Эволюция тууралуу Дарвинден миң жыл мурун жазган мусулман окумуштуусу

Two pages from The Book of Animals by al-Jahiz

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ал-Жахиз эволюция боюнча ойлорун жети томдук китепке жазган

Британ ойчулу Чарлз Дарвин - эволюция теориясы менен белгилүү. Ал жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн түрлөрүнүн келип чыгышы жөнүндөгү эволюциялык окуунун негиздөөчүсү.

Эволюцияны жашоо үчүн күрөштөгү табыгый тандалуу деп түшүнсөк болот. Башкача айтканда табыгый тандалуунун негизинде органимзде өзгөрүүлөр болуп, шартка ыңгайлашкан, жашоого жөндөмдүү болгон тиричиликтин өнүгүүсү.

1859-жылы Дарвин "Табигый тандоо жолу менен түрлөрдүн келип чыгышы, же тиричилик үчүн күрөшүүдө тукумдардын сакталышы жөнүндө" аттуу китебин жарыялаган. Эмгегинде ойчул өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын түрлөрү туруктуу болбостон, дайыма өзгөрүп турарын, азыркы түрлөр табигый тандалуунун негизинде мурдагы жашаган түрлөрдөн келип чыккандыгын аныктаган.

Кызыгы, эволюция теориясынын өзөгү ислам дүйнөсүнө барып такалат. Бул теорияны алгач ал-Жахиз аттуу улуу араб ойчулу жазып чыккан.

Табыгый тандалуу

Иракта жашаган ал-Жахиз Чарлз Дарвин сунуштаган эволюция теориясынан миң жыл эрте өз эмгегинде "табыгый тандалуу" тууралуу сөз кылган. Абу Усман Амр ибн Бахр ал-Жахиз китебинде жаныбарлардын "өзгөрүү" жараянын "табыгый тандалуу" деп атаган.

Stamp depicting Muslim thinker al-Jahiz

Сүрөттүн булагы, State of Qatar

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Катардын почта маркаларынын биринде ал-Жахиз эскерилет

776-жылы Басра шаарында туулган ал-Жахиз ислам дүйнөсүндө философия жана илим өнүгүп жаткан доордо жашаган. Анын "Китаб ал-Хайван" (Жаныбарлар китеби) аттуу эмгеги Ислам дүйнөсүндөгү чоң илимий ачылыштардын бири. Ошол доордо грек ойчулдардын эмгектери араб тилине которулуп, илим, дин, маданият жана философия тармагы боюнча кызуу талкуулар жүрүп жаткан.

Кытай соодегерлери кагазды Жакынкы Чыгышка алып келгендиктен, ал-Жахиз бир нече багытта өз изилдөөлөрүн жазган. Анын илим, география, философия, адабият жана араб тилинин грамматикасы боюнча эмгектери бар.

Ал-Жахиз эки жүздөн ашуун китеп жазганы айтылат. Бирок анын эмгектеринин үчтөн бири гана сакталып калган.

A portrait of Charles Darwin

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чарлз Роберт Дарвин 1882-жылы 19-апрелде дүйнөдөн кайткан

"Китаб ал-Хайван" (Жаныбарлар китеби)

Ал-Жахиздин эң белгилүү "Китаб ал-Хайван" эмгеги энциклопедия сыяктуу жазылган. Анда улуу ойчул 350 жаныбар тууралуу кеңири иликтөөсүн түшүндүрөт. Ал-Жахиздин теориялары Англиялык окумуштуусу Чарлз Дарвин сунуштаган "Эколюция теориясына" абдан окшош.

"Жаныбарлар аман калуу, ресурстар үчүн күрөшөт. Айлана-чөйрө жаныбарлардын организмине таасир этет, алар өзгөрүп жаныбардын жаңы түрүнө айланат. Табыгый тандалууда аман калган жаныбарлардын маанилүү өзгөрүүлөрү анын тукумуна да өтөт",-деп жазат ал-Жахиз.

Мусулман ойчул дүйнөдө аман калуу үчүн күрөш болуп жатканын жана эң күчтүү, оор шартка ылайыкташкандар гана тукумун улап, аман калаары боюнча теорияны дүйнөдөгү биринчи болуш сунуштаганы талашсыз.

The front cover of French satirical magazine La Petite Lune in 1871

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дарвиндин теориясы боюнча карикатура

Ал-Жахиздин эмгектери башка мусулман ойчулдарга да эргүү берген. Анын китептерин ал-Фараби, ал-Араби, ал-Бируни жана Ибн Халдун аттуу улуу окумуштуулар колдонгон.

Европада 19 кылымда ислам дүйнөсүнүн эволюция теориясына болгон салымы жашыруун деле эмес болчу. Маселен, Дарвин менен замандан Уильям Дрэйпер 1878-жылы Ислам дүйнөсүнүн эволюция теориясы тууралуу сөз кылган.

Бирок Дарвин өз идеяларын ал-Жахизден алганы же араб тилин белгине боюнча эч маалымат жок.

Drawing of four species of finch observed by Darwin on the Galapagos Islands

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дарвин куштардын түрлөрүн иликтеп, алардагы эволюциялык өзгөрүүлөрдү байкаган

Дарвин өмүр бою жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн түрлөрүнүн иликтеп, өз теориясын мыкты түшүндүрүп бергени талашсыз. Бирок Дарвинден мурун да бул теория боюнча жазган окумуштуулар болгонун ачык айтышыбыз керек, дейт журналист Эхсан Масуд.

Улуу ойчул, окумуштуу ал-Жахиз 92 жашында, өз китепканасында дүйнөдөн кайткан. (AT)