Европадагы борошо: алты адам каза болду, жүздөгөн аба каттамдары токтотулду

снегоуборочные машины в аэропорте Схипхол в Амстердаме

Сүрөттүн булагы, EPA/Shutterstock

Калың кар жана муздун кесепетинен Европанын бардык аймактарында транспорттун иши үзгүлтүккө учурады. Расмий маалыматка караганда, катаал аба ырайына байланыштуу катталган кырсыктардан улам континентте алты адам каза болду.

Европа боюнча жүздөгөн авиакаттамдар токтотулуп, миңдеген жүргүнчүлөр Париж жана Амстердам аэропортторунда ара жолдо калды.

Франциянын түштүк-батышындагы Ланд департаментинде тайгактан улам үч адам каза болду.

Парижде дагы эки адам жол кырсыгынан улам өмүр менен кош айтышты. Полициянын маалыматына караганда, Париждин чыгыш тарабында жеңил унаа менен жүк ташуучу унаа кагылышкан.

Жергиликтүү медиа кабарлагандай, дагы бир учурда калың кардын айынан такси бордюрга урунуп, Марна дарыясына кулап кетти.

Балкан аймагында да калың кар, нөшөрлөгөн жаан-чачын катталды. Дүйшөмбү күнү Босниянын борбору Сараеводо дарак нымдуу карды көтөрө албай сынып, анын астында турган аял каза болду.

Франциянын транспорт министри Филипп Табаро шаршемби күнү өлкөдө кар дагы жаай турганын билдирди. Ал жарандарды мүмкүн болушунча сапарга чыкпай, үйдөн иштөөгө чакырды.

Франциянын Улуттук метеорологиялык кызматы шаршемби күнү 38 департамент аба ырайынын катаал шартына байланыштуу "кызгылт сары" деңгээлге өткөрүлө турганын маалымдады. Айрым аймактарда темир жол каттамдарынын көбү токтотулду.

Амстердамдагы Схипхол аэропортунда шаршемби күнү 400дөн ашуун авиакаттам токтотулду.

Жүздөгөн жүргүнчүлөр аэропортто калып, көбү каттамдарына жетише алган жок. Авиакомпаниялардын тейлөө текчелеринде узун кезектер пайда болуп, адамдар каттамдардын качан жанданары тууралуу маалыматты күтүштү. Токтотулган каттамдардын көбүн нидерланддык KLM авиакомпаниясы аткармак. Компания учактарды муздан тазалоо үчүн колдонулуучу суюктук дээрлик түгөнүп калганын эскертти.

Люди смотрят на табло в аэропорту

Сүрөттүн булагы, Reuters

Схипхол аэропортунда көптөгөн жүргүнчүлөр узун кезекке жана маалыматтын жетишсиздигине нааразы болушту.

Нидерланддын NOS телерадиокомпаниясы шаршемби күнү Схипхолдон учары пландалган дагы 600 каттам кошумча түрдө токтотулганын маалымдады.

Темир жол каттамдары да үзгүлтүккө учурады.

Шейшемби күнү эртең менен Нидерландыда IT-системалардагы мүчүлүштүктөн улам поезддердин кыймылы кыска убакытка толугу менен токтотулду.

Айрым поезддер жергиликтүү убакыт боюнча кечээ саат 09:00дөн кийин кайра жүрө баштаганы менен, көйгөйлөр күн бою уланды. Амстердам–Париж багытындагы Eurostar поезддери айрым учурларда токтотулуп, айрымдары жолго кечигип чыгышты.