ТИМ кыргыз жарандарын Иранга убактылуу барбай турууга чакырды

Иран

Сүрөттүн булагы, Courtesy

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Ирандагы соңку кырдаалга байланыштуу кыргыз жарандарына расмий билдирүү менен кайрылды. Расмий маалыматка ылайык, 2026-жылдын 6-январына карата Ирандын аймагындагы нааразычылык акцияларынын жүрүшүндө жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок.

Мекеме кыргыз жарандарын шашылыш жана аргасыз жумуштар болбосо, Иранга убактылуу барбай турууга чакырды.

"Ирандын аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына төмөнкүлөр сунушталат:

- сактыкты жана этияттыкты жогорулатуу;

- эл көп чогулган жерлерден, демонстрациялардан жана башка нааразычылык акцияларынан оолак болуу;

- жергиликтүү бийликтин жана укук коргоо органдарынын талаптарын жана сунуштарын так сактоо; жаныңызда инсандыкты ырастоочу документтер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Элчилигинин байланыш маалыматтары болушу керек;

- жергиликтүү бийликтин жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн расмий билдирүүлөрүнө көз салып туруу" деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.

Иранда нааразычылык акциялары башталгандан бери 10 күн өттү. Акциялар жекшемби күнү, 28-декабрда башталган. Алгач алар тынчтык мүнөздө болгон. Баалардын кескин көтөрүлүшү жана иран риалынын АКШ долларына карата курсунун кескин төмөндөшү нааразычылыктарга себеп болгон: бир жыл ичинде доллар болжол менен 80%га кымбаттаган.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Демонстрациялар Тегерандагы дүкөн ээлери экономикалык көйгөйлөрдөн улам иш таштагандан кийин башталган, бирок андан бери демонстранттар саясий талаптарды коюп, митингдердин масштабы кыйла кеңейди.

Укук коргоо уюмдары режимдин коопсуздук күчтөрүн "карапайым адамдарга кол салууга" айыптоодо.

АКШда иштеген "Ирандагы укук коргоочулар" уюмунун (HRAI) маалыматы боюнча, улуттук акчанын кескин арзандашынан жана жашоонун кымбатташынан улам башталган жалпы улуттук митингдер бери дегенде 78 шаарда жана 222 калктуу конушта өтүүдө. HRAI уюму билдиргендей, демонстранттар бийликтин алмашуусун талап кылышууда. Уюмдун маалыматы боюнча, 990 адам камакка алынып, кеминде 20 адам набыт болду.

Президент Масуд Пезешкиандын өкмөтү элди биримдикке чакырып, экономикалык кыйынчылыктар үчүн Тегерандын "душмандарын" айыптады. Мунун алдында бийлик экономикалык реформаларды жүргүзүп, коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнү убада кылган, бирок бул билдирүүлөр митингчилерди токтото алган жок.

Көптөгөн эл аралык санкциялардын натыйжасында Тегеран эл аралык финансы рынокторуна жете албай жатат, ал эми чет элдик активдер тоңдурулган. Өлкөнүн импортко болгон көз карандылыгы кырдаалды курчутуп, инфляция 52 пайызга чейин өстү.

"Ирандын улуттук акчасы болгон риал алты айдын ичинде эле 56% төмөндөп, жекшембиде бир АКШ долларына карата 1 миллион 420 миң долларга чейин арзандады", - деп билдирди Al Jazeera. Улуттук акчанын арзандашы инфляцияга себеп болду; азык-түлүктүн баасы өткөн жылга салыштырмалуу орточо 72 пайызга өстү.