Роботтор көбөйүшү менен кишилер жумуш орундарынан кол жууйбу?

Автоматташуу жыйынтыгы менен миллиондогон жумушчу орундары жоюлат. Бирок, жумуштан айрылабыз деп, өтө эле кооптонууга деле негиз жок деп айтылат Дүйнөлүк экономикалык форумдун соңку баяндамасында.

Робот

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Эксперттердин эсебинде, 2022-жылга барып роботтор дүйнө жүзү боюнча 75 миллион жумуш ордун ээлешет. Бирок, ошол эле учурда 113 миллион жаңы жумуш орундарын түзүшөт. Башкача айтканда, динамика оң жагына карай кетет. Алардын пикиринде, компьютердик технология кишилерди күнүмдүк майда-барат жумуштардан бошотуп, жаңы, кызыктуу иштер менен алектенүүсүнө мүмкүндүк берет.

Ошол эле учурда жумушунан айрылгандардын баары эле компенсацияга ээ боло бербейт деген дагы кооптонуу бар.

Дүйнөлүк экономикалык форум - таасирдүү, өкмөттүк эмес уюм. Жыл сайын Швейцариянын Давос аймагында уюштурган жолугушуулары менен дагы белгилүү. Давоско алдыңкы лидерлер, саясатчылар, бизнес жана илимий чөйрөнүн атактуу өкүлдөрүн чогултат.

Жогоруда сөз болгондой Дүйнөлүк экономикалык форумдyн баяндамасында, жакынкы жылдарда роботтор жана кибернетикалык система өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүп эле эмес, жаңы жумуш орундарын дагы түзүүгө мүмкүндүк берет деп айтылды.

Robot arm

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Август айында Англия банкынын башкы экономистти Энди Халдейн роботтор миңдеген британдыктарды жумушсуз калтырышы мүмкүн деп эскерткен.

Эмне болгон жумушчу орундары? Баяндаманын авторлору төмөнкү кесиптерди аташкан: аналитиктер, программистер, коомдук сайттар боюнча адистер, ошондой эле "адамга гана мүнөздүү" кесиптер - айталы, мугалим, тейлөө кызматындагы адистер ж.б.

Бирок, эксперттер белгилегендей, мындай жагымдуу өзгөрүүлөр эмгек рыногундагы кескин бурулуштар менен коштолот. Анткени айрым позицияларга барган сайын талап күчөй берет. Дүйнөлүк экономикалык форум белгилегендей, роботтор көп учурда бухгалтердик фирмаларда, завод жана почта бөлүмдөрүндө, катчы жана кассирликте адамдын ордун алмаштырат.

ДЭФ эксперттери өкмөттөрдү жумуш ордунан айрылып калган кишилерге социалдык коргоо көрсөтүүгө чакырды.

Ачык суроо

Видеонун түшүндүрмөсү, Үй өсүмдүктөрүн караган Хекса аттуу робот

Август айында Англия банкынын башкы экономистти Энди Халдейн роботтор миңдеген британдыктарды жумушсуз калтырышы мүмкүн деп эскерткен. Ал келечегиндеги жасалма интеллектке негизделген технологиянын массалык жайылышын "төртүнчү өнөр-жай ыңкылабы" деп атаган.

"Жумуш орундарын жоготуунун масштабы, кеминде алгачкы үч ыңкылап сыяктуу эле болот",-деп эсептейт ал.

Видеонун түшүндүрмөсү, Робот аял

Башка эксперттер бир аз оптимисттик көз карашта. Апрель айында Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму 2013-жылдагы Оксфорд университетинин божомолу менен макул эместигин айтып чыкты. Оксфорд университети алдыдагы 20 жыл ичинде кишинин ордун роботтор ээлеп каларын, айталы АКШда 47% жумуш орундарын, Британияда 35% жумуш орундарын алышы мүмкүн деп болжогон.

ЭКӨ уюму бул сандар өтө эле ашырылып берилген деп эсептейт. Алардын баасы боюнча, "жумуш орундарын жоготуу кооптуулугу" АКШда 10 пайыз, Британияда 12% болушу мүмкүн. (AbA)