Бакыт Бешимов: Борбор Азия Батыш менен Орусия, Кытай ортосундагы глобалдык каршылыктын аренасына айланды

Сүрөттүн булагы, social media
- Author, Венера Осмокеева
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Жаңырган жылда Кыргызстан үчүн тарыхый мааниге ээ эң орчундуу окуялардын бири өлкө эгемендигинин 35 жылдыгы. Ушул датага байланыштуу АКШнын Бостон шаарындагы Түндүк-Чыгыш университетинин профессору Бакыт Бешимов Би-Би-Сиге маек куруп, Кыргызстандын эгемендиктен кийинки баскан жолуна, коопсуздук маселелерине жана эл аралык аренадагы аброюна байланышкан суроолорго жооп берди.
Би-Би-Си: Кыргызстан 35 жыл ичинде бир нече революциядан, конституциялык өзгөрүүлөрдөн өттү. Натыйжада учурда өлкө туруктуу мамлекеттик институттарды кура алды деп айтууга болобу, же бийликти алмаштыруу маданияты гана калыптанып, система алсыз бойдон калдыбы?
Бакыт Бешимов: Акыркы отуз беш жылдын ичинде Кыргызстан 2005-, 2010- жана 2020-жылдары үч ири зордукчул бийлик алмашууну башынан өткөрдү. Көп учурда бул окуялар «революция» катары даңазаланып келгенине карабастан, аларды реалдуу түрдө ички саясий элиталар уюштурган, айрым учурларда (айрыкча 2010-жылы) тышкы оюнчулар да шыктандырган мамлекеттик төңкөрүштөр катары мүнөздөгөн туура болмок.
Ар бир ирет нааразычылык толкуну жаңы Конституцияны шашылыш кабыл алууга жана саясий системаны формалдуу «кайра жүктөөгө» алып келди, бирок укуктук эрежелерге таянган туруктуу институттар чыңдалган жок. 2010-жылкы Конституция парламенттин ролун бир аз күчөткөнү менен, 2021-жылдагы конституциялык реформа кайрадан супер-президенттик моделди киргизип, президенттин ыйгарым укуктарын кеңейтип, Жогорку Кеӊеш менен жергиликтүү өз алдынча башкарууну алсыратты.
Натыйжада бийлик президенттин жана коопсуздук тармагындагы тар чөйрөдөгү элитанын колуна жогору даражада топтолду. Азыркы режим оппозицияга жана көз каранды эмес ЖМКга системалуу басым көрсөтүү аркылуу туруктуу автократия курууга аракеттенүүдө. Кыска мөөнөттө бул кадамдар массалык нааразычылыкты басаңдатышы мүмкүн, бирок системаны түзүмдүк жактан алсыз абалда калтырат. Бийлик алмашуу боюнча коркунучтун негизги очогу көчөдөгү толкундоолордон элитанын ички күрөшүнө, анын ичинде коопсуздук аппаратынын ичинде болушу мүмкүн болгон төңкөрүш тобокелдиктерине жылып бара жатат. Бул аппарат бара-бара саясий жетекчилик өзү көзөмөлдөй албай турган деңгээлге чейин күч алышы мүмкүн.
Би-Би-Си: Кыргызстан коңшу өлкөлөрдүн арасында, дүйнөлүк аренада канчалык өз оордун тапты. Башкача айтканда, тышкы саясатта кандай жетишкендиктерге жете алды?
Бакыт Бешимов: Тышкы саясатта Кыргызстан жана анын коңшулары Кытай, Орусия жана АКШ сыяктуу атаандаш дүйнөлүк күч борборлорунун ортосунда көп векторлуу стратегия аркылуу маневр жасоого аргасыз. ЖККУ жана Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө болуу Бишкекти Москвага тыгыз байлап турса, Шанхай кызматташтык уюмуна катышуу Кытай менен интеграцияны тереңдетүүдө.
