Орусия Украинага "Орешник" менен сокку урду

Орусиянын Коргоонуу министрлиги Украинага болгон соңку чабуулунда орто узактыкка колдунулчу "Орешник" ракеталык комплекси колдонулганын ырастады. Орус аскерлери жумага караган түнү Киевге дрондор жана ракеталар менен чабуул жасап, андан төрт адам каза таап, он адам жаракат алган эле. Буга чейин Львов облусунда маанилүү деп эсептелген инфраструктура бутага алынганы кабарланган эле.
Тышкы иштер министри Андрей Сибига Украина БУУнун Коопсуздук Кеңешин жана Украина -НАТО Кеңешин чукул жыйынга чакырып жатканын билдирди.
Орусиянын Коргонуу министрлиги соңку соккуда "учкучу жок учуучу аппараттарды өндүрүү объектилери" жок кылынганын айтууда.
Украинанын Абадан коргоону күчтөрү өткөн түнү:
"8-январда саат 23.30 "Капустин Яр" полигону аркылуу баллистикалык ракетаны колдонуу тобокелчилигине байланыштуу Украинанын бүт аймагы боюнча ракеталык коркунучу жарыяланды. Львов облусунда жарылуулар катталды", -деп маалымат тараткан эле.
Буга чейин Львов облусунда маанилүү деп эсептелген инфраструктура бутага алынганы кабарланган эле. Ал сокку Астрахань облусундагы "Капустин Яр" полигинонунан урулушу мүмкүн экендиги да болжолдонуп жаткан. Аталган полиондо орустардын баллистикалык "Орешник" ракеталык комплекси жайгашканы белгилүү.
Сокку тууралуу биринчидерден болуп айтып чыккан Львовдун мэри Андрей Садовый орустардын "Орешник" менен чабуул койгону азырынча так эмес экенин айткан.
"Аткылоолор тууралуу тактап кетейин. Ал "Орешник" болдубу - азырынча белгисиз. Аскер адамдары маалымат берсин. Маанилүү инфраструктурага сокку урулду. Ал жерде азыр тийиштүү кызматтар иш алып барууда. Өрттү өчүрүү иштери уланууда",- деп жазган болчу мэр коомдук сайттардагы өз баракчасында.
Садовыйдын айтымында, жапа чеккендер тууралуу азырынча маалымат түшө элек. Жарандык объекттер жана шаардагы турак үйлөрү жабыркаган эмес.
Ал арада Киевдин мэри Виталий Кличко борбор шаарга жасалган дрондордун чабуулунун кесепети тууралуу жаңы жагдайлар менен бөлүштү. Анын айтымында, Деснян облусунда дрон көп кабаттуу үйдүн 1 жана 2-кабатына тийип, андан кийин өрт чыккан. Шаардын Шевченков районуна жана Деснян районундагы дагы бир турак жайга медиктер чакырылган.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Буга чейин 7-январда Украинанын түштүк аймагындагы энергетикалык объектилерге дрон менен массалык чабуул жасалгандан кийин Днепропетровск жана Запорожье облустары электр жарыксыз калды. Бул тууралуу маалыматты "Укрэнерго" компаниясы ырастаган.
Шаарларда суу менен камсыздоо, жылуулук жана мобилдик байланыш тармактарында олуттуу көйгөйлөр жаралган эле. Би-Би-Синин Украина кызматы белгилегендей, бул аймактарда учурда абанын температурасы нөлдөн жогору.
Чабуулдан кийин маанилүү инфраструктуралар резервдик энергия булактарына өткөрүлгөн болчу.
Жаңы жыл алдында Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Украинанын дрондору орус президентинин Валдайдагы резиденциясына чабуул жасаганын айтып, Москва буга сөзсүз жооп кыларын эскерткен эле. Украинанын президенти Владимир Зеленский Лавровдун айткандарын "Орусиянын кезектеги калпы" деп баалаган.
Дрондордун чабуулу боюнча биринчилерден болуп айтып чыккан Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 50гө жакын дрон чабуулга катышканын айтып, бирок визуалдык эч бир далил келтирген эмес.
Украин президенти Владимир Зеленский Киевдин бул чабуулга катышы бар деген Москванын мындай айыптоолорун "калп" жана "фейк" деди. Анын айтымында, Кремль муну менен украин шаарларына жана өкмөттүк имараттарына жаңы кол салууларын актаганы жатат. Лавров буга чейин Москва жооп катары жаңы соккуларды пландап жатканын айткан.
"Орусия тараптан учурда аябай кооптуу билдирүүлөр болуп жатат, алар президент Трамптын командасы менен болгон бирдиктүү ишти жокко чыгарууга багытталганы айдан ачык. Биз тынчтыкка келүү үчүн чогуу иштешип жатабыз. Азыр эми орусиялыктар орус диктаторунун резиденциясына сокку урулуптур деген кезектеги фейкти ойлоп табышты. Бул Украинага, Киевге соккуларын улантуу үчүн жана согушту токтотууга керектүү кадамдарга баруудан баш тартууда өздөрүн актоо үчүн жасалды. Орусиялыктарга мүнөздүү тактикалык калп. Алар Киевге, Украинанын министрлер кабинетинин имаратына буга чейин сокку урушкан", - деп жазды Зеленский бул тууралуу өзүнүн Телеграмына.
Бул окуялардын алдында эле АКШ жана Украина президенттери Дональд Трамп менен Владимир Зеленский Флоридада сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, Орусия менен тынчтыкка келишүү үчүн ири прогресске жетишкенин билдиришкен эле. Андан кийин Трамп Путин менен дагы телефон аркылуу сүйлөшкөн.
Украинадагы согушту токтотуу боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрү финалдык стадияга жетип, бирок башкы маселе боюнча мунаса табылбай жатат. Путин Донбассты талап кылууда, ал эми Зеленский буга каршы, Трамп болсо макулдашуу ишке ашсын деп көшөрүүдө.












