Эволюция: Миллион жылдан кийин адам баласынын келбети кандай болот?

Сүрөттүн булагы, Donald Iain Smith/Getty Images
- Author, Люси Жоунз
- Role, BBC Earth
Кийинки муун көркөм тасмада чагылдырылган технология менен айкалышкан жарым робот, жарым адам болобу?
Адам баласы биологиялык гибридге жана жасалма акылы бар роботко айлана алабы? Өзүнүн боюн өстүрүп же кичирейтип, салмак кошуп же алып, балким келбетин дагы өзгөртө алаар?
Эволюцияны түшүнүү үчүн биз өткөн тарыхка көңүл бурушубуз керек
Албетте, биз бул суроолорго так жооп айта албайбыз. Бирок алдыга коюлган суроого жооп издеп жатып, миллион жыл мурун адам баласынын келбети кандай болгонуна көңүл бурушубуз зарыл.
Миллион жыл мурун, акыл-эстүү киши (гомо сапиенс) жок болчу. Айтылган доордо кишинин бир нече түрү болгон. 10 миң жылдын ичинде адам баласы өзгөрүп, айлана-чөйрөгө жараша ылайыкташты.
Айыл чарбадагы жетишкендиктерден улам түшүмдүүлүк жогору болуп, жаңы илдеттер дагы чыкты. Технологиянын жардамы менен бул ооруларга даба дагы табылды. Мисалы, диабет илдетине каршы инсулин дарысы.

Сүрөттүн булагы, Science Photo Library
Ал эми адам баласынын келбетине токтолсок, кишилер салмак кошуп, семиз болуп калышты. Ошондой эле, бойлору дагы узарды.
Био-информатика боюнча окумуштуу Томас Майлунд, балким келечекте кишилер "бойлорун кыскартып, азырак азык-түлүк талап кылгыдай" кылып өзгөрөт деген пикирде. Жер шаарында кишилердин саны өсүп жатканда, азырак ресурстарды талап кылуу абдан маанилүү болот. Бир аймактагы ресурстарды бөлүшүүгө дагы көнүшүбүз керек.
Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
YouTube посттун аягы, 1
Томас Майлунддун айтымында, адам баласы дал ушул көйгөйгө жараша өзгөрүшү ыктымал. Мисалы, дүйнөдөгү калктын саны өскөн сайын, адамдардын ысымын унутпай жүрүү (эстутум) абдан маанилүү өнөр болуп калат.
Эстутум маселесине технология көмөк көрсөтүшү мүмкүн. "Мээге имплант орнотуп, эстутумду жакшыртса болот. Эстутуму күчтүү кишилердин генинде өзгөчөлүктөр бар экенин билебиз. Балким, генди өзгөртүп, адам баласы маалыматты унутпай калат. Азыр бул сөзүм күлкүлүү болушу ыктымал. Бирок бизде технология бар. Мээге имплант орното алабыз. Бирок аны туура колдонгудай кылып, мээге байлай албай жатабыз. Сыноолор болуп жатат", - дейт Майлунд мырза.

Сүрөттүн булагы, Science Photo Library
Кызыгы, окумуштуулар айтылган көйгөйдү биологиялык эмес, технологиялык кемчилик деп сыпаттайт. Технология өнүксө, биологиялык кемчилик дагы жоюлат.
Учурда сөөгү сынган же кырсыктан кийин шал болуп калган адамдар импланттын жардамы менен кыймылдап, басып жатышат. Демек, келечекте бул технология "супер-адамды" пайда кылышы ыктымал.
Мээден тышкары, имплант технологиясы органдарды дагы алмаштырышы мүмкүн. Мисалы, көздүн ордуна камера орнотуп, мурда адам баласы көрө албаган түстөр таанылышы дагы ыктымал.
Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
YouTube посттун аягы, 2
Окумуштуулар эмитен эле генди өзгөртүп, сулуу, бою узун "супер-киши" жаратышы мүмкүн экенин билебиз. Этикалык көйгөйлөрдөн улам бул ыкма кеңири тарабай турат.
Бирок, био-информатика боюнча окумуштуу Майлунд, келечекте дал ушул этика маселесинен улам айрым гендер сөзсүз өзгөртүлүшү мүмкүн деген пикирде. Демек, ата-эне баласынын келбетин дагы алдын ала тандашы мүмкүн.
"Бул тандоо, жасалма тандоо. Учурда асыл тукум аргымак жаратып жатканыбыздай эле, адам баласын дагы өзүбүз каалагандай кылып жаратып алабыз", - дейт Майлунд.

Сүрөттүн булагы, Daniel Haug/Getty Images
Демографиялык өзгөрүүлөр жана адам баласынын эволюциясы
Ооба, азыр "болушу мүмкүн" деген сөздөр көп айтылып жатат. Арийне, демографиялык багытты карап, келечекте адам баласынын келбети кандай болоорун аныктаса мүмкүнбү?
"Миллион жылдан кийинки кишинин жүрүм-турумун аныктоо - божомол катары саналат. Бирок био-информатиканын жардамы менен, ген тууралуу маалыматты демографиялык өзгөрүүлөрдү айкалыштырып, жакынкы келечектеги адамдын келбетин жана жүрүм-турумун так аныктаса болот", -дейт окумуштуу Жэйсон А. Ходжсон.
Бизде генетика тармагында көп изилдөөлөр жүрүп, ири ачылыштар болуп жатат. Гендердин түрлөрү жана анын структуралары адамга кандай таасир эткени боюнча түшүнүгүбүз кеңейүүдө. Келечекте гендердин түрлөрү кантип өзгөрөөрүн айта албайбыз. Бирок окумуштуулар демографиялык тенденцияларды карап, гендер кайсы багытта өзгөрөөрүн айта алышат.

Сүрөттүн булагы, Science Photo Library
Ходжсон элет жеринде туулуп-өскөн киши менен шаарда чоңойгон адамдын айырмасы кеңейет деген пикирде. "Учурда миграциянын көбү айылдан шаарды көздөй болуп жатат. Демек, шаардагы генетикалык көп түрдүүлүк жогорулай берет. Ал эми айыл жеринде азаят", -дейт окумуштуу. Айтылган миграциянын таасири чоң болмокчу.
Ошондой эле дүйнөдөгү айрым гендердик топтор тезирээк көбөйүп жатат. Мисалы, Африка континентине таандык гендер тездик менен көбөйүп жатат. Ал эми Европадагы адамдар жай көбөйүүдө. Дал ушул себептен, Ходжсон келечекте кара-тору кишилердин саны көбөйөт деп ойлойт.
"Менимче, бир нече муундан кийин адам баласы кара-тору болот. Себеби кара терилүү кишилердин гендери тездик менен көбөйүп жатат", -дейт Ходжсон.

Анда космосто эмне болот? Адам баласы Марс планетасына жетип, айрымдары башка планетага көчүп кетсечи?
Марс планетасынын гравитациясы башка болгондуктан, кишинин денесинин түзүлүшү дагы өзгөрүшү ыктымал. Балким колдору же буттары узун болор. Ал эми муз доору сыяктуу климат болсо, биз салмак кошуп, неандертал тууганыбыздай денебизде жүн пайда болушу мүмкүнбү?
Бул суроого так жооп жок. Бирок адам баласына таандык гендердин түрү көбөйүп жатат. Ходжсондун айтымында, дүйнөдө жыл сайын 3,5 миллиард адам геномунун экөө мутацияга кабылат. Демек, миллион жылдан кийин келбетибиз толугу менен өзгөрөт. (AT)