2014-жылга чейин АКШнын «Манас» транзиттик борборунун болушу Кыргызстанды Афганистандагы операциялар үчүн маанилүү логистикалык түйүнгө жана Вашингтон менен Москванын атаандаштыгынын очогуна айландырган.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
2010-жылкы саясий кризис чакан мамлекет үчүн аскерий база жана ижара маселесинде ири державаларды бири-бирине каршы «ойнотуу» канчалык кооптуу экенин айкын көрсөттү. Андан бери Кыргызстан коопсуздук жана экономика жаатында көбүрөөк Орусия менен Кытайга таянууга мажбур болуп, ошол эле учурда ЕБ жана АКШ менен C5+1 форматы жана өнүгүүгө көмөк программалары аркылуу чектелген кызматташууну улантууда.
Тышкы саясаттагы сейрек, бирок маанилүү жетишкендиктердин бири – Өзбекстан менен чек араны дээрлик толук делимитациялоо жана мамилелерди нормалдаштыруу болду. Бул чыңалууларды азайтып, чек ара аркылуу соода жана суу ресурстарын биргелешип пайдаланууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты. Мындан ары негизги чакырык – бардык ири державалардан коопсуз аралыкты сактап, ишенимдүү, бирок көз каранды эмес өнөктөш бойдон калуу жана аймактык коопсуздук кызматташтыгын биринчи планга чыгаруу.
Би-Би-Си: Эгемендиктин 35 жылында Кыргызстан ички жаңжалдардан жана аймактык тобокелдиктерден улам ар кандай коопсуздук коркунучтарына дуушар болду. Бүгүн өлкө ички жана тышкы коопсуздукту канчалык деңгээлде бекемдеди, бул жетишкендиктерге кандай кадамдар аркылуу жетти жана келечекте кайсы жагдайларга көңүл буруу зарыл?
Бакыт Бешимов: Коопсуздук чөйрөсүн ички алсыздык менен аймактык динамиканын өз ара аракеттенүүсү аныктайт. 1990 жана 2010-жылдардагы Ош окуялары, радикал идеологиялардын жайылышы жана Афганистандан келип чыккан «тоо ашкан» коркунучтар мамлекеттин аялуу экенин айкын кылды.
2010-жылдан кийин бийлик укук коргоо жана чек ара кызматтарын күчөтүүгө инвестиция салып, тышкы жазыктоочу фактор катары ЖККУ механизмдерине таянды. Ошого карабастан, 2021 жана 2022-жылдары Тажикстан менен болгон чек ара кагылышуулары ондогон адамдардын өмүрүн алып, он миңдеген адамды өз жеринен качууга мажбур кылып, Фергана өрөөнүндөгү локалдуу талаштар кандай тез мамлекеттер аралык зомбулукка айланып кетерин көрсөттү.
Коопсуздукка таянган репрессивдүү мыйзамдар кыска мөөнөттүү туруктуулук бере алганы менен, узак мөөнөттүү терең нааразычылыктарды жаратышы ыктымал. Жалпысынан Борбор Азия Батыш менен бир тарапта, ал эми Орусия менен Кытай экинчи тарапта тирешкен глобалдык каршылыктын негизги аренасына айланды. Ошол эле учурда Түркия, Иран, Израил жана Перс булуңунун мамлекеттери сыяктуу регионалдык күчтөр энергия, инфраструктура жана коопсуздук демилгелери аркылуу өз таасирин күчөтүүдө.
Бул акторлор менен Борбор Азия мамлекеттеринин ортосундагы саммиттер региондун өсүп жаткан стратегиялык маанисин айгинелейт. Кыргызстан үчүн бул жагдай бир эле убакта мүмкүнчүлүктөрдү да, жогорулатылган тобокелдиктерди да жаратат.
Тынчтык менен коопсуздуктун узак мөөнөттүү сакталышы, негизинен, региондук элиталар ички конфликттерди канчалык натыйжалуу башкара аларынын, тышкы күчтөрдүн жергиликтүү нааразычылыктарды өз кызыкчылыгына колдонуу аракетине канчалык туруштук бере аларынын жана аймактык форматтарды символикалык дипломатия үчүн эмес, чыныгы жаңжалдын алдын алуу үчүн канчалык пайдалана аларынын үстүнө жараша болот.
