"Пицца жегенден кийин төрт саат жөө басуу керек"

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Майкл Робертс
- Role, Медицина маселеси боюнча кабарчы, BBC News online
Британия окумуштуулары азык-түлүк өндүргөн компанияларга кайрылып, товардын сыртына калорийдин көрсөткүчү менен бирге тамакты сиңирүү үчүн канча саат кыймылдаш керек экенин так жазууга чакырды.
Учурда ар түрдүү кошулмалар менен тамак-аш даярдалууда. Аны сиңирүү организм үчүн оңой эмес. Маселен, пицца жегенден кийин төрт саат жөө басуу керек, болбосо бир эле шоколаддагы калорийди жок кылууда 22 мүнөт жүгүрүүгө туура келет. Тамакты организм сиңире албаса, ал майга айланып, ашыкча салмак пайда болот.
Окумуштуулар калорийди жок кылуу үчүн канча кыймыл-аракет жасалышы керектигин так жазуу - көп учурда кишилерди туура тамактанууга көндүрөт деп айтууда. Мунун алар изилдөө аркылуу аныктап, ири компанияларга сунуш менен кайрылды.
Британиянын өкмөтү коомдогу ашыкча салмак менен күрөшүүдө бир нече жылдан бери туура тамактануу, сергек жашоо образын даңазалап, атайын иш-чараларды уюштурууда.
Лафборо университети 14 башка изилдөөнү анализдеп, тамакты сиңирүү үчүн канча саат кыймыл-аракет керек экенин так окуган кишилер күн сайын 200 калорийге азырак тамак-аш жегенин аныктады.
Калорий тууралуу
- Азык-түлүк же суусундуктагы энергиянын көлөмү калорий (kcal) менен өлчөнөт
- Организм кадыресе иштөө үчүн эркек кишиге күнүнө 2,500 kcal жана аялга 2,000 kcal жетиштүү
- Органимзге керектелген калорийден көп тамактануу ашыкча салмакка алып барат
- Күн сайын жетиштүүдөн бир аз көбүрөк калорий тамактануу дагы таасир этет

Британияда бойго жеткендердин үчтөн экиси ашыкча салмактуу. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 1975-жылдан бери ашыкча салмактуулар саны үч эсеге өскөнүн айтып келүүдө. Абройлуу Lancet журналы Европа жана Түндүк Америкадагы эрте өлүмдүн биринчи себеби чылым тартуу болсо, андан кийинки эле орунда ашыкча салмак турарын жазып чыккан.
Орточо эсеп менен алганда, салмагы нормада жүргөн кишиге караганда ашыкча салмактуулар үч жылга эрте каза болот. Мындан да олуттуу учурда өмүр 10 эсеге чейин кыскарышы ыктымал.
Андан тышкары, окумуштуулар ашыкча салмак рактын бир нече түрүнүн өөрчүшүнө алып келет деген тыянакка келген. Британдык кайрымдуулук уюмунун (Cancer Research UK) изилдөөсүнө ылайык, ичегинин, бөйрөктүн, жыныс безинин жана боордун рагынын негизги себеби семиздик же ашыкча салмактан улам деп айтылат.

Ашыкча салмак канчалык көп болсо, ракка кабылуу кооптуулугу дагы ошончолук. Анан дагы көп убакытка чейин ашыкча салмакта жүрүү дагы рак илдетинин өөрчүшүнүн себеби болуп калат.
Профессор Аманда Дэйлей "адам баласы канча калорий жеп жатканын түшүнбөй деле калат. Бул жерде диета жөнүндө сөз кылган жокпуз, жарандар эмне жеп жатканын жана анын ден-соолукка таасири жөнүндө сөз болуп жатат. 500 калорий таттууну жесеңиз, аны сиңирүү үчүн 50 мүнөт жүгүрүшүңүз керек. Аны так билген киши, ушуну жебей эле коёюн деген чечимге келет" деп айтты.
Калктын саламаттыгы боюнча Королдук бирикме тамак-аш, суусундук өндүргөн компанияларга кайрылуу жасады. Бирикме компаниялар өндүргөн тамак-ашынын сыртына аны сиңирүүгө кандай кыймыл-аракет жасалышы керектигин так көрсөтүүнү сунуштаган. Бирок мындай ыкманы айрымдар сынга алып жатышат.
"Айрым кишилер кандайдыр бир илдет менен жабыркайт. Алар мындайды окуса эмне болот. Ошол эле учурда ашыкча салмактан арылам деп өтө эле көп машыгып, психологиялык илдеттерге кабылгандар бар. Мындай ыкма аларга дагы терс таасир этет",-дейт психолог Том Квинн.
Дарыгерлердин ашыкча салмактын кесепети тууралуу эскертүүлөрү көп учурда сынга кабылып жатат. Айталы, айрым жарнамалар кескин сын пикирлерди жаратып, кемсинтүү катары дагы кабыл алынган учурлар бар. (AT)












