АКШнын Каракастагы операциясы: Трамп Венесуэланын лидери Мадуро кармалганын билдирди

 Фуэрте-Тиуна аскердик базасынын жанындагы жарылуу.

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Фуэрте-Тиуна аскердик базасынын жанындагы өрт.
    • Author, Жаңылыктар бөлүмү
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматы

Президент Дональд Трамп АКШ Венесуэланын лидери Николас Мадурону жана анын аялын кармаганын билдирди. Ал Венесуэлага "кеңири масштабдагы" сокку урулганын ырастады.

Трамп Мадуро өлкөдөн чыгарылып кеткенин Truth Social социалдык түйүнүнө жазды. Бирок деталдарын тактаган жок.

"Америка Кошмо Штаттары Венесуэлага каршы ири масштабдагы операциясын ийгиликтүү өткөрдү. Анын лидери, президент Николас Мадуро аялы менен кошо кармалып, өлкөдөн учак менен чыгарылып кетти. Бул операция АКШнын күч органдары менен биргеликте өткөрүлдү", - деп айтылат Трамптын билдирүүсүндө.

Аны улай АКШнын баш прокурору Пэм Бонди Нью-Йорктогу сот Мадурого наркотеррорчулукка, баңгизат ташууга жана кыйратуучу курал-жарактарга мыйзамсыз ээлик кылууга байланыштуу айып такканын билдирди.

Венесуэланын бийлиги өлкөдө улуттук өзгөчө кырдаал жарыялап, "аскердик агрессияны" четке какты. Бирок өкмөт Мадуронун кармалганы тууралуу Трамптын постуна комментарий берген жок.

Венесуэланын ички иштер министри Диосдадо Кабельо жарандарды тынчтыкка жана өлкөнүн жетекчилиги менен армиясына ишеним артууга чакырды.

Reuters жаңылыктар агенттиги жазгандай, Кабельо: "Дүйнө бул чабуул тууралуу ачык сүйлөп чыгышы керек", - деп айтты.

Адеп Трамп Венесуэланын аймагындагы объектилерге, анын ичинде аскердик жайларга сокку урууга буйрук бергенин америкалык расмий жетекчилер Би-Би-Синин өнөктөшү CBS News телекомпаниясына билдиришкен.

Ишембинин таңында Венесуэланын баш калаасы Каракаста катуу жарылуулардын добушу угулган.

"Жүрөгүм түрсүлдөп согуп, буттарым титиреп чыкты", - деп билдирди Каракастагы жарылууларга күбө болгон тургун Би-Би-Сиге.

Reuters агенттиги кабарлагандай, катуу жарылуулардын добушу Фуэрте-Тиуна аскердик базасынын жанында да угулду жана Каракаста учактар учуп жүрдү.

Ак үй жана Пентагон Венесуэлага сокку урулганына байланыштуу бир нече саат бою комментарий бербей турду.

Линия

Ионе Уэллс, Би-Би-Синин Түштүк Америка боюнча кабарчысы:

АКШ Николас Мадурону эл аралык деңгээлде баңгизат ташууну жетектейт деп көптөн бери айыптап келет. Бирок Мадуро муну четке кагат.

Трамп Мадуронун кантип кармалганы же кайда чыгарылып кеткени тууралуу кенен маалымат берген жок. Венесуэла өкмөтү да муну азырынча тастыктай элек.

АКШ Мадурону камакка алууга жардам берген маалымат үчүн 50 миллион доллар сыйлык убада кылган.

Мындай убада жана акыркы бир нече айда аскердик күчтөрдүн бул чөлкөмдө топтолушу өлкөнүн ичиндеги адамдарга Мадурого