар көбөйгөнү менен ага ишенбегендер дагы арбын. Айрымдар унааны кубаттандырууга көп убакыт кетээрин жана электр машинелер кымбат экенин жүйөө кармашат.

Анда электр кубаты менен жүргөн унааны сатып алуу керекпи?

Унаанын баасы, кубаттоого кеткен убакыт, кайсыл жерден кубаттандыруу керектиги жана электр унааны өндүрүү экологияга зыян деген көйгөйлөр чыгууда.

Унаадагы аккумулятордун баасы кымбатка тургандыктан, электр кубаты менен жүргөн машиналар дагы кымбат болот. Ага карабастан технология өнүккөн сайын аккумулятордун баасы арзандап, электр унаалардын баасы дизель жана бензин менен жүргөн унаалар менен теңелет деп жоромолдонууда.

Учурда аккумулятордун көлөмүнө, унаанын үлгүсүнө жана кубаттоочу жерге жараша электр унааны толук кубаттандырууга 30 мүнөттөн 24 саатка чейин убакыт сарпталат.

Бирок келечекте бул убакыт кыскарат. Мисалы, Porsche унаа өндүрүүчү компания 450 кВт кубаттай алчу бекетин сыноодон өткөрүп жатат. Бекеттен электр унааңыздын батареясын бир нече мүнөттө толук кубаттандырып алсаңыз болот.

Кыргызстан сыяктуу мамлекетте кубаттоо бекеттери жок болгону дагы электр унаалардын жайылышына тоскоолдук жаратат. Мындай көйгөй өнүккөн өлкөлөрдө дагы бар. Маселен, Улуу Британияда эмитен эле миңдеген кубаттоо түйүнү бар, бирок суроо-талапты канаттандыруу үчүн дагы көптөгөн бекеттер керек.

Electric Vehicle in Park Charging station in UK Street

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстан сыяктуу мамлекетте кубаттоо бекеттери жок болгону дагы электр унаалардын жайылышына тоскоолдук жаратат

Электр унааны өндүрүү канчалык зыяндуу?

Электр унаалар айлана-чөйрөгө зыяндуу заттарды бөлүп чыгарбайт. Ал эми унаанын өзүн жана батареясын өндүрүү үчүн керектүү материалдарды жерден казып алуу экологияга терс таасир этет.

Мөөнөтү бүткөн аккумуляторлорду ыргытуу да айлана-чөйрөгө зыян.

Технология улам өнүккөн сайын аккумулятордун сыйымдуулугу жана колдонуу мөөнөтү узартылып, эффективдүү боло баштады.

Presentational white space
YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 1
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы, 1

Presentational white space

Электр унаалары күйүүчү май менен жүргөн унаалардын ордун алмаштырып, экологияга чоң пайда алып келет.

Улуу Британияда дизелдик автоунааларды сатуу дээрлик 40 пайызга төмөндөдү. Бийлик 2040-жылга карата дизелдик автоунааларга жана кичи автобустарга тыюу салынарын билдирди.

Дизель унааларды сатуунун дүйнөлүк көрсөткүчү 2016-жылга салыштырганда, 2017-жылы 17 пайызга түшүп кеткен. Буга дизель менен жүргөн унаалардын экологиялык зыяны көп деген кептердин кеңири тараганы себеп болгон.

Exhaust fumes from a car

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Унааңыз канча зыяндуу заттарды чыгарып жатат билесизби?

Электр унаалары Кыргызстан үчүн канчалык реалдуу?

Кыргызстандын баш калаасы Бишкекте абанын булганып жатканына кабатырлануулар күчөдү. Экологиялык кызмат абаны булгаган зыяндуу заттардын 90 пайызын автоунаалар чыгарып жатканын билдирген. Ѳкмөт алдындагы Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин маалыматына караганда, Бишкектеги абага жылына 240 миң тонна булганыч заттар тарап жатат, анын 180 миң тоннасын автоунаалар бөлүп чыгарууда.

Айрым активисттер көйгөйдү чечүүнүн бир жолу катары ири шаарларда электр унааларды көбөйтүүнү сунуштап жатат. Зарылбек Нышан уулу ушундай үлгүдөгү унааны Бишкекке алып келген:

-Баарыбыз абалды көрүп, анын көйгөйүн түшүнүп турабыз. Бирок башка бирөө келип биздин маселебизди чечип бере тургандай, бир нерсени күткөндөй эле жүрөбүз. Ошондуктан ар бир жаран колунан келгенин кылса, маселенин чечилишине таасирин тийгизмек. Маселен, биз мурда зыяндуу заттарды абдан аз бөлүп чыгарган Toyota гибрид унаасын алып келгенбиз. Себеби унаадан чыккан зыян канчалык аз болгон сайын бизге ошончо пайдалуу экенин көрсөтөлү дегенбиз. Эми болсо "Ниссан" үлгүсүндөгү электр унаасын алып келдик.

Presentational white space
YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 2
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы, 2

Presentational white space

-Тоолуу өлкөдө электр унаасынын ыңгайлуулугу кандай болот экен?

-Негизи унаа толугу менен электр энергиясын алгандан кийин 160 чакырымга чейин жүрөт экен. Калганына дагы 2,5-3 сааттын ичинде кайра электр кубатын алат. Мындай унаалар Орусия, Казакстанда көбөйүп жатат. Аларда ушундай үлгүдөгү унааларга электр кубатын толуктап бере турган жайлар ачылган. Андай атайын жай бизде да болсо, 2-3 саат электр кубатын толтуруп олтурбайсың, анда аны 10-15 мүнөттүн ичинде толуктап алып андан ары сапарыңды уланта бересиң. Биринчиден, чыгымдары абдан аз болот, экинчиден абага зыяны тийбейт. Анткени бул унаада эч кандай май жок экен.

Ишкердин айтымында, унааны АКШдан алып келишкен, 2014-жылы чыгарылган бул унаанын баасы 11 миң долларга түшкөн. Негизи 15-16 миң доллардын тегерегинде сатылат. (AT)

line

Дүйнөдөгү булганыч аба көйгөйү - статистика

  • Жылына жети миллиондон ашуун адам булганыч абадан көз жумат
  • 2016-жылы булганыч абадан улам Жер шарында 4.2 миллион адам каза тапкан
  • The State of Global Air study же Булганыч аба боюнча глобалдык изилдөө 2017-жылы дүйнө жүзүндө кеминде беш миллион адам булганыч абага байланышы бар илдеттерден көз жумганын ырастайт
  • Дүйнө калкынын 91 пайызы Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму абасы кир деп тапкан аймактарда жашайт
  • Индиянын 14 шаары дүйнөдөгү абасы эң кир деп таанылган 20 калаанын катарына кирет
  • Дүйнөдөгү он адамдын тогузу булганыч абаны дем алат

Булак: Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму

line
Видеонун түшүндүрмөсү, Булганыч аба ден соолугубузга кандай таасир этет?