Оор артиллерия: Дүйнө жүзүндөгү армиялар ашыкча салмак менен күрөшүүдө

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жакында эле Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёв ашыкча салмактагы милиция кызматкерлерин сындап, "алты айдын ичинде арыктагыла же иштен алынасыңар" деген эскертүү берген.
Көрсө, бул көрүнүш Өзбекстан же Кыргызстан сыяктуу өлкөлөргө гана тийиштүү эмес экен. АКШнын армиясы да ашыкча салмак менен күрөшүп жатканын билдирди.
2018-жылы жарыяланган изилдөө америкалык аскерлердин 66 пайызы ашыкча салмакта болгонун аныктаган. АКШ армиясы жоокердин бою жана дене массасынын индексин аныктап, аскер ашыкча салмактабы же жокпу эсептеп чыгат.
Ал аз келгенсип, ашыкча салмактан улам армияга кабыл алынган жаштардын саны да азайып жатыптыр. АКШ армиясы жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, 2017-жылы 16-24 жаштагы жигиттердин 11 пайызы гана армияга барууга кызыккан. Бирок алардын үчтөн бири ашыкча салмакта болгону үчүн армияга кабыл алынган эмес.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кытайдагы чоң көйгөй
Өткөн жылы Кытай армиясына таандык гезит армияга кызмат өтөгөндү каалаган жаштарды сындап, алар "тез татым тамак-аш менен мастурбацияга гана кызыгат" деген мүнөздөмө берген.
Жаштардын көбү армиянын дене тарбиялык даярдык боюнча сыноосунан өтпөй калган.
"Алар бир күн кечке жылбай отуруп компьютер ойношот. Тез татым азыктарын жейт жана оюнда бир гана мастурбация. Физикалык даярдыгы абдан начар" деп жазылат гезитте.
Кытай армиясы физикалык даярдыктын сыноосу өтө деле оор эмес экенин айтууда. Ага карабастан 2017-жылы жаштардын 20 пайызы сыноодон өтпөй калган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Британиянын "тарыхтагы эң семиз мууну"
Британиянын аскерлери да толук болгондуктан, армияда жоокерлерге тез татым тамак-аш сатып алууга тыюу салынган. Кызыгы, өткөн жылы ноябрда өткөн аскердик фестивалда офицерлер жоокерлерди кайтарып турду.
Журналисттер армиянын буйругун ашкерелегенде, Коргоо министрлиги эл алдында жоокерлердин имиджине кабатыр болгонун билдирген. "Форма кийип турган жоокер тез татым тамагын жеп турганы жагымсыз көрүнүш" деп айтылат Британ армиясы тараткан кайрылууда.
Коргоо министрлиги аскерлердин 10 пайызы ашыкча салмакта экенин маалымдаган. Лорд МакКолл армиядагы ашыкча салмак көйгөйүнө токтолуп, учактар жана суу алдындагы кемелер келечекте толук жоокерлерге ылайыксыз болуп калышы мүмкүн экенин парламентте билдирген.
Буга чейин Британ окумуштуулары миллениалдердин (1980-1990-жылдары төрөлгөндөр) 70 пайызы орто куракка келегенде ашыкча салмактан улам жапа чегет деген тыянак чыгарган. Салыштыруу үчүн "бэби-бумерлердин" (Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки төрөлгөн кишилер) жарымы гана ашыкча салмакта болгон.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Индиянын ашыкча салмак менен күрөшү
Индиянын армиясы апрель айында ашыкча салмак боюнча эрежелерин өзгөрттү. Ага ылайык, толук офицерлер жана жоокерлер чет өлкөдөгү миссияларга жөнөтүлбөйт жана карьералык тепкичте да жылдырылбайт.
2016-жылы жарыяланган изилдөөгө ылайык, Индия армиясынын үчтөн бири толук. Ашыкча салмак менен күрөшүү үчүн Коргоо министрлиги жоокерлердин физикалык даярдыгын байма-бай текшерип турмакчы.
"Аскерлер ашыкча салмак үчүн жапа чекпесин деп жатабыз. Андан тышкары ашыкча салмак аскердик операцияларга да тоскоолдук жаратат",-деди Индиянын армия башчыларынын бири.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ашыкча салмак Испания менен Мексиканын армиясына да чоң көйгөйгө айланды. Өткөн жылы Испаниянын La Legion аттуу белгилүү аскер батальону парад учурунда сынга кабылган. Коргоо министрлиги үч миң аскердин физикалык даярдыгын текшерип, батальон аскерлеринин алты пайызы толук экенин аныктаган. Алар тез арада арыктоого аргасыз болушкан.
Мексика болсо 2015-жылдан бери ашыкча салмак менен күрөшүп келет. Коргоо министрлиги төрт жыл мурун эткээл болгону үчүн 1300 офицерди кызматтан алган.
Аскерлер эмнеге семирип жатат?
Армияда жоокерлердин жана коопсуздук кызматкерлеринин физикалык даярдыгы мыкты болушу керек деген түшүнүк бар. Бирок иш жүзүндө толук жоокерлер же милиция өкүлдөрү абдан көп.
Окумуштуулар коопсуздук кызматкерлери стресске жана кооптуу жагдайга көп кабылып, чала уктаганы үчүн ашыкча салмакта болуп жатышат деп билдирүүдө.
Түнү менен иштеген адамдар ашыкча салмак кошот. Кеч киргенден кийин организм май жана кантты сиңире албай калат. Дени карды соо киши деле бир нече түн чала уктаган болсо, диабет оорусуна жана ашыкча салмакка туш болот. (AT)












