АКШнын Венесуэладагы операциясы. Эмне үчүн бул ишке ашты?

Сүрөттүн булагы, AFP
- Author, Павел Аксенов
- Role, Би-би-синин аскерий серепчиси
Америкалык аскерлердин Венесуэланын президентин колго түшүрүү операциясы атайын күчтөрдүн чакан тобунун аракеттери менен ишке ашты, бирок ага ири күчтөр, анын ичинде 150дөн ашык учак жана дрондор, согуштук кеме жана универсалдуу десанттык кеме тартылган. Операция ийгиликтүү аяктаганы менен, баары башкача да болушу мүмкүн эле.
"Абсолюттук чечкиндүүлүк" деп аталган операция ушунчалык кынтыксыз жүргүзүлгөндүктөн, көптөгөн комментаторлор анын ийгилигине Боливариандын Куралдуу күчтөрүнүн командачылыгы же Венесуэланын өкмөтү менен көмүскө бүтүмдүн жыйынтыгы себеп болушу ыктымал деп эсептешет.
Бирок тыштан караганда операциянын көздөмү жана кандайча уюштурулганы кутум болгон күндө да, америкалыктар Венесуэла армиясынын кудуретине олуттуу мамиле жасашканын көрсөтүп турат. АКШнын ушул өңдүү операциялары оңунан чыкпай калган учурлар да болгон – 1993-жылы Могадишодо атайын күчтөр тик учактардан конуп, "Сомалинин Улуттук альянсынын" эки саясатчысын кармоого аракет кылышкан, бирок натыйжада атайын операция шаардын ичиндеги кармашка өтүп кетип, анда 18 америкалык жоокер набыт болгон.
Мындай операциялар дайыма тобокелдиктер менен коштолуп, кылдат даярдыкты жана чалгын кызматынын, атайын күчтөрдүн координациясын жана абадан кубаттуу колдоону талап кылат. Бул факторлор жетишсиз болсо, анда операция максатына жете албайт.
2022-жылдын 24-февралында Украинага бастырып киргенде Орусиянын армиясы Гостомель аэродромун басып алуу үчүн тик учактан десанттык күчтөрдү таштаганга аракет кылган.
Мындай аракет чоң кармашка айланып, ондогон орусиялык десантчы каза таап, тик учактар атып түшүрүлгөн. Орусиянын аэродромду басып алуу аракетинен майнап чыккан эмес.
Орусиялык аскер күчтөрүнүн ийгиликке жетпей калышына бир нече фактор себеп болгон: операция начар пландаштырылган, так чалгын маалыматтары болгон эмес, ошондой эле авиациянын иш-аракеттери начар координациялангандыктан, Орусия кол салган учурда Украинанын абадан коргоо системасын ошол замат токтото алган эмес.
Америкалыктар балким өздөрүнүн да, башкалардын да катачылыктарын талдап чыгып, абадан жасалчу операциялардын тактикасына түзөтүүлөрдү киргизген болушу ыктымал.
2025-жылдын жайында Израил менен Ирандын ортосундагы АКШ да катышкан 12 күндүк согуштагыдай эле, Венесуэладагы операция абадан коргоо системасын иштен чыгаруу, аба мейкиндигин басып алуу, ошондой эле атайын багыттагы күчтөрдүн камсыздоосу жана колдоосу боюнча заманбап авиациянын мүмкүнчүлүктөрүн көрсөттү.
Күчтүү душман
Биринчиден, бул жолу АКШ бир кыйла күчтүү душман менен тирешти. Боливариандын Куралдуу күчтөрүндө (Венесуэланын армиясы ушундай деп аталат) 123 миң адам бар.
Алардын курамында аскер-аба күчтөрү бар. Кыйратуучу авиациясы болсо Америкада жасалган F-16 A/B үлгүсүндөгү 21 истребителден жана Орусияда жасалган Су-30МКВ үлгүсүндөгү дагы 21 заманбап учактан турат.
Алар америкалык F-22 же F-35 истребителдерине жетпейт, бирок, баары бир орусиялык учактар – бул акыркы төртүнчү муундагы согуштук учактар.

