"Калашников" ишканасынын "Суперкар" электр унаасы "Тесла" менен атаандашат

Сүрөттүн булагы, AFP/Getty Images
"Калашников" ишканасы 1970-жылы ИЖ-21252 "Комбинин" базасында түзүлгөн электромобилди тааныштырды. Келечекте ал "Тесла" унааларына атаандаш боло алат дешүүдө.
Атактуу АК-47 автоматын чыгарган ишкана "Суперкар" электр унаасын Москва шаарында көрсөттү.
"Tesla электромобилдерине атаандаш болуу ниетибиз бар. Себеби биз алектенип жаткан долбоор электр унаалары тармагында ийгиликтүү деп саналат. Биз башкалардан кем калбаган орус электр унааларын чыгарабыз", -деди ишкананын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн башчысы София Иванова.
"Калашниковдун" айтымында, "Суперкар" унаасы электр энергиясын толук алгандан кийин 350 чакырымга чейин жүрө алат жана башка атаандаштарына салыштырмалуу тез ылдамдыкта жүрмөкчү.

Сүрөттүн булагы, ITAR-TASS
Москвада унаанын биринчи гана үлгүсү көрсөтүлгөндүктөн, азырынча анын баасы так айтылган жок. Ошондой эле унаанын техникалык мүнөздөмөлөрү жөнүндө да эч кандай маалымат чыкпады.
2016-жылы "Тесла" 7 млрд. доллар киреше тапса, "Калашниковго" 27 эсеге аз акча түшкөн.
"Калашников" ишканасы товарлардын түрүн кеңейтип - кийим, кол чатыр, уюлдук телефондорго кап сыяктуу буюмдарды дагы чыгара баштаган.
Бирок ишкананын электр унаа чыгаруу демилгесине сын пикирлер да айтылууда. Айрымдар коомдук тармактарда "Калашников" ишканасын аскердик техниканы өндүрүүнү улантууга чакырууда.

Сүрөттүн булагы, Kalashnikov Media
Аптанын башында "Калашниковдун" бою төрт метр, салмагы төрт жарым тонна болгон "Игорек" роботу дагы элге көрсөтүлдү. Ишкананын бул демилгеси дагы кескин сынга кабылды. Атаандаш компаниялар чакан, жеңил робот чыгарып жатканда, компаниянын "эски дизайн" менен робот чыгарганы күлкү келтирээрлик деп айтылды.
"Калашников" 2020-жылы роботтун жаңыланган түрүн көрсөтмөй болду.
Электр унаалары Кыргызстан үчүн канчалык реалдуу?
Кыргызстандын баш калаасы Бишкекте абанын булганып жатканына кабатырлануулар күчөдү. Экологиялык кызмат абаны булгаган зыяндуу заттардын 90 пайызын автоунаалар чыгарып жатканын билдирди. Ѳкмөт алдындагы Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин маалыматына караганда, Бишкектеги абага жылына 240 миң тонна булганыч заттар тарап жатат, анын 180 миң тоннасын автоунаалар бөлүп чыгарууда.
Ошондуктан 2019-жылдан тартып бештен төмөнкү экологиялык класстагы автомобиль бензиндерин жана дизель майларын сатууга чыгарууга жана пайдаланууга тыюу салуу жагы каралып жатат.
Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
YouTube посттун аягы
Айрым активисттер көйгөйдү чечүүнүн бир жолу катары ири шаарларда электр унааларды көбөйтүүнү сунуштап жатат. Зарылбек Нышан уулу ушундай үлгүдөгү унааны Бишкекке алып келген:
-Баарыбыз абалды көрүп, анын көйгөйүн түшүнүп турабыз. Бирок башка бирөө келип биздин маселебизди чечип бере тургандай, бир нерсени күткөндөй эле жүрөбүз. Ошондуктан ар бир жаран колунан келгенин кылса, маселенин чечилишине таасирин тийгизмек. Маселен, биз мурда зыяндуу заттарды абдан аз бөлүп чыгарган Toyota гибрид унаасын алып келгенбиз. Себеби унаадан чыккан зыян канчалык аз болгон сайын бизге ошончо пайдалуу экенин көрсөтөлү дегенбиз. Эми болсо "Ниссан" үлгүсүндөгү электр унаасын алып келдик.
-Тоолуу өлкөдө электр унаасынын ыңгайлуулугу кандай болот экен?
-Негизи унаа толугу менен электр энергиясын алгандан кийин 160 чакырымга чейин жүрөт экен. Калганына дагы 2,5-3 сааттын ичинде кайра электр кубатын алат. Мындай унаалар Орусия, Казакстанда көбөйүп жатат. Аларда ушундай үлгүдөгү унааларга электр кубатын толуктап бере турган жайлар ачылган. Андай атайын жай бизде да болсо, 2-3 саат электр кубатын толтуруп олтурбайсың, анда аны 10-15 мүнөттүн ичинде толуктап алып андан ары сапарыңды уланта бересиң. Биринчиден, чыгымдары абдан аз болот, экинчиден абага зыяны тийбейт. Анткени бул унаада эч кандай май жок экен.
______________________________
Ишкердин айтымында, унааны АКШдан алып келишкен, 2014-жылы чыгарылган бул унаанын баасы 11 миң долларга түшкөн. Негизи 15-16 миң доллардын тегерегинде сатылат.
Өкмөт жакында Бишкектеги кичи автобустардын ордун газ менен жүргөн автобустарга алмаштыруу планын жарыялады. 2019-жылдан тартып бештен төмөнкү экологиялык класстагы автомобиль бензиндерин жана дизель майларын сатууга чыгарууга жана пайдаланууга тыюу сала баштайт.
Ошол эле учурда мурда алып салынган техникалык кароону кайра киргизгени жатат. Бирок байкоочулар өкмөттүн бул аракетин кайра эле паракорчулукту күчөтөт деп сынга алууда. (AT)








