Шоколад жок болуп кетеби?

Chocolate

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Дүйнөдө шоколаддын баасы кескин өсүп, ага талап күндөн-күнгө жогорулап барат. Шоколад өндүрүчүүлөр болсо жетишпей жатканы калетсиз. Демек, шоколад сүйүүчүлөр тынчсызданышы керекпи?

2050-жылга чейин дүйнөдө шоколад калбай калышы мүмкүнбү? Айрым адистердин айтымында, жакын арада шоколад кризиси болушу ыктымал.

Шоколаддын баасы өсүп жатканы анык. Айрым божомолдорго ылайык, 2025-жылы анын баасы 2015-жылга салыштырмалуу эки эсеге өсүшү мүмкүн.

Presentational grey line
Presentational grey line

Шоколадга болгон талап анын стресске каршы, антиоксиденттик касиеттери жана кан басымды төмөндөтөт деген ишенимден улам жогорулоодо.

Өндүрүлгөн шоколаддын жарымынан көбү Батыш Европа жана Түндүк Америкага жөнөтүлөт. Швейцариялыктар дүйнө боюнча таттууну сүйүүчүлөр деп табылган. 2017-жылы бул өлкөдөгү ар бир адам сегиз килограмм шоколад жеген (ар бир керектөөчүгө 8 кг шоколад туура келет).

Шоколадга болгон жаңы талап

Өнүккөн өлкөлөрдө шоколадга талап жогору болгону менен, адистер өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө көңүл бурууда. Мисалы, калкынын саны бир миллиардга жеткен Кытай менен Индиянын базарына кызыгышууда. Бул жакта орто катмардын саны өсүп, шоколадка болгон талап дагы жогорулоодо.

India

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Индияда шоколадга болгон талап элүү пайызга өстү

Индияда 2016-жылы 228 миң тонна шоколад сатылган. 2011-жылга салыштырмалуу талап элүү пайызга өскөн. Индустар таттууга абдан жакын. Өлкөдө шоколад ден соолукка пайдалуу деген дагы пикир бар.

Ал эми Кытайда 1980-жылдары шоколад дефицит болчу. Андан бери өлкө тез өнүккөнү менен, шоколадга болгон талап өскөн эмес. Кытайлыктар жылына бир килограммдан аз шоколад сатып алышкан. Бирок соңку жылдары жаңы тренддерден улам, кофе жана шоколадга болгон талап бул өлкөдө дагы кескин өсүп барат.

China

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кытайда орто катмардагы тургундардын саны өсүп, шоколад сыяктуу товарларга талап жогорулады

Шоколад өндүрүүчүлөр кыйынчылыкка дуушар болушту

Какао нымдуу, тропикалык шартта гана өсөт. Батыш Африкада жайгашкан өлкөлөр какаону эң көп көлөмдө өндүрөт. Пил сөөгүнүн жээги менен Гана дүйнөдөгү какаонун элүү пайызын өндүрөт.

Бирок климаттын өзгөрүүсүнөн улам какаону тоолуу аймактарда гана өстүрүүгө мүмкүн болуп калды. Бул аймактар коргоого алынгандыктан, ал жерде какао өстүрүүгө тыюу салынат.

Ivory coast

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Пил сөөгүнүн жээги 100 миң гектарда тигилген Какао дарактары вирустан улам жарабай калганын жарыялаган

Табигый коркунучтар

Какао дарактарына ар кандай оорулар, зыянкечтер коркунуч жаратат. Адистердин айтымында, табигый коркунучтар отуз пайыздан кырк пайызга чейин жоготууларга алып барат.

Мисалы, быйыл Пил сөөгүнүн жээги 100 миң гектарда тигилген Какао дарактары вирустан улам жарабай калганын жарыялаган. Бул аймак беш жылдан кийин гана жарамдуу болот.

Дал ушул коркунучтардан улам какао өстүргөн дыйкандар жүгөрү, резина жана пальма майына өтүп жатышат.

Presentational grey line
Presentational grey line

Өндүрүүчүлөр инвесторлорду издөөдө

Табигый коркунучтар жана жогорку талаптан улам какао өндүрүүчүлөр тактикасын өзгөртүп жатат.

Мисалы, Гана көңүлүн Азияга буруп, Кытайдын базарына кирүүгө умтулууда. Гана Кытайдын банкынан 1,5 миллиард доллар карыз алды. Кытайдагы шоколад базары кеңейип жаткандыктан, эки тарап келишимге кызыкдар болууда.

Ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы базар дагы кескин өсүп жатат. Бириккен Араб Эмирлиги жана Сауд Арабиясындагы талап дагы жогору. Араб өлкөлөрүндө кымбат шоколад сатып алуу байлыкты жана коомдогу статусту көрсөтүү ыкмасына айланды.

Chocolate

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жакын арада шоколад жок болуп кетет деп айтуу катачылык болот

Шоколад жок болуп кетиши мүмкүнбү?

Жакын арада шоколад жок болуп кетет деп айтуу катачылык болот. Бирок коркунуч чынында бар. Демек, азыртадан эле анын алдын алуу иштерине көңүл бурушубуз зарыл.

Учурда шоколад өндүрүүчүлөрдүн экологияга өзгөчө көңүл буруп жатканы көптөрдү кубандырат. Бул иштер дагы да улантылышы керек дешет экологдор. (AT)