Сүрөттүн булагы, AFP
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Абадан коргоо системасы С-300ВМ мобилдик зениттик-ракеталык комплекстеринин эки дивизиону менен (жалпысынан 12 учуруучу түзмөк) куралданган. Алар чынжырлуу шассиде жасалган, бул болсо мындай комплекстерге аба соккуларынан буйтап, өз позициясын тез өзгөртүүгө мүмкүндүк берет.
Алардан тышкары, абадан коргонуу системасынын курамында Бук-М2Э үлгүсүндөгү тогуз мобилдик түзмөк жана совет маалында эле жасалган 44 эскирген ЗРК С-125 "Печора" бар. Бирок, ЗРК С-125 "Печораны" эсептен чыгарууга болбойт – 1999-жылы Югославиянын асманында F-117 көрүнбөс учак ушундай түзмөктөн атып түшүрүлгөн.
Мындан тышкары, армияда жакын аралыктан атуучу, ракеталык жана артиллериялык көчмө жана кыймылдуу көптөгөн косплекстери бар. Алардын баары атайын багыттагы күчтөрдүн тик учактарын бир заматта жок кыла алат.
Октябрдын этегинде АКШ "Джеральд Форд" согуштук кемесин Венесуэланын жээгине жөнөткөндө, Американын аскер-аба күчтөрү ал жерде орун алып калган болчу – F-35 үлгүсүндөгү 10 истребитель коңшулаш Пуэрто-Рикодо жайгаштырылган, ал эми бомбалоочу учактар деңиздин үстүндө учуп жүргөн эле.
Венесуэланын жетекчилиги бул бери дегенде абада жүргүзүлгөн операция менен аякташы мүмкүн деп болжолдошу керек болчу. Ушундан улам абадан коргоо системасын ага даярдашы керек эле.
Операция максатына жетпей калышы үчүн резиденциянын айланасына гранатометтор менен көчмө зениттик ракеталык комплекс, оор пулемёт жана зениттик замбирек менен куралданган аскерлерди жайгаштыруу жетиштүү болмок.
Операция учурунда тик учактардын бири жабыркаганы менен, артка учуп кете алган. Бул окуянын чоо-жайы белгисиз, бирок, сыягы, аскерлердин бири каршылык көрсөтүүгө аракет кылгандай.
Чабуул
Операция карапайым элдин арасында курмандыктардын болушуна жол бербөө максатын көздөгөн. АКШнын Аскердик-аба күчтөрү Каракасты абадан бомбалай алмак, бирок Дональд Трамптын администрациясы үчүн мындай операциянын саясий кесепеттери өтө жаман болмок.
New York Times гезити жазгандай, жайкын тургундардын арасында курмандыктар бар – жалпысынан 40 венесуэлалык, анын ичинде аскерий жана жайкын тургундар да набыт болду.
Атайын багыттагы күчтөр менен тик учактардын тобу Венесуэланын аба мейкиндигине киргенге чейин авиация ар кандай аскерий базаларга, анын ичинде абадан коргоо системасына жана аэродромдорго чабуул койгон.
Алардын арасында Ла-Карлотадагы негизги авиабаза жана Серро Эл-Волкандагы байланыш объектиси бар, деп маалымдайт Financial Times.

Сүрөттүн булагы, Reuters
CBS'тин маалыматына ылайык, Мадуро жашынып жаткан Каракастагы Fuerte Tiuna башкы аскерий базасына да сокку урулган. Спутниктен алынган сүрөттөрдөн комплекс абдан талкаланганын көрүүгө болот.
Операция учурунда шаарда электр энергиясы өчүрүлгөн. Байланыш да үзүлгөндөй.
Абадан коргоо системаларына, жердеги күчтөрдүн жана авиациянын жайгашкан жерлерине зыян келтирүүдөн тышкары, бул соккулар штабдардын жана башкаруу борборлорунун иш-аракеттеринин координациясын бузуу максатын көздөгөн. Венесуэланын армиясы эч кандай каршылык көрсөтпөгөнүнө караганда, бул план ишке ашты.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Операцияга F-22 жана F-35 учактары тартылгандыктан, аларга өлкөнүн аба мейкиндигине кирген колдоо тобунун ролу берилген. Алар асманды башкарып, истребителдерди кармап калуу үчүн учуу аракеттерин токтото алышкан.
Алардан тышкары операцияга ракеталардан сокку уруп турган B-1B бомбалоочу учактары да катышты.
Операцияга ошондой эле EA-18G Growler радиоэлектрондук согуш учактары, RQ-170 Sentinel учкучсуз көзгө көрүнбөс чалгындоо учактары жана E-2 Hawkeye учуучу радарлары да тартылды.
Бул күчтөрдү жөн эле абада өз ордуларына жайгаштыруу жогорку деңгээлдеги координацияны талап кылат, бирок алар окуялар кандай өнүксө да, ошого жараша аракеттене тургандай даярдалган.
Колго түшүрүү
Дагы бир кыйынчылык – президентти колго түшүрүүнүн өзү болду. Президенттин резиденциясына чейин гана учуп барбастан, аны колго түшүрүү да негизги максат болчу. Ал качып кетпеши керек эле, чабуул маалында же эвакуация учурунда өлүп калбашы керек болчу.
Атайын багыттагы күчтөрдүн машыгуулары Мадуронун резиденциясынын дал өзүндөй болуп АКШда курулган имаратта бир нече жума бою өттү.
Америкалык чалгын кызматы өлкөнүн башкаруу түзүмдөрүнө канчалык терең кирип кеткени белгисиз. Би-Би-Синин кабарчысы Гарет Эванс Вашингтондон кабарлагандай, америкалык тыңчылар бир нече ай бою Николас Мадуронун ар бир кыймылына көз салып келишкен.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Курамына Венесуэла өкмөтүндөгү булак да кирген чакан топ Мадуро кайда уктаганы, эмне жегени жана кандай кийинип жүргөнү тууралуу маалыматтарды берип турган.
Операцияга бардык мүмкүн болгон электрондук чалгындоо каражаттары, анын ичинде спутниктер жана тыңчы-учактар колдонулду. Кибернетикалык мүмкүнчүлүктөр да кеңири колдонулган болушу ыктымал.
План өтө катуу сакталды. Ачыкка чыгып кетпеши үчүн Конгресске да маалымат берилген эмес. Бардык чоо-жайы аныкталгандан кийин гана жогорку аскер аткаминерлери операцияны ишке ашыруу үчүн ыңгайлуу шарттарды гана күтүп калышкан.
Мындай шарттар аба ырайы, шамал, жарык же күчтөрдүн жеринде жайгашуусу жөнүндө маалыматтар болгон.
Тик учактар тобу, анын ичинде чабуулчу AH-64E Apache, транспорттук UH-60M Black Hawk жана CH-47 Chinooks тик учактары абадан коргоо системасынын көзүнө илинип калбаш үчүн бутага карай төмөн бийиктикте учушкан.
Операцияга болгону эки саат жыйырма мүнөт кетти, бирок ага даярдыктар бир нече айга созулган. (ZMa)















