АКШ визасын алууну каалаган кыргызстандыктар үчүн кошумча талаптар киргизилди

Сүрөттүн булагы, Getty Images
АКШ визасын алууну каалаган кыргызстандыктар үчүн кошумча талаптар киргизилди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
6-январда АКШнын Мамлекеттик департаменти Кошмо Штаттарга кирүүдө визалык күрөө төлөө талап кылынган мамлекеттердин тизмеси кеңейтилгенин кабарлаган эле. Мекеменин расмий сайтына жарыяланган маалыматка ылайык, бул тизмеге дагы 25 өлкө кошулган. Арасында Кыргызстан дагы бар.
Эми быйыл 21-январдан тартып бир катар чет мамлекеттер менен бирге Кыргызстан жарандары B-1/B-2 категориясындагы (туристтик жана иш сапар) виза алуу үчүн 5 миңден 15 миң АКШ долларына чейинки өлчөмдө каржылык күрөө төлөө талабы киргизилет.
Каржылык күрөөнүн так өлчөмү маектешүүнүн жүрүшүндө консулдук кызматкер тарабынан жеке тартипте аныкталат.
Мындан тышкары, арыз берүүчү консулдук кызматкердин тиешелүү көрсөтмөсү берилгенден кийин гана АКШнын Ички коопсуздук министрлигинин I-352 формасын толтурууга жана АКШнын Каржы министрлигинин Pay.gov онлайн төлөм платформасы аркылуу каржылык күрөө шарттарына макул экендигин тастыктоого милдеттүү.
Бирок каржылык күрөөнүн төлөнүшү визанын берилишине кепилдик бербейт. АКШнын аймагында иммиграциялык статус өзгөртүлгөн учурда же уруксат берилген мөөнөттөн ашыкча калган учурда күрөө кайтарылбайт. Көрсөтүлгөн талаптар күчүнө киргенден кийин берилген жаңы арыздарга гана колдонулат.
Андан тышкары каржылык күрөө шартында виза алган жарандар АКШга Бостон шаарындагы Логан эл аралык аэропорту, Нью-Йорк шаарындагы Жон Ф. Кеннеди атындагы эл аралык аэропорту, Вашингтон шаарындагы Даллес атындагы эл аралык аэропорту аркылуу гана кирип, чыга алат.
"Көрсөтүлгөн талаптарды сактабаган учурда АКШга кирүүдөн баш тартууга же чыгуу процессинин туура эмес таризделишине алып келиши мүмкүн. Белгиленгендей, айрым чет мамлекеттердин бул тизмеге киргизилиши тиешелүү мамлекеттердин жарандары тарабынан визалык режимдин бузулушунун жогорку деңгээли аныкталгандыгы менен шартталган. Ушуга байланыштуу АКШга барууну пландап жаткан жарандарды визалык талаптардагы өзгөрүүлөр менен алдын ала таанышууга, виза алуу жана АКШда жүрүү шарттарын так сактоого, ошондой эле кабыл алуучу өлкөнүн визалык жана миграциялык мыйзамдарын бузбоого чакырат",- деп айтылат Тышкы иштер министрлигинин маалыматында.
Белгилей кетсек, Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен бул тизмеге Кыргызстан менен катар Тажикстан жана Түркмөнстан да киргизилген.
2025-жылдын жайында АКШнын Мамлекеттик департаменти кыргыз жарандарына 10 жылдык мөөнөткө чейин берилчү иммиграциялык эмес B 1/B 2 визалардын (туристтик/бизнес визалар) мөөнөтүн 3 айга чейин кыскарткан.
Кошмо Штаттар муну президент Дональд Трамптын "АКШны чет элдик террористтерден жана башка улуттук, коомдук коркунучтардан коргоо" буйругу менен байланыштырган.
Ал ортодо Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов АКШ менен Кыргызстан ортосундагы виза маселесин кайра карап чыгуу зарылдыгын билдирди. Бул тууралуу ал X социалдык тармагынагы баракчасына жазды.
Ал визалык саясат тең укуктуулук жана өз ара сый урмат менен коштоло турганын айтып, жарандар үчүн мындай тоскоолдуктарды эч нерсе болбогондой карап туру мүмкүн эместигин кошумчалады.












