Кыргызстан-Кытай: электромобилдерди чогулта турган завод куруу идеясы

    • Author, Айбек Абдылдаев & Алмаз Чороев
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматы

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун Кытайга мамлекеттик сапарында соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү боюнча орчундуу келишимдерге жетиштик деди экономика министри Олег Панкратов.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун Кытайга мамлекеттик сапары

Сүрөттүн булагы, official

Би-Би-Сиге берген маегинде экономика министри Олег Панкратов:

"Биздин соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү боюнча орчундуу келишимдерге жетиштик. Анын ичинде гранттык жардам көргөзүү маселеси боюнча да болду. Ушул сапардын жүрүшүндө макулдашууга кол коюлду, Кыргыз Республикасынын атынан мен кол койдум. Кыргызстанга гранттык жардам көрсөтүү жөнүндө сөз болуп жатат, болжол менен 600 млн юань көлөмүндө. Бул жолдорду куруунун үчүнчү фазасына кете турган, лаборатория курууга тийиштүү каражаттар да ушунун ичинде. Биздин продукцияны Кытайдын базарында сатуу үчүн бизге товарларды сертификациялоо тартибин өтүшүбүз керек. Ошондуктан фитосанитардык, ветеринардык көзөмөл жүргүзүү үчүн тийиштүү лаборатория керек. Андан сырткары биздин элибиздин тарыхый мурасын сактоо максатында археологиялык казууга да каражат каралды. Бул сапардын жүрүшүндө ошондой эле темир жол курууу маселесин да сүйлөштүк, бул көптөн бери келаткан маселе, бирок жакшы жылыштар бар",-деп айтты.

Ошондой эле кыргыз тарап маанилүү макулдашуулардын бири катары электромобилдерди чогулта турган завод куруу жөнундө сөз болгонун айтууда.

"Бул дүйнөдөгү жаңы тенденция. Бардык өлкөлөр бул багытта активдүү иштеп жатышат. Эгер биз бул макулдашууну ишке ашыра алсак, илимий-экономикалык прогресстин алдыңкы сабында болобуз. Бул оюбуз ишке ашат деп абдан үмүт кылабыз. Жалпылап айтканда бул кыргыз-кытай мамилесинде жаңы баскыч, биз стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине чыгып жатабыз. Кытай товар жүгүртүүнүн көлөмү боюнча биринчи орунга чыкты. Кытай ошондой эле инвестициялар боюнча да лидер болуп баратат. Ѳткөн жылы тилекке каршы инвестициянын көлөмү азайган учур болду, бирок биз бул жагынан дагы активдүү иштеп, кытайдын жеке менчик инвестициясын дагы тартабыз деп ойлойм",-дейт экономика министри Олег Панкратов.

Бул канчалык ишке ашарын азырынча айтуу кыйын. Бирок Кытай бул жаатта иш алып барып жаткан дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн бири.

Кыргызстанга болсо электр унаалары экономикалык жактан да, башка жагдайлардан улам дагы өтө пайдалуу болмок.

Экологиялык жагынан алганда эле соңку учурларда Кыргызстандын баш калаасы Бишкекте абанын булганып жатканына кабатырлануулар күчөдү. Экологиялык кызмат абаны булгаган зыяндуу заттардын 90 пайызын автоунаалар чыгарып жатканын билдирип келет.

Айрым парламентарийлер электр унааларын көбөйтүүнү сунуштап чыгышкан эле.

Электр унаалары Кыргызстан үчүн канчалык реалдуу?

Өткөн жыл соңундагы өкмөт алдындагы Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин маалыматына караганда, Бишкектеги абага жылына 240 миң тонна булганыч заттар тарап жатат, анын 180 миң тоннасын автоунаалар бөлүп чыгарууда. Ошондуктан 2019-жылдан тартып бештен төмөнкү экологиялык класстагы автомобиль бензиндерин жана дизель майларын сатууга чыгарууга жана пайдаланууга тыюу салуу жагы каралууда.

Видеонун түшүндүрмөсү, Бишкектеги электр унаасы

Айрым активисттер көйгөйдү чечүүнүн бир жолу катары ири шаарларда электр унааларды көбөйтүүнү сунуштап жатат. Зарылбек Нышан уулу ушундай үлгүдөгү унааны Бишкекке алып келген:

