Адам сууга түшкөндө эмнеге тери бырышы пайда болот?

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Адам сууга түшкөндө эмне үчүн манжаларында гана бырыштар пайда болору жөнүндө мурда ойлонуп көрдүңүз беле? <link type="page"><caption> BBC Future</caption><url href="http://www.bbc.com/future/" platform="highweb"/></link> бул суроонун жообун иликтеди.

Башка дене мүчөлөрүнөн айырмаланып, кол менен буттун, алакан жана тамандын терилеринде суудан чыккандан кийин бырыш пайда болот. Негизи бул процесстин ишке ашуусуна беш гана мүнөт жетиштүү.

Эмне үчүн бул дененин кайсы бир бөлүктөрүнө гана тиешелүү?

Бул көрүнүш басым процессиндеги биохимиялык реакциянын жыйынтыгынан келип чыккан деген ой келет. Процесс учурунда теридеги белгилүү заттар “жуулуп кеткендиктен”, ал деформацияланат. Мындан жүз жыл мурун эле окумуштуулар бул реакциянын жөнөкөй рефлекс же <link type="page"><caption> осмостун жыйынтыгы </caption><url href="https://ru.wikipedia.org/wiki/%D0%9E%D1%81%D0%BC%D0%BE%D1%81" platform="highweb"/></link>болбогонун белгилешкен. Хирургдар эгерде манжаларда белгилүү жерлер жаракат алса, анда тери бырышпай турганын байкашкан. Ага ылайык, манжалардагы майда дөңдүн пайда болушу – бул нерв системасынын жабыркаганынан кабар бербейт.

Окумуштуулар сырткы факторлорго таасир бербей туруп, оорулуулардын нерв системасына канчалык деңгээлде таасир берээрин текшерүү үчүн бул реакцияны колдонууну сунуштаган. Жогорудагы суроолор боюнча илимий коомчулук консенсуска жетишкен. Ага карабай, бул реакциянын пайда болушу жана анын көнүмүш адат болгону жөнүндөгү талаштардын аягы сууй элек.

Негизи бул процесстин ишке ашуусуна беш гана мүнөт жетиштүү

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Негизи бул процесстин ишке ашуусуна беш гана мүнөт жетиштүү

2Al Labs изилдөө лабораториясынын нейробиологу Марк Чангизи бул көрүнүштүн адаптация болгондугун айтат. Өз мисалында ал дөңгөлөктүн кырына кийгизилүүчү темир же резинка алкакты пайдаланган. Кургак жолдо унаа дөңгөлөктөрүнө жылмакай кырына кийгизилүүчү резинка алкактын жардамы тиет. Ошол себептен унаа жарыштарында мыйзамдуу түрдө “арыгы жок” дөңгөлөк алкагын пайдаланышат. Жаан жааган учурда болсо протектору менен алкактарды да пайдалануу ыңгайлуу деп саналат.

Ага ылайык, манжалардагы бырыштардын жана дөмпөктөрдүн кармалып туруусу суудан гана эмес, кургак нерселерден да көз каранды. Деген менен, бул нерсенин биологиялык өзгөчөлүк экенин далилдөө жана себептерин изилдеп чыгуу окумуштуулардын мойнундагы иш бойдон калууда.

2011-жылы Чангизи жана анын кесиптештери манжалардагы бырыштардын өзгөчө протектордук роль ойнорун далилдеген. Адамдар жана маймылдар суудагы нерселерди жакшы кармай билүүсү үчүн колдун жана буттун териси нымдуулукту өзүнөн алыстатат. Башкача айтканда, сууга түшүүдөн кийин пайда болгон манжа бырыштарын чогулуп келип дарыяга кошулган арыктарга же дарактын бүчүрлөрүнө салыштырсак болот. Муну менен катар арыктар менен дарыянын ортосундагы кургактык бири-бирине кошулбайт.

Приматтардын таман жана манжа бырыштары дарыяга куйган агымдарга окшош түзүлүштө болгондугун аныктоо үчүн Чангизи жана анын кесиптештери 28 манжанын сүрөтүн анализге алышкан. Натыйжада алар бул эки нерсенин чындыгында эле окшош болгондугун далилдеген. Мындан тышкары окумуштуулар бырыштардын жайгашуусу белгилүү бир тартипке баш ийет деген жыйынтыкка келишкен.

