Туура тамактануунун төрт алтын эрежеси
Дүйнөдө ашыкча салмак менен жашаган 1,9 миллиард адам бар. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына таянсак, 1975-жылдан бери ашыкча салмакка кабылгандар саны үч эсе көбөйгөн.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Туура тамактанууга жардам бере турган жөнөкөй эле ыкмалар бар. Йель университетинин окумуштууларынын айтымында, биздин диета, аны менен бирге биздин салмагыбыз дагы тамак тууралуу кандай ойлонгонубузга байланыштуу.
Алар эксперименталдык жол менен ашыкча тамак жеген адатка каршы ойду өзгөртүү ыкмаларын өткөрүшкөн. Алардын кээ бирлери натыйжалуу жыйынтыктарды берди.
1. Ден-соолукка пайдалуу болбогон тамак тууралуу терс ойлор

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Изилдөөлөрдүн биринде катышуучуларга белгилүү бир тамакка алты секунд бою карап, аларга жакпаган нерсеге концентрация болуу тапшырмасы берилди.
Катышуучулардын тамакты өтө калориялуу деп ойлоосу шарт эмес эле. Алар болгону тамактын жагымсыз даамын элестетсе болмок.
Андан кийин катышуучулардан алар жаңы эле жаман ойлор менен караган тамагына болгон кызыгуусун сурашты. Жыйынтык көзөмөл группаныкына караганда, орто эсеп менен 20 пайызга аз болгон.
Пайдасыз тамакка болгон кызыгуу менен күрөш - ашыкча салмак менен күрөштүн маанилүү бөлүгү болуп эсептелет. Анткени майлуу, туздуу же шекердүү азык-түлүктөргө болгон психологиялык тартылуунун деңгээли адамдын диеталык адаттарын аныктайт.
2. Пайдалуу тамак тууралуу жакшы ойлор

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жогоруда айтылган эксперименттен кийин окумуштуулар ага карама-каршы болгон экинчисин үргүзүштү. Катышуучулар алты секунд пайдалуу тамакка карап, ал тууралуу жакшы ойлонушту.
Бул дагы натыйжа берди. "Жакшы ойлонгондордун" туура тамактанууга болгон тартылуусу көзөмөл группаныкына карганда 14 пайызга жогору болгон.
Демек, тамак тандоодон мурда болгону алты секунд ойлонуу менен биздин тандообуз пайдалуу тамак тарабына өтөт деп айта алабыз.
3. Мээни зыяндуу жана пайдасыз азыктарга каршы машыктыруу

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Йель окумуштуулары мээни алдынала пайдалуу тамакты тандоого үйрөтүү мүмкүнбү дегенди аныктоого аракет кылышты.
Эксперимент мындай болгон: катышуучулар тез татымдын (фастфуд) зыяны тууралуу бир нече макала окуп, андан кийин 15 мүнөт зыян тамактын залакасы тууралуу ойлонушту.
15 мүнөттүн ичинде катышуучулар ар кандай жогору калориялуу азыктардын сүрөттөрүн көрүп, алардын зыянын элестетип отурушту.
Бир нече убакыттан кийин аларга зыяндуу же пайдалуу азыктын бирөөсүн тандоо сунушталды. Эксперименталдык топтогулар пайдалуу азыкты көзөмөл топтогуларга караганда 7,6 пайызга көбүрөөк тандашкан.
4. Туура тамактануу калоосун өнүктүрүү

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ушундай эле жол менен туура тамактанууга болгон каалоону өстүрүү мүмкүндүгүн аныктоо үчүн окумуштуулар жогорку эксперименттин карама-каршысын жасоону чечишти.
Катышуучулар пайдалуу тамак тууралуу бир нече макала окуп, андан соң салат жана башка пайдалуу тамактардын сүрөттөрүн көрүп, алар тууралуу позитивдүү ойлонууга аракет кылышты.
Окумуштуулардын айтымында эффект болду. Эксперименталдык топтогулар туура тамактанууга көзөмөл топтогуларга караганда 5,4 пайызга көбүрөөк тандоо беришти.
Кичинекей өзгөрүүлөр

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Биринчи караганда бул өзгөрүүлөр анча деле маанилүү эместей көрүнүшү мүмкүн. Бирок эксперимент бүткөндөн кийин катышуучулардын ар бири орто эсеп менен 107 калорияга азыраак тамактанган.
Ушундай эле сандагы калорияны жок кылуу үчүн катардагы адам болжолу менен он мүнөт чуркашы керек.
Изилдөөнүн авторлорунун бири, психолог Эди Кобер: "Бул эффектти бүгүнкү күндө сунушталып жаткан май басуу менен күрөшүүчү көптөгөн ыкмалардын жыйынтыктары менен салыштырууга болот. Бирок биз бул жыйынтыкка кыска машыгуулар менен жеттик", - дейт.
"Эгер сиз күнүнө жок дегенде бир жолу туура тандоо жасап турсаңыз, бир нече килограмм таштоого көмөк көрсөткөн болосуз", - деп кошумчалайт Кобер.
Статистикага ылайык диетага отургандардын болжол менен 70 пайызы кайрадан салмак алышат.
Ошондуктан калориянын санын азайтууга жардам берген ар бир ыкма баалуу болушу мүмкүн.








