Күн сайын пайдаланган кайсы азык-түлүктөр жетишсиз боло баштайт?

Күн сайын пайдаланган кофе, эт жана татымалдар климаттын өзгөрүүсүнөн жана өзгөргөн табиттен улам өтө кымбат азык-түлүк болуп калышы ыктымал.
Кайсы азык-түлүктүн кол жеткис болушун эмне аныктайт? Жетишсиздик менен нарк маанилүү ролду ойнойт эмеспи.
Көптөгөн мөмө-чөмөлөр менен жер жемиштер мурда жетишсиз болчу. Кулпунай жана малина сыяктуу мөмөлөр жай мезгилинде гана жеткиликтүү болуп келген болсо, азыр аларды жыл бою сатып ала алабыз.
“Бул кымбат жана кол жеткис азык-түлүк түшүнүгүн өзгөртүүдө”, - дейт Питер Александр. Ал Эдинбург университетинде глобалдык айыл-чарба жана азык-түлүк коопсуздугу багытында изилдөөчү болуп иштейт.
Жетишсиз жана кол жеткис азык-түлүктү издөөгө болгон кызыгуубуз Жер планетасына кымбатка түшүүдө. Белгилүү бир балыктын же деңиз жаныбарынын түрлөрү жетишсиз болуп жатса, баа да өсө берет.
Аларга адамдар баа берген сайын балыктардын калганын кармоо да күчөп, натыйжада жаныбарлардын жок болуусуна алып барышы мүмкүн экенин айтат Индиана университетинин антропология багытындагы ардактуу профессору Ричард Уилк.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Азык-түлүккө берген баабызды аны кайда жана качан жегенибиз да аныктайт.
“Тамак жеген шарт каалоону жаратуу үчүн чынында маанилүү”, - дейт Глазго университетинин социалдык психология багытында профессору Эстер Папис. Ал кол жеткис кымбат азык-түлүктөр көбүнчөсү өзгөчө бир окуялар, мисалы, ресторанда тамактануу же майрамдар менен айкалыштырыларын белгиледи.
Изилдөөлөр көрсөткөндөй, кымбат азык-түлүк менен айкалышкан чөйрө тамактын же суусундуктун кызыгын арттырып, ага адамдар көбүрөөк акча төлөгүсү келе берет. Жакында эле чыккан изилдөөдө эгерде адамдар сушини көл жээгинде эмес, ресторанда жесе, сушиге болгон каалоосу күчөгөнүн аныктаган.
Тамакты башкалар менен бөлүшүп жеген жылуу учурлар дагы адамдардын белгилүү бир азык-түлүктөргө берген маанисине таасир этерин айтат Папис. Мисалы, Жаңы жыл майрамында кол жеткис тамак-аштар көбүнчө достор жана үй-бүлө менен бөлүшүлөт.
Коронавирус пандемиясы учурунда башкалар менен тамак-ашты бөлүшүп жегендиктин өзү эле кол жеткис байлыкка айланганын белгилейт тамак-аш боюнча тарыхчы Поли Рассел.
Дагы кайсы азыктар кол жеткис болуп калат?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Тарыхый жактан алганда айрым азык-түлүктөр, мисалы, кофе, шоколад жана татымалдар бир убактарда кол жеткис болуп келген болсо, бүгүнкү күндө алар көптөгөн өнүккөн өлкөлөрдө супермаркеттерде тизилип турат.
Бирок күндүн ысышы жана көп катталган кара нөшөр алдыңкы жылдарда жагдайды өзгөртүп салышы ыктымал.
Майя цивилизациясы туу чокусуна жетип турган кезде какао буурчактары баалуу акча болчу. Аны жумушчуларга кызмат акысын төлөө үчүн колдонушкан жана базарда товар сатып алуу үчүн соодалашкан.
Испаниялык соодагерлер какаону Европага алып келишип, ал королдордун короосунда белгилүү бир таттууга айланган.
Кофе мурда Эфиопияда диний жөрөлгөлөрдө колдонулган белгисиз азык болгон. Кийин Батыштагы соодагерлер даамдуу ичимдикти өздөрүнүн өлкөлөрүнө 17-кылымда алып келишкен. Аны жүк ташуучулардын, ортомчулардын жана сүрөтчүлөрдүн арасында белгилүү болгон кофеканаларда сунушташчу. Голландиялыктар көчөттөрдү алгандан кийин кофе өстүрүү дүйнө жүзүнө тез эле тарап, күн сайын колдонулган ичимдикке айланды.
Бүгүнкү күндө шоколад менен кофе кайрадан кымбаттап жана жеткиликсиз болуп калуу коркунучунда.
