Калемпирди эмнеге көп колдонобуз? Ачууну жакшы көргөн өлкөлөр

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Fernando Duarte
- Role, BBC World Service
Өткөн жылы АКШда дарыгерлер ашказаны ооруп келген бейтапка так диагноз коео албай убара тартты. Бейтаптын башы, мойну ооруп, улам-улам кусуп ооруканага түшкөн эле.
Томография, анализ жана кан басымын текшеришкенден кийин бейтап ууланган дагы эмес, коркунучтуу дартка дагы туш болгон эмес деген тыянак чыгарат дарыгерлер.
Көрсө, ал киши дүйнөдөгү эң ачуу делген Carolina Reaper же "Каролин орокчу" атка конгон калемпирди жеп алыптыр.
"Каролин орокчу" жөнөкөй халапеньодон 275 эсе ачуу. 34 жаштагы бейтап аны мелдеште жегени белгилүү болду.

Сүрөттүн булагы, PuckerButt Pepper Company
Ыңгайсыздык жаратканына карабастан, арабызда көп кишилер ачуу тамакты жактырышат. Эмнеге? Ушул суроого жооп издеп көрөлү.
Калемпир өстүрүү чоң бизнестердин бири жана жыл сайын ага талап өсүп жатат. Маселен, 2007-жылы 27 миллион тонна жашыл калемпир өстүрүлсө, бул көрсөткүч 2018-жылы 37 миллион тоннаны түзгөн.
Эволюция жана инстинкт
IndexBox компаниясы жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, бир жылда адам баласы беш килограмм калемпир колдонот. Орточо калемпирдин салмагы 20 граммды түзөт, ошондо беш килограмм 250 ачуу калемпир болуп калат.
Албетте, айрым мамлекеттерде калемпир кыйла көп колдонулат. Айталы, түркиялыктар орточо эсеп менен алганда күнүнө 86,5 грамм калемпир колдонот.
Бул дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүч. Экинчи орунда Мексика турат - бул мамлекеттин негизги даамдарына сөзсүз түрдө ачуу калемпир кошулат. Месикада ортосо эсеп менен алганда күнүнө 50,95 грамм калемпир колдонот.
Эмнеге ачууну жактырабыз?
Адам баласы психологиялык жана эволюциялык инстинктерден улам ачууга жакын.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жаратылыштын сыры
Окумуштуулар азыркыга чейин калемпирде кандай жол менен капсаицин заты (ачуу кылган зат) пайда болгону боюнча бир пикирге келе элек. Бирок анын артында эволюция турганы талашсыз.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Изилдөөчүлөр калемпирдин ачуу даамы бара-бара пайда болгон деп айтышат. Жаныбар жана курт-кумурскалардан коргонуу үчүн өсүмдүк эволюциялык жол менен ачуу болуп калган.
Анда эмнеге канаттуулар калемпирди жактырат?
АКШдагы Аризона университети эволюциялык тандоонун дагы мааниси бар экенин аныкташкан. Сүт эмүүчүлөрдүн тамакты сиңирүү системасы калемпирдин ачуу уругун дагы сиңирет. Ал эми канаттуулар калемпирдин уругун сиңирбейт, алар ачууну сезбейт.
Ошондо калемпир миңдеген жылга созулган эволюция жолу аркылуу адам баласын жолотпогудай ачуу болуп калган. Анда эмнеге кишилер ачуу тамакты жактырат?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Теориялардын биринде адам баласы калемпирдин антибактериялык сапаттарынан улам ачуу тамакка жакындаганын айтат. Башкача айтканда, ата-бабаларыбыз тамак ачуу болсо, анда уулануу ыктымалдуулугу дагы төмөн экенин түшүнүшкөн.
Бул гипотезаны 1998-жылы Корнелл университетинин окумуштуулары Женнифер Биллинг менен Пол Шерман чыгарган. Изилдөөчүлөр 36 башка мамлекеттин миңдеген жылга созулган тамак-аш рецепттерин аназилдеп чыккан. Булар этти колдонгон жана аба-ырайы көп учурда ысык болгон өлкөлөр.
"Аба ырайы ысык өлкөлөрдө эт менен тамак даярдалып жатканда, жок дегенде калемпирдин бир түрү колдонулат. Көп учурда калемпирдин бир нече түрү кошулат. Ал эми аба ырайы суук мамлекеттерде, улуттук тамак-аштарына калемпир же башка специйлер кошулбайт",-деп жазат окумуштуулар.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Чынында Таиланд, Филиппин, Индия жана Малайзия сыяктуу мамлекеттерде калемпир көп колдонулат. Ал эми Финляндия же Норвегия сыяктуу өлкөлөрдө ачуу калемпир такыр колдонулбайт.
"Менимче, тамак-аш рецепттеринин эволюциясын кишилер менен митенин ортосундагы күрөш десек болот. Биз микробдор менен талашып жатабыз. Тамак ашты даярдоо, сүрсүтүү, туз кошуп кургатуу, ар түрдүү калемпирлерди кошуу - мунун баары ууланып калбайын деген ой менен жасалган кадам",-деп жазат Шерман.
Антрополог Каори О'Коннордун болсо өзүнүн теориясы бар.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Калемпирди, кум шекер же картошка сыяктуу кылымдар бою Европа жана Азия билбей келген. Бул азыктар европалык саякатчылар Америкага жеткенден кийин гана дүйнө жүзүнө тарай баштаган.
Калемпирдин өзгөчө, күчтүү даамы тез эле башка мамлекеттердин улуттук тамагына жуурулушкан. Индия, Кытай же Таиланд сыяктуу мамлекеттерде калемпир улуттук даамынын бир бөлүгү болуп калды.
Андан тышкары адам баласы тобокелчиликке жакын болгондуктан дагы калемпирди жактырат деген теориялар бар.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Чектелген тобокелчилик" теориясынын автору Пол Розин адам баласынан тышкары башка сүт эмүүчүлөр эмне себептен калемпирди жебейт деген суроого жооп издеген.
Психолог атайын эксперимент дагы жүргүзгөн. Розин ыктыярчыларга улам ачуу калемпир берген. Ачууга чыдабай калган ыктыярчылар өз каалоосу менен экспериментти токтоткон.
Бирок ыктыярчылардан кайсы калемпирди жактырдыңыз деп сураганда, ар бири эң акыркы калемпир (эң ачуусун) жактырганын айтышкан.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Адам баласы терс стимулдардан ыракат алган жалгыз жандык. Биздин аңсезим организм коңгуроо какканына карабастан эч кандай коркунуч жок экенин түшүнүп калган",-дейт Розин.