“Нымдын үстүңкү катмарына манжа булчуңдары тийгенде, суу арыктар боюнча жайылып баштайт. Натыйжада суунун үстүңкү катмары менен манжанын ортосунда ыңгайлуу байланыш түзүлөт”, - деп жазат окумуштуулар.

Дагы бир нерсени эске салсак, бырыштар сууда беш мүнөттүн ичинде гана пайда болот. Ал эми жаандын суусу же нымдуу аба ырайы адамдын ден соолугуна пайдалуу.

Бул процесс туздуу сууга караганда, тузсуз сууда ылдамыраак жүрөт жана приматтардын эволюция болушунун шартын көрсөтөт. Манжалардын тең болбошу, бир нерсени кармоодо жардам берүүсү жөнүндөгү ой, мүмкүн эволюциялык процесске түздөн- түз тиешеси жоктур. Бирок бырыштуу манжалар бул тапшырма менен жакшы күрөшөт.

2013-жылы британдык нейробиологдор тарабынан манжанын учундагы бырыштар ным нерселерди оңой кармоого жардам берээрин аныктаган. Эксперимент учурунда 20 адам ар түрдүү көлөмдөгү 45 буюмду бир контейнерден экинчисине салып аралаштырган. Кээ бирлеринде буюмдар кургак болуп, ал эми катышуучулардын колдору жылмакай же бырыштуу болгон. Ал эми башкаларында буюмдар сууга матырылган. Эксперимент көрсөткөндөй, манжаларында бырыштары бар катышуучулар суудагы буюмдарды кургактагы буюмдарга караганда алда канча тез аралаштырары далилденген.

Ага карабастан, 2014-жылы немец окумуштуулары тарабынан жүргүзүлгөн дал ушундай эле изилдөө тескери жыйынтык берген. Изилдөөчүлөр 40 адамдан ар түрдүү көлөмдөгү 52 айнек шарчаларды жана оюнчук кубиктерди контейнерлерге алмаштырып салууну суранышкан. Баардык катышуучулар, тактап айтканда, манжалары жылмакайлар менен бырышы барлар кургак жана нымдуу буюмдарды аралаштырышкан. Натыйжада жыйынтык тең чыккан.

Бул реакциянын пайда болушу жана анын көнүмүш адат болгону жөнүндөгү талаштардын аягы сууй элек

Сүрөттүн булагы, j

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул реакциянын пайда болушу жана анын көнүмүш адат болгону жөнүндөгү талаштардын аягы сууй элек

Тайвандык изилдөөчүлөр тобу 24 жаштагы эркектердин катышуусу менен бир нече эксперименттерди жүргүзгөн. Алар бирдей деңгээлде чектешкен жылмакай жана бырыштуу манжа терисинин жышылуусун, ошондой эле дөмпөкчөдөгү жылмышууну өлчөгөн. Изилдөөчүлөр сыноого катышкан адамдардын пуржинаны кысуу жөндөмдүүлүгүн да баалашкан. Жыйынтыгында адамдын колдорун бырыш басып турганда бардык көнүгүүлөрдү начар жасары аныкталган.

Бул эмнени түшүндүрөт?

Теринин жылмакай эмес болушу эволюциянын натыйжасы болуп болбогонуна карабай, лабораториялык шарттар сыноолорго туура келген эмес. Чангизи теридеги дөмпөктөр адамдын кичинекей буюмдарды манипуляция кылуусу эмес, тең салмактуулугун сактоосуна жардам берерин айтат. Ал өз сөзүндө: “Натыйжалуу эксперимент жүргүзүү үчүн катышуучулардан кичинекей нерсеге асылуу эмес, дарак сыяктуу чоң нерселерди кармоосун сунушташ керек” , - дейт.

Эксперт шариктерди аралаштыруу учурунда катышуучуларда эч кандай жылмышуу коркунучу болбогонун белгилейт. Мындан тышкары, адамдардын колунун шамдагайлыгына эмес, алардын активдүүлүгүнө да маани берилиши керек. Чангизи кандай экспериментти идеалдуу деп эсептейт?

Экспериментке шаардык акробаттарды катыштырса болорун, алар теринин ар түрдүү абалында жана аба шарттарында өз трюктарын көрсөтүшөрүн айткан. “Алардын коопсуздугуна да чара көрүлүшү керек”, - деп кошумчалайт Чангизи.