“Шоколад менен кофе экөө тең климаттын өзгөрүүсүнөн улам таңкыс болуп, кол жеткис азыкка айланышы мүмкүн”, - дейт Моника Зурек. Ал Оксфорд университетиндеги Жаратылыштын өзгөрүүсү боюнча институтта изилдөөчү болуп иштейт.
2013-жылы жүргүзүлгөн изилдөөгө ылайык, эгерде глобалдык температура 2C ысый турган болсо, Гана менен Кот-д'Ивуардагы жердин чоң бөлүгү какао өстүрүү үчүн жараксыз болуп калышы ыктымал.
“Какао мурда королдор үчүн эле арналып келген. Климаттын өзгөрүүсү айдоо жерлерине катуу зыян тийгизип жатат… ал кайрадан кол жеткис азыкка айланышы мүмкүн”, - дейт Зурек.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
2015-жылы жүргүзүлгөн изилдөөгө ылайык, климаттын өзгөрүшү 2050-жылга чейин дүйнө жүзү боюнча кофе өстүрүү үчүн пайдаланылган жердин жарымын кыйратышы ыктымал.
Дагы башка изилдөөдө Латын Америкадагы кофе өстүрүүгө ылайыктуу жерлер күндүн ысышынан улам 2050-жылга чейин 88% кыскарышы мүмкүн экени айтылат.
Миңдеген жылдардан бери татымалдар байлыктын жана бийликтин белгиси болуп келген. Жыпар жыттуу татымалдарга болгон талап эң алгачкы глобалдык соода жолдоруна чыйыр салып, ири империяларды түптөгөн жана дүйнөлүк экономиканы аныктап калган.
Бүгүнкү күндө татымалдар бардык жерде кеңири колдонулуп, супермаркеттердин текчелериндеги эң арзан товарларга айланды. Бирок алар дагы кол жеткис азыкка айланып калышы мүмкүн экенин айтат Зурек.
Татымалдардын түшүмү климаттын өзгөрүшүнөн улам эбак эле оорлошо баштаган. Нөшөрлөп жааган жамгыр менен абанын нымдуулугу мите биттер сыяктуу курт-кумурскалардын жана ар кандай оорулардын көбөйүшүнө шарт түзүүдө. Индиянын эң ири шафран өстүргөн аймагы Кашмирде кургакчылыктан улам сыя түстүү өсүмдүктүн түшүмүн зыянга учураткан.
Мадагаскарда ванил өндүрүү акыркы жылдардагы адаттан тыш аба ырайыдан жабыр тарткан. Бороон 2017-жылы аралдагы түшүмдүн 30% кыйратып, ванилдин бир килограммы $600 чейин жеткен. Бул татымалды аз убакытка болсо да күмүштөн да кымбатташына алып келген.
Эттен алыстоо
Көптөгөн адамдардын күнүмдүк турмушунда пайдаланылган эт дагы алдыңкы жылдарда кол жеткис азык-түлүккө айланып калышы мүмкүн. Анткени, көп адамдар көмүртек издерин азайтуу үчүн бара-бара өсүмдүккө негизделген тамак-ашка өтүп жатканын айтат Моник Раатс. Ал Суррей университетинин Азык-түлүк, керектөөчүлөрдүн жүрүм-туруму жана саламаттыгы боюнча борбордун директору.
Ошондой эле, дүйнө калкынын саны көбөйө баштагандыктан адамдарга эт өндүрүшү үчүн колдонулган айыл-чарба жерлери жетишсиз болуп калышы ыктымал.
“Эт керектөө коомдо жакшы кабыл алынбай, чылым чегүү менен бирдей көрүлүп калышы мүмкүн. Ошентип, досторуң менен бургер жеген дагы жагымдуу болбой калган чекке жетиши ыктымал”, - дейт Эдинбург университетинде иштеген Питер Александр.
Бирок Глазго университетинде эмгектенген Эстер Папистин айтымында, аталган чекке жетип баруу оңой болбойт. “Эт жегендик - бул норма. Ал улуттук иденттүүлүкттүн бир бөлүгүнө айланат. Андан баш тартуу оңой болбойт”, - дейт ал.
Этсиз тамак-аштарды жарнамаларда жана дүкөндөрдө көбүрөөк көрсөтүү көптөгөн вегандар менен вегетариандарга баштан өткөргөн иденттүүлүк күрөшүндө жардам берерин айтат Папис. “Бул алар үчүн бир аз адилеттүүрөөк болмок”. (EA)
Макала айрым кыскартуулар менен которулду. Макаланын түп нускасын BBC Future сайтынан окуңуз.












