Килограммы 1100 долларга бааланган сыр кайсы жаныбардын сүтүнөн жасалат?

Donkey cheese on a plate

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Килограмы 1,100 долларга бааланган сыр

"Даамы кызык экен, башка тамакка салыштыра албайсың" деп Сербиянын мурдагы депутаты Слободан Симич эшектин сүтүнөн жасаган сырга мүнөздөмө берди.

Ал бул бизнести биринчилерден болуп баштады. Симич мырза эшектин сүтүнөн сырдын бир нече түрүп чыгарат. Өндүрүштүн көлөмү абдан аз болгондуктан, сырдын бир килограммы 1100 долларга бааланат.

Кардарлар

"Биз 50 грамм кылып бөлүп сатабыз. Ал он кишиге жетет. Эшектин сүтүнөн жасалган сырды андан көп жей албайсың",-дейт Симич.

Package of donkey cheese

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сыр 50 граммдан сатылат

Эшектин сүтүнөн жасалган сырды белгилүү теннисчи Новак Жокович ресторандары үчүн сатып алат. Ошондой эле көптөгөн жаштар даамына кызыгып алышат.

Симич жылына 50 килограмм сыр өндүрөт жана экспортко карата талаптардан улам башка өлкөлөргө чыгара албайт. Ага карабастан дүйнөдөгү бай адамдар Сербияга атайын сыр сатып алуу үчүн учуп келет экен. Симич малайзиялык бизнесменге 15 килограмм сыр сатканын эстеди.

Эмнеге сыр абдан кымбат?

Жашыруун формула

Эшектер дүйнө жүзүндөгү көп аймактарда көлүк катары эле колдонулуп, айыл-чарба иштерине пайдаланып келишкен. Айрым өлкөлөрдө эшектин сүтү дарылык үчүн колдонулат, бирок эч бир мамлекетте бул жаныбардын сүтүнөн сыр жасалбайт.

A farmer milks a donkey

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Слободан Симич эшектин сүтүнөн жасалган сырдын өзгөчө даамы бар дейт. Сыр ден-соолукка дагы пайдалуу

Анткени эшектин сүтүндө казеин аттуу белоктук компоненти жок. Демек, эшектин сүтү уюбайт. Симич маселени чечүү үчүн технологду жалдап, жашыруун формуланы иштеп чыккан.

"Формуланы бир гана технологум билет. Мен дагы билбейм",-дейт Симич.

Эшектер уйга салыштырганда аз сүт берет. Ошондо 25 литр сүттөн бир гана литр сыр жасалат.

Симич бул бизнести акча табуу же инновациялык жолду издөө үчүн баштаган эмес.

A farmer holding d bucket containing donkey's milk

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эшектин сүтүндө айрым белоктор жок болгону үчүн ал уюбайт

Ал хобби катары айлана-чөйрөнү коргоо уюмдар менен иштешкен. Ошентип отуруп Сербиянын баш калаасы Белграддан сексен чакырым аралыктагы улуттук паркты карап калды.

"Паркка эшек алып келбейлиби деп ойлодум. Сербиялыктар эшек жөнүндө таптакыр адилетсиз стереотиптер менен жашап келет. Стереотиптер чындыкка дал келбейт, эшектер абдан акылдуу жаныбарлар",-дейт Симич.

Мурдагы депутат улуттук паркка жыйырма эшекти алып келген. Жаныбардын саны көбөйгөндүктөн, Симич алардын сүтүн сатып, акча жасоо жолдорун караштыра баштаган.

Farmers leading donkeys loaded with hay between Korce and Moscopole, Albania.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эшектер дүйнө жүзүндө айыл-чарбада колдонулат

Эшектин сүтүнө талап аз болуп, Симич андан сыр өндүрүүнү көздөгөн экен. Эми анын фермасында 250 эшек бар.

"Күнүнө 100 грамм эшектин сүтүн ичем. 65 жашка чыктым, ден-соолугум бекем",-дейт ал.

Симичтин ийгилигинен кийин он бизнесмен эшек фермасын ачты.

"Мен дүйнөлүк коомчулукту эшектин сүтүн ичкиле деп үндөмөкмүн. Эшекти үй жаныбар катары баксаңар дагы болот",-дейт Симич.

<Слободон Симич маегин BBC World Service Outlook радио программасына курган.>