АКШнын иммиграция кызматкери Миннеаполисте аялды атып өлтүрдү

Жергиликтүү маалымат каражаттары билдиргендей, окуя ICEнин иммиграциялык мыйзамдарды аткаруу практикасына каршы нааразылык акциясы учурунда болгон.

Сүрөттүн булагы, Getty/ODU

АКШнын Иммиграция жана бажы полициясынын (ICE) кызматкери Миннесота штатынын Миннеаполис шаарында аялды атып өлтүрдү. Америка бийлиги билдиргендей, аял өзүнүн унаасы менен ICE патрулун сүзүүгө аракет кылган. ICE аялдын аракетин "ички терроризм" катары сыпаттап, патрулдун ок чыгарганын өзүн-өзү коргоо деп атады.

Окуя тууралуу эмне белгилүү?

Жергиликтүү маалымат каражаттары билдиргендей, окуя ICEнин иммиграциялык мыйзамдарды аткаруу практикасына каршы нааразылык акциясы учурунда болгон.

"Укук коргоо органдарынын кызматкерлерин өлтүрүү максатында сүзүүгө аракет кылуу ички терроризм актысы болуп саналат", - деп билдирди ICEни башкарган Ички коопсуздук департаменти.

"ICEнин кызматкери өзүнүн, кесиптештеринин өмүрүн жана калктын коопсуздугун коргоо максатында ок чыгарган",- деп айтылат билдирүүдө.

Президент Дональд Трамп каза болгон аял атайын жана агрессивдүү түрдө ICE кызматкерине кол салган деп айтты.

CBSтин (BBCнин медиа өнөктөшү) маалыматы боюнча, каза болгон аял 37 жаштагы АКШнын жараны жана жергиликтүү тургун болгон.

Миннеаполис шаарынын мэри Жейкоб Фрей федералдык бийликтин билдирүүсүн сынга алды. Анын айтымында, атууну өзүн коргоо катары сүрөттөө болбогон актануу.

Миннеаполис шаардык кеңеши болсо Рене Гуд жөн гана кошуналарына кам көрүп жаткан жерден окко учканын кабарлады.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ал ортодо АКШнын Ички коопсуздук министрлиги ICE кызматкерлери арасында жабыркагандар бар экенин, учурда алар дарыланып жатканын билдирди.

Канча кызматкер жабыркаганы жана кандай жаракат алышканы азырынча белгисиз.

Миннеаполис полициясынын башчысы Брайан О'Харанын айтымында, аял жолду тосуп турган унаада болгон. О'Хара билдиргендей, бир учурда ICE кызматкери ага жакындап барганда, унаа акырындап жыла баштаган, андан кийин кеминде эки жолу ок атылган.

Ок атуу Миннеаполистеги 34-көчө менен Портленд проспектинин кесилишинде болгону кабарланууда.

Шаршемби күнү Миннесота штатынын бир нече шаарларында Трамптын администрациясынын мыйзамсыз иммигранттарды камакка алуу жана депортациялоо боюнча иммиграциялык чараларына каршы катуу нааразычылык акциялары башталган.

CBS каналынын маалыматы боюнча, ICE кызматкерлери көздөн жаш чыгарган газды колдонуп, нааразычылык акцияларын токтотушкан.

Телеканал ок атылгандагы видео жергиликтүү тургундар арасында тарап жатканын жана кабарчыларынын бири аны көргөнүн айтууда.

"Бул аял жасаган аракеттери үчүн өлүмгө татыктуу болгон деп айтууга болбойт",- деген күбөлөрдүн бири.

Миннеаполиске учуп келген АКШнын Ички коопсуздук боюнча катчысы Кристи Ноэм атышууга чейинки окуялардын расмий версиясын айтып берди.

Айтымында, ICE кызматкерлери операцияны аяктагандан кийин кеңсесине кайтып келе жатышканда, алардын унааларынын бири карга тыгылып калган.

Унаа

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Агенттер машинени түртүүгө аракет кылып жатканда алардын айланасына нааразы болгондор чогулуп, күн бою кызматкерлерди көзөмөлдөп, кыймылын бөгөөгө аракет кылышкан.

Ноэмдин айтымында, окко учкан аял унаасы менен аларды сүзүп өлтүрүүнү көздөгөн. Ноэм агенттердин бирин аял сүзүп кеткенин айтып, ал июнь айындагы окуяда да унаа алдында калганын кошумчалады. Ок чыгарган агентти болсо өзүн коргоого аракет кылган тажрыйбалуу офицер деп сыпаттады.

Министр ошондой эле ФБР тарабынан иликтөө жүрүп жатканын жана ICE операциялары уланарын баса белгиледи.

Видеодон эмнени көрүүгө болот?

Күбөлөр социалдык тармактарга жарыялаган видеолор шаршемби күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:25 чамасында болгон атышуу учурунда тартылып алынган деп айтылууда.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Күбөлөр социалдык тармактарга жарыялаган видеолор шаршемби күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:25 чамасында болгон атышуу учурунда тартылып алынган деп айтылууда.

Ар кандай ракурстан кара күрөң жол тандабас Миннеаполис көчөсүн тосуп турганы көрүнүп турат. Тротуардын боюнда бир топ адамдар, болжол менен нааразычылык акциясынын катышуучулары, тизилип алган.

Иммиграция кызматынын кызматкерлери машинеге жакындап барып айдоочу аялга жол тандабастан түшүүнү талап кылган. Бири айдоочу жак эшиктин туткасын тартып, экинчиси унаанын алды жагында, капотко жакын турганын көрүүгө болот.

Жол тандабас кетүүгө аракет кылганда, дал ошол агент ок чыгарган. Үч жолу ок атылган соң унаа башкарууну жоготуп, токтоп турган жакын жердеги башка унаага барып урунган.

Truth Social платформасында Трамп жол тандабас ICE кызматкерин катуу сүзгөнүн жазган.

"Анын тирүү калганы таң калыштуу, бирок азыр ал ооруканада дарыланып жатат",- деп жазган ал.

Президент ошондой эле "радикал солчуларды" ICE кызматкерлерине каршы"күн сайын коркутуулар жана кол салуулар" үчүн айыптаган.