Дүйнөдө эң ылдам жүргөн унаа электр кубатын гана колдонот

Сүрөттүн булагы, Patrick Gosling / Stan Papior Beadyeye
Италияда өндүрүлгөн электр унаасы Ferrari менен Lamborghini компанияларын артта калтырып, дүйнөдө эң ылдам машине болуп калды.
Албетте, мындай ылдамдыкта жүргөн унаалардын жарышында биринчи, экинчи жана үчүнчү келген машинелердин аралыгы абдан аз болот.
Geneva Motor Show көргөзмөсүнө коюлган Battista аттуу электр унааны Automobili Pininfarina ишканасы чыгарган. Унаа 12 секунддун ичинде саатына 300 чакырым ылдамдыкта жүрөт. Ал саатына 402 чакырым ылдамдыкка чыга алат. Электр энергиясын толук алгандан кийин машине 450 чакырым аралыкка жетет.
Электр кубаты менен жүргөн унааларды көбөйтүү дүйнөдөгү көп өлкөлөрдүн алдындагы максаты. Унаа чыгарган компаниялар бул жаатта атаандаштык менен иштеп келе жатышат.

Сүрөттүн булагы, Patrick Gosling / Stan Papior Beadyeye
Маселен, ири унаа өндүрүүчү Volkswagen 2030-жылга карата электр унааларын чыгаруу үчүн миллиарддаган доллар акча киргизе турганын убада кылган. Мындан мурун аталган компания абаны булгаган унааларды чыгарат деген дооматтар айтылган.
Абанын булганышын эске алып, Улуу Британия менен Франция 2040-жылга барып күйүүчү май менен жүргөн унааларды колдонуудан чыгарышы мүмкүн. Ушундай эле кадамга Кытай дагы бара жатат.
Көп өлкөлөр дизель жана бензин менен жүргөн унааларга тыюу салуу планын жарыялаган соң BMW, VW, Mercedes жана башка унаа өндүрүүчүлөр приоритеттерин өзгөртүүдө.
Быйылкы Geneva Motor Show көргөзмөсүндө дагы электр унааларына өзгөчө көңүл бурулганы байкалып турду. Automobili Pininfarina өндүргөн унаадан тышкары Rimac жана Tesla чыгарган электр машинелерине да көптөр кызыкты.

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
YouTube посттун аягы, 1

Battista электр кубаты менен жүргөн унааларга болгон кызыгууну жогорулатат деп айтылууда.
"Кыймылдаткычы кубаттуу, ылдамдыгы жогору болгону менен айлана-чөйрөгө эч зыян келтирбеген унааны чыгаруу бизге абдан кызык болду. Менимче, бул келечектин унаасы",-деди компаниянын башчысы Пининфарина.
Automobili Pininfarina 2008-жылдан бери жогорку ылдамдыкта жүргөн электр унаанын үстүндө иштеп келген. Финансылык кыйынчылыктардан улам долбоор кыска мөөнөткө токтотулган болчу.
Учурда электр унаа технологиясы абдан тез өнүгүп жатканы талашсыз. Ага кызыккан кардарлар да көбөйүүдө.
Электр унаалары Кыргызстан үчүн канчалык реалдуу?
Кыргызстандын баш калаасы Бишкекте абанын булганып жатканына кабатырлануулар күчөдү. Экологиялык кызмат абаны булгаган зыяндуу заттардын 90 пайызын автоунаалар чыгарып жатканын билдирген. Ѳкмөт алдындагы Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин маалыматына караганда, Бишкектеги абага жылына 240 миң тонна булганыч заттар тарап жатат, анын 180 миң тоннасын автоунаалар бөлүп чыгарууда.
Ошондуктан 2019-жылдан тарта бештен төмөнкү экологиялык класстагы автомобиль бензиндерин жана дизель майларын сатууга чыгарууга жана пайдаланууга тыюу салуу боюнча сөз болгон. Андан тышкары өкмөт Бишкектеги кичи автобустардын ордун газ менен жүргөн автобустарга алмаштыруу планын да жарыялаган.

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
YouTube посттун аягы, 2

Айрым активисттер көйгөйдү чечүүнүн бир жолу катары ири шаарларда электр унааларды көбөйтүүнү сунуштап жатат. Зарылбек Нышан уулу ушундай үлгүдөгү унааны Бишкекке алып келген:
-Баарыбыз абалды көрүп, анын көйгөйүн түшүнүп турабыз. Бирок башка бирөө келип биздин маселебизди чечип бере тургандай, бир нерсени күткөндөй эле жүрөбүз. Ошондуктан ар бир жаран колунан келгенин кылса, маселенин чечилишине таасирин тийгизмек. Маселен, биз мурда зыяндуу заттарды абдан аз бөлүп чыгарган Toyota гибрид унаасын алып келгенбиз. Себеби унаадан чыккан зыян канчалык аз болгон сайын бизге ошончо пайдалуу экенин көрсөтөлү дегенбиз. Эми болсо "Ниссан" үлгүсүндөгү электр унаасын алып келдик.
-Тоолуу өлкөдө электр унаасынын ыңгайлуулугу кандай болот экен?
-Негизи унаа толугу менен электр энергиясын алгандан кийин 160 чакырымга чейин жүрөт экен. Калганына дагы 2,5-3 сааттын ичинде кайра электр кубатын алат. Мындай унаалар Орусия, Казакстанда көбөйүп жатат. Аларда ушундай үлгүдөгү унааларга электр кубатын толуктап бере турган жайлар ачылган. Андай атайын жай бизде да болсо, 2-3 саат электр кубатын толтуруп олтурбайсың, анда аны 10-15 мүнөттүн ичинде толуктап алып андан ары сапарыңды уланта бересиң. Биринчиден, чыгымдары абдан аз болот, экинчиден абага зыяны тийбейт. Анткени бул унаада эч кандай май жок экен.

Ишкердин айтымында, унааны АКШдан алып келишкен, 2014-жылы чыгарылган бул унаанын баасы 11 миң долларга түшкөн. Негизи 15-16 миң доллардын тегерегинде сатылат. (AT)












