Булганыч аба: Кыргызстанда электр скутерлери жайылабы?

Бишкектеги скутер тепкендер

Сүрөттүн булагы, BBC/Rufat Ergeshov

    • Author, Руфат Эргешов
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Лондондо эскирген жана абага зыяндуу заттарды көп бөлүп чыгарган унаалардын айдоочуларынан акча алына баштады. Учурда көптөгөн өлкөлөр абаны булгаган транспорттордон арылуу аракетин көрүүдө.

Жаңы жүргүзүлгөн изилдөөгө ылайык, булганыч аба жашоо узактыгын орточо эсеп менен алганда жыйырма айга кыскартат. "Безгек же жол кырсыгына салыштырганда булганыч аба көбүрөөк адамдын өмүрүн алат",- деп жазылат баяндамада.

Ал эми Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун айтымында, "көрүнбөгөн киши өлтүргүч" деген атка конгон кир аба жылына жети миллион адамдын өмүрүн алат.

Булганыч абанын экономикалык дагы чыгымдары бар. Бириккен улуттар уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Озонниа Ожиело булганыч абадан улам дүйнө өлкөлөрү жыл сайын 4,6 миллиард доллар чыгашага туш болсо, Кыргызстан 3,6 миллион доллар жоготот деп билдирген.

Кыргызстандын баш калаасы Бишкекте дагы абанын улам кирдеп жатканына кабатырлануулар күчөдү. Экологиялык кызмат абаны кирдеткен зыяндуу заттардын 90 пайызын унаалар чыгарып жатканын билдирип келет.

Экологиялык маселелерди, жол тыгындарын эске алып, соңку жылдары электр кубаты менен жүргөн скутерлер дүйнөдө популярдуу болууда.

Кыргызстан сыяктуу өлкөлөрдө электр скутерлери жолдун падышасы болобу?

Дүйнөдөгү шаар калкынын 40 пайызы жумушка барып-келүү үчүн беш чакырым аралыкты машине менен жүрүп өтөт. Абдан чоң тыгынга карабастан, негизинен унаа пайдаланылат. Дал ушундай кыска аралык үчүн электр кубаты менен жүргөн скутер абдан ыңгайлуу, барып-келүүгө батарея кенен жетет.

A woman rides a Lime scooter in Madrid

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Беш чакырым аралык үчүн электр кубаты менен жүргөн скутер абдан ыңгайлуу

Соңку жылдары дүйнөдө көп колдонулуп жаткан жабдыктар Кыргызстандын баш калаасы Бишкекке дагы жетти.

"Автобус, троллейбус күтпөй, эч кимге көз каранды болбой, ат мингендей эле кетип каласың. Бишкекте бир миллион киши жашайт. Кээ бир үйлөрдө үч-төрт машине бар. Көпчүлүк унаанын ордуна скутерлерге өтсө, Бишкектин экологиясы жакшырат беле?",-дейт скутер тээп жүргөн Бишкек мэриясынын өкүлү Гуля Алманбетова.

Бишкек мэриясынын өкүлү Гуля Алманбетова

Сүрөттүн булагы, BBC/Rufat Ergeshov

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бишкек мэриясынын өкүлү Гуля Алманбетова

Скутер тепкендер Бишкектин тыгын жолдорунда жумушка же окуу жайга жетүүдөгү убакыт үч эсеге чейин кыскарат деп айтышууда. Электр скутерлери отуз чакырым аралыкта унаанын ордун баса алат.

Скутер башкарган алтымыш бир жаштагы Алексейдин айтымында, Бишкекте скутерди ижарага берген жайларды ачуу пландалууда.

"Бул чакан транспорттор кеңири жайылат деп ишенем. Биздин группадагы жигиттер парктарда жана шаардын көчөлөрүндө скутерди ижарага берген жайларды ачууну пландап жатат".

A man rides an electric scooter

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШ жана Европада электр скутерин тепкендер саны 2 миллионго жетти

АКШ жана Европада электр скутерин тепкендер саны 2 миллионго жетти. Көптөр көчөдө жүргөн унааларды азайтууну каалашат. Бирок скутерлердин да кемчилиги бар - коопсуздук маселеси.

Айрым Европа мамлекеттеринде жана АКШнын кээ бир чоң шаарларында скутерлерди тротуарда тебүүгө тыюу салынды.

Бишкек шаары үчүн бул актуалдуу көйгөй. Анткени скутер жана велосипед үчүн атайын жолдор жокко эсе.

"Эгерде атайын трассалар көбөйсө, машинеге альтернатива катары скутер тепкендер да көбөйөт. Экологияга да азыраак зыян тиет беле",-дейт Бишкек шаарынын тургуну Азат.

Cycling lane in Sao Paulo, Brazil

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бишкекте скутер жана велосипед үчүн атайын жолдор жокко эсе

Электр скутерлерди ижарага берген европалык Bird аттуу компаниянын айтымында, скутер айдагандар унаадан баш тартканы үчүн 5,500 тонна зыяндуу затты абага чыгарган эмес, башкача айтканда бир жылдын ичинде бир миң унаа көчөгө чыккан эмес.

line

Дүйнөдөгү булганыч аба көйгөйү - статистика

  • Жылына жети миллиондон ашуун адам булганыч абадан көз жумат
  • 2016-жылы булганыч абадан улам Жер шарында 4.2 миллион адам каза тапкан
  • The State of Global Air study же Булганыч аба боюнча глобалдык изилдөө 2017-жылы дүйнө жүзүндө кеминде беш миллион адам булганыч абага байланышы бар илдеттерден көз жумганын ырастайт
  • Дүйнө калкынын 91 пайызы Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму абасы кир деп тапкан аймактарда жашайт
  • Индиянын 14 шаары дүйнөдөгү абасы эң кир деп таанылган 20 калаанын катарына кирет
  • Дүйнөдөгү он адамдын тогузу булганыч абаны дем алат

Булак: Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму

line