Би-Би-Си: Сиздин оюңузча, чек арага байланыштуу кайсы системалуу көйгөйлөр дагы деле чечилбей калды жана бул өлкөнүн туруктуулугуна, коопсуздугуна кандай таасир этиши мүмкүн?
Бакыт Бешимов: Акыры, чек ара маселелери системалык маанидеги олуттуу чакырык бойдон калууда. Кыргызстан, айрыкча Өзбекстан менен чек арасынын көпчүлүк талаштуу тилкелерин чечип, расмий делимитациялоо боюнча олуттуу жылыш жасады.
Тажикстан менен да 2023–2024-жылдары маанилүү кадамдар жасалганы жарыяланганына карабастан, чек аранын айрым бөлүктөрү дагы эле талаштуу жана жогорку даражада аскерлештирилген бойдон калууда. Формалдуу макулдашуулар чек араны автоматтык түрдө «достук» мейкиндикке айландырбайт.
Көптөгөн жергиликтүү жамааттар үчүн жүрүп-туруу эркиндиги, жер жана суу укуктары, жайыттарга жана базарларга жетүү маселелери али да бүдөмүк бойдон калууда, ал эми 2021–2022-жылдардагы кагылышуулардан калган травма унутула элек.
Кыргызстанга тиешеси жок болсо да, Тажикстан–Афганистан чек арасындагы чыңалуулар наркотрафик, мыйзамсыз жүк жүгүртүү жана радикал топтордун кыймылы аркылуу аймактык коопсуздукка таасир этүүдө. Эгер бул көйгөйлөр биргелешкен комиссиялар, жалпы инфраструктуралык долбоорлор жана жергиликтүү деңгээлдеги мазмундуу диалог аркылуу чечилбесе, чек ара аймактары кайрадан Кыргызстан туруктуулугун алсыраткан жана тышкы манипуляцияга жол ачкан кагылышуу очокторуна айланышы толук мүмкүн.
Би-Би-Си: 35 жыл ичинде өлкө экономикалык моделин бир нече жолу өзгөрттү базар экономикасы, донорлорго таянуу, миграциялык акча агымы. Натыйжада өзүн өзү багууга жөндөмдүү экономика түзүлдүбү?
Бакыт Бешимов: Экономикалык жактан алганда Кыргызстан советтик пландуу чарба системасынан жеке менчикке жана жарандык демилгечилдикке негизделген либералдашкан рыноктук экономикага өттү. Жан башына киреше жана жакырчылыктын көрсөткүчтөрү 1990-жылдарга салыштырмалуу жакшырды, көптөгөн үй-бүлөлөр азыр советтик мезгилге караганда материалдык жактан жакшы жашап калышты.
Калктын олуттуу бөлүгү эми түз мамлекеттик колдоого эмес, чакан бизнеске, соодага жана өзгөчө эмгек мигранттары жиберген акча которууларга таянууда. Ошол эле учурда бул трансформация өз алдынча өзүн камсыздай алган, кеңири диверсификацияланган экономиканы түзө алган жок. Акыркы жылдары негизинен Орусияда иштеген мигранттардын акча которуулары ИДПнын болжол менен үчтөн бир бөлүгүн түзүп, Кыргызстанды дүйнөдөгү акча которууга эң көз каранды өлкөлөрдүн катарына кошууда.
Экспорт негизинен алтынга, айыл чарба продукцияларына жана кайра экспортко ыктаган бойдон калууда, бул өлкөнү сырткы факторго аябай алсыз кылат. Экономика өтө баштапкы өтүү мезгилине караганда жакшыраак жашоо деңгээлин камсыз кылган жагынан «жашоого жөндөмдүү» десек болот, бирок ал структуралык жаңыртууну зарыл талап кылат. Технологиялык модернизация, чийки товарларга жана «челноктук» соодага көз карандылыкты азайтуу, жана жөн гана аман калууга эмес, өндүрүмдүү инвестиция тартууга жана коргоого багытталган бекем институттарды куруу.