"Баарыбыз абалды көрүп, анын көйгөйүн түшүнүп турабыз. Бирок башка бирөө келип биздин маселебизди чечип бере тургандай, бир нерсени күткөндөй эле жүрөбүз. Ошондуктан ар бир жаран колунан келгенин кылса, маселенин чечилишине таасирин тийгизмек. Маселен, биз мурда зыяндуу заттарды абдан аз бөлүп чыгарган Toyota гибрид унаасын алып келгенбиз. Себеби унаадан чыккан зыян канчалык аз болгон сайын бизге ошончо пайдалуу экенин көрсөтөлү дегенбиз. Эми болсо "Ниссан" үлгүсүндөгү электр унаасын алып келдик. Негизи унаа толугу менен электр энергиясын алгандан кийин 160 чакырымга чейин жүрөт экен. Калганына дагы 2,5-3 сааттын ичинде кайра электр кубатын алат. Мындай унаалар Орусия, Казакстанда көбөйүп жатат. Аларда ушундай үлгүдөгү унааларга электр кубатын толуктап бере турган жайлар ачылган. Андай атайын жай бизде да болсо, 2-3 саат электр кубатын толтуруп олтурбайсың, анда аны 10-15 мүнөттүн ичинде толуктап алып андан ары сапарыңды уланта бересиң. Биринчиден, чыгымдары абдан аз болот, экинчиден абага зыяны тийбейт. Анткени бул унаада эч кандай май жок экен".

Ишкердин айтымында, унааны АКШдан алып келишкен, 2014-жылы чыгарылган бул унаанын баасы 11 миң долларга түшкөн.

Электр унаа

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Өкмөт жакында Бишкектеги кичи автобустардын ордун газ менен жүргөн автобустарга алмаштыруу планын жарыялады. 2019-жылдан тартып бештен төмөнкү экологиялык класстагы автомобиль бензиндерин жана дизель майларын сатууга чыгарууга жана пайдаланууга тыюу сала баштайт.

Ошол эле учурда мурда алып салынган техникалык кароону кайра киргизгени жатат. Бирок байкоочулар өкмөттүн бул аракетин кайра эле паракорчулукту күчөтөт деп сынга алууда.

Булганган аба дүйнөнүн көйгөйү

аба булганган аймак

Сүрөттүн булагы, DOMINIQUE FAGET/AFP/Getty Images

Өткөн жылы Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Жер планетасында ар бир он тургундун тогузу аба булганган аймактарда жашайт деп эскерткен.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун докладында кырдаал өзгөчө түштүк-чыгыш Азияда жана Тынч океан аймагынын батышында, анын ичинде Кытай, Малазия жана Вьетнамда курч болуп жатат.

Көйгөй шаарларда курч бойдон калууда, бирок айылдардагы абал көптөр ойлогондой таза эмес, кескин начарлоодо дейт уюмдун эксперттери. Уюм спутниктен алынган анализдер жана абаны текшерүү аркылуу жыйынтык чыгарган. Алар дүйнөн жүзүнүн 3000дей аймагында иликтөөлөрүн өткөргөн.

ДСУ маалыматында жер шаарындагы ар бир тогузунчу өлүм бул булганган абанын кесепети, анын ичинде имараттын ичиндеги абал туралуу да сөз болууда. Мындай абал өзгөчө жакыр өлкөлөрдө кооптуу, анткени тамак даярдоодо ал өлкөлөр дагы деле көмүрдү колдонуп келишкенин айтат.

Эксперттердин баасында 2012-жылдан бери атмосферанын булганышы үч миллион чукул кишинин өмүрүн алды.

Дүйнө абаны булгаган унаалардан арылат

Volkswagen чыгарган электр унаасы.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Volkswagen чыгарган электр унаасы.

Электр кубаты менен жүргөн унааларды көбөйтүү дүйнөдөгү көп өлкөлөрдүн алдындагы максат. Көп унаа чыгарган компаниялар дагы бул жаатта атаандаштык менен иштеп келе жатышат.

Маселен, дүйнөлүк ири унаа өндүрүүчү Volkswagen 2030-жылга карата электр унааларын чыгарууга миллиарддаган доллар акча саларын убада кылган. Мындан мурун компанияга абаны булгаган унааларды чыгарат деген дооматтар айтылган. Учурда аталган компания электр унаасын чыгаруу үчүн 20 млрд евродон ашуун каражат сарптоого ниеттенип турат.

Tesla жана башка ушундай үлгүдөгү унааларды чыгарууга далаалат кылып жаткан компанияларга атаандаш болуу үмүтү бар.

Абанын булганышына каршы иш-чаралардын негизинде, Улуу Британия менен Франция 2040-жылга барып күйүүчү май менен жүргөн унааларды колдонуудан чыгарууга аракет кылууда.

Ушундай эле кадамга Кытай дагы бара жатат.

Көп өлкөлөр дизель жана бензин менен жүргөн унааларга тыюу салуу планын жарыялашкандан кийин BMW, VW, Mercedes жана башка унаа өндүрүүчүлөр приоритеттерин өзгөртүүдө.