Адамга кереги жок болуп калган алты дене бөлүгү: алар эмнеге керек эле?

Modern portrait of a gorilla interacting with a tablet.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эволюция абдан жай жараян

Эволюция дүйнөнү өзгөрттү, бирок ал акырындык менен жүргөн жараян экени маалым. Айрым дене бөлүктөрү азыр кереги жок болуп калды.

Антрополог Дорса Амир "твиттер" баракчасына "адамдын денеси табигый тарых музейи" деп жазды.

Picture of Human Evolution

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Керексиз дене мүчөлөрү миллиондогон жылдардан бери жоголо элек

Айрым дене бөлүктөрү миллиондогон жылдардан кийин башка функцияны аткарып калат. Бул жараян "экзаптация" деп аталат.

Албетте, бул бөлүктөр кандай функция аткарганын кантип так айта алабыз деген суроо жолдоп беришиңиз мүмкүн.

"Биз бир гана жоромолдой алабыз. Окумуштуулар дене бөлүктөрү аман калуу үчүн канчалык маанилүү экенин изилдейт. Андан кийин аны башка сүт эмүүчүлөрдүн мүчөлөрүнө салыштырып, алар кандай функцияны аткарып жатканын изилдейбиз", -деди окумуштуу Дорса Амир.

Антрополог Дорса Амир кереги жок болуп калган алты дене бөлүгүн айтып берди.

1. Palmaris longus же билектеги тарамыш

This vestigial muscle was used to help humans move around the trees

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Билектеги тарамыштын жардамы менен мурдагы кишилер бак-дарактарга чыкчу

Чакан иликтөө жүргүзүңүз: колуңузду түз жерге коюп, бармагыңызды кармаңыз.

Тарамышты сездиңизби? Аны окумуштуулар Palmaris longus деп аташат.

Эгерде тарамыштарды көрүп же сезбесеңиз, эч кабатыр болбоңуз. Дүйнө калкынын 18 пайызында бул тарамыштар жок жана адам баласына анын кереги деле жок.

Бул тарамышты "эволюциянын калдыктары" деп атасак болот. Билектеги тарамыштар бак-дарактарда көп жүргөн сүт эмүүчү жаныбарларда табылат.

"Тарамыштар дарактарда жүргөндө жардам берет деген жоромолдор бар", -дейт Доса.

Бүгүнкү күнү эч функцияны аткарбаган тарамыштарды хирургдар операция учурунда колдонот. Тарамыштар билектен алынып, дененин башка жерине тигилет.

2. Дарвиндин туберкулу же кулактын учундагы дөмпөк

Other mammals use these muscles to detect prey and predators

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сүт эмүүчү жаныбарлар бул дөмпөктү (булчуңду) колдонуп, кулакты каалаган тарапка бурушат

"Кулагыңыздын учун кыймылдата алсаңыз, сиз эволюциянын белгилерин көрсөтүп жатасыз", -дейт окумуштуу Жерри Койн. Кулакты кыймылдатуу дегенде, окумуштуу башты кулак менен байлаган булчуңдар жөнүндө сөз кылып жатат. Кулактын учундагы дөмпөк, ошол булчуңдардын калдыгы.

Көптөр бул булчуңдарын эч колдонбойт, айрымдары кулагынын учун кыймылдатып, мактанышат. Чарлз Дарвин муну биринчилерден болуп байкаган. Дал ошол себептен термин Дарвиндин туберкулу деп аталып калган.

Мышык жана жылкылар кулагын керектүү тарапка буруп, коркунучту аныктай алат дейт Жерри Койн.

3. Чычаң

Tailbones helped our ancestors with mobility and balance

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чычаң тең салмактуулукка жардам берген

Антрополог Дорса Амир чычаң эволюциянын эң негизги калдыктардын бири экенин айтууда.

"Бул куйруктун калдыгы. Аны тең салмактуулукту сактоо жана шамдагайлык үчүн колдонгонбуз", -дейт ал.

Чычаң "экзаптация" мисалынын бири. Бүгүнкү күнү ал башка функцияны аткарат - булчуңдарды кармап турат.

Дорса адамдын манжаларынын ортосунда сууда сүзүүгө жардам берген "желелер" да болгонун, кийин ал жок болуп кеткенин кошумчалады.

4. Plica semilunaris же көздүн үчүнчү кабагы

The third eyelid is a fold of tissue found on the inside corner of the eye

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Үчүнчү кабык көздүн четинде жайгашкан

Көздүн четиндеги кызгылт түстөгү дөмпөктү байкасаңыз керек. Бул дагы эволюциянын калдыктары.

"Үчүнчү кабак туурасынан жумулчу. Адам баласы аны колдонбой калган",- дейт Дорса.

Бирок аны башка сүт эмүүчүлөрдөн байкаса болот. Мисалы, мышыктарда же куштарда.

5. Piloerection же "дене бойдун чымырап чыгуусу"

Animals, like the cats, use the fibers to makes themselves look bigger

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мышык сыяктуу жаныбарлар терисин чымыратып, өзүн чоң көрсөтөт

Мышык чочуп кеткенде, денесин чымыратып, өзүн чоң көрсөтөт эмеспи. Суукта же чочуганда адам баласынын денеси да ошентет. Аны "дене дүркүрөө" деп билип калдык.

Окумуштуулар аны пилоэрекция рефлекси деп аташат.

"Планетада тарыхында адам баласы миңдеген жылдар бою жүндүү сүт эмүүчү болгондуктан, пилоэрекция рефлекси аркылуу биз өзүбүздү чоң көрсөтүп же дененин температурасын сактап калчубуз. Эволюциядан улам биздин дене түзүлүшүбүз өзгөрүп, теридеги жүндөр жоголгондо, пилоэрекция рефлексинин кереги деле жок болуп калды. Азыр ал мурдагы функцияны аткарбайт", -деп айтат Дорса.

6. Кармап калуу рефлекси

Ancestral primate babies would use the palmar reflex to cling on to their parents for transport

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Кармап калуу рефлекси өзгөчө ымыркайларда байкалат. Бул рефлекс маймыл сыяктуу жаныбарларга абдан маанилүү.

Маймыл туулгандан кийин дал ушул рефлекстин жардамы менен аман калат. Чоң маймылдардын далына жабышып, желкеден түшпөйт.

"Мурда биз дагы бул рефлексти дал ушул үчүн колдонгонбуз. Адам баласы башка жаныбарга салыштырмалуу эрте төрөлгөн үчүн ымыркайлар баштарын токтото албайт".

Мындай дене бөлтөрүнө сокур ичеги да кирет. Бир учурда бул орган тамакты сиңирүүгө жардам берген. Бирок бүгүнкү күнү денебиз аны колдонбой деле калды. Айрым окумуштуулар акыл азуу тишти дагы бул тизмеге кошот. Бабаларыбыз акыл азуу тишти тарамыш сыяктуу этти чайноо үчүн колдонушкан. Бүгүнкү күнү бул тиштердин кереги жок болуп калды.

Кызыгы, айрым кишилердин эмитен эле бул дене бөлүктөрү жок. "Эволюциянын калдыктары" дүйнөнүн ар бурчунда башкача түрлөр менен байкалат жана ал дагы убакыт өткөн сайын өзгөрө берет. (AT)