Кытайда селден 12 адам каза болду, 200 миң киши эвакуацияланды

сел каптаган учур

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Кытайдын борбордук бөлүгүндө нөшөрлөп жааган жамгырдын натыйжасында пайда болгон селден улам 12 адам мерт болуп, 200 000ден ашуун жашоочу үйлөрүнөн башка жакка көчүрүлдү.

Селден Хенан провинциясындагы ондон ашуун шаар жана провинция борбору Чжэнчжоу дагы жабыр тартты. Интернетке тарап кеткен видеодон жолдордо жана станцияларда суу адамдарды көкүрөктөрүнө чейин каптаганын көрүүгө болот.

21-июлда Кытай президенти Си Цзинпин “суу ташкынын алдын алуу аябай катаал болгонун” жана ал “критикалык баскычта” экенин билдирди.

Ошондой эле ал сел “адамдардын өлүмүнө жана мүлктөрдүн кыйроосуна” себеп болгонун кошумшалап, баардык мекемелерге “адамдардын жана мүлктөрүнүн коопсуздугуна” артыкчылык берүүсү боюнча көрсөтмө бергенин Синхуа мамлекеттик маалымат агенттиги жазып чыкты.

94 миллиондой калк жашаган Хенан провинциясынын бийлиги аба ырайына байланыштуу эң жогорку деңгээлдеги эскертүүсүн жарыялады. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бул суу ташкынын “100 жылда бир келе турган” окуя деп атады.

Селдин кесепети канчалык оор болду?

Жамгыр дем алыш күндөрү нөшөрлөп жаап, шейшемби күнү күчөп кеткен.

Шейшемби күнү кечинде Хенан провинциясындагы Чжэнчжоу жана башка аймактарда сел катуу жүрө баштаган. Интернетке чыккан маалыматтарда адамдарды шар аккан суу агызып баратканы жана машина менен ар кандай таштандылар суу каптаган жолдордо калкып жүргөнү кабарланган.

Бир нече плотиналар менен суу сактагычтар кооптуу деңгээлге чейин көтөрүлүп, жээктери ашып кеткен дарыялардагы суунуну агымын буруу үчүн аскерлер дагы мобилизацияланган. Хенандын көптөгөн аймактарындагы аба каттамдары жана темир жол байланыштары дагы токтотулган.

Жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлагандай, Чжэнчжоудо 700дөй жүргүнчү жок эле дегенде 40 саатка вагондун ичинде камалып калган. Аларга башында азык-түлүк берилгени кабарланганы менен азыр тамак-аш жетишсиз болуп атканы айтылууда.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Би-Би-Си тышкы сайттардын мазмуну үчүн жооп бербейт.

X посттун аягы

Би-Би-Си тышкы сайттардын контенти үчүн жооп бербейт.

Чжэнчжоу ооруканасынын алдындагы бейтапканада шейшемби күнү кечинде жарык кыска убакытка өчүп калган. Чжэнчжоу муниципалдык партия комитетинин Weibo сайтындагы билдирүүсүнө ылайык, жарык азыр кайра калыбына келтирилген.

Анда кошумчалангандай, 600дөй катуу ооруган бейтап башка жерге которулган.

Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, катуу шамалдан улам Лоян шаарындагы плотинада 20 метрдей жарака пайда болгон. Аскерлер аталган аймакка тартылып, аскер кызматынын билдирүүсүндө плотина “качан болбосун бузулуп кетери” мүмкүн экени эскертилген.

Европадагы суу ташкыны

Өткөн аптада тынбай жааган жамгырдан улам Батыш Европадагы бир нече мамлекеттерде дагы сел жүргөн.

Германия, Белгия, Люксембург, Нидерланддар жана Швейцариянын айрым аймактары суу ташкынынан жабыр тарткан.

Немис метеорология кызматынын маалыматы боюнча, 12синен 15-июлга чейин жамгыр нөшөрлөп жаап, суу ташкынына алып келген. 72 саатта жааган жамгырдын көлөмү айрым аймактарда 182 мм ашкан.

Германиянын селден катуу жабыркаган Көлн шаарында 14-июль күнү 153 мм көп жаан жааган. Бул адатта жааган жаандан алты эсеге көп көлөмдү түзөт дегенди билдирет.

Куткаруучулар жолду чөккөн машинелерден тазалашууда

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Куткаруучулар жолду чөккөн машинелерден тазалашууда

Селдин кесепетинен улам Германияда жок эле дегенде 160 адам каза таап, 170тен ашуун тургундун дайыны табылбай жатат. Ал эми Белгияда болсо 22 адам мерт болгон.

Аймактагы суу ташкынына нөшөрлөгөн жамгыр себеп болду десе, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү аны климаттын өзгөрүүсү менен байланыштырууда.

Түндүк Рейн-Вестфалия аймагынын премьер министри Армин Лашет суу ташкынынан жабыркаган аймакка барган учурда табият кырсыгын жердин ысышына шылтаган.

“Мындай окуяларга туш боло беребиз. Бул климатты коргоо чараларын күчөтүүбүз керек экенинен кабар берет... себеби климаттын өзгөрүүсү бир эле өлкө менен чектелбейт”, — деген ал. (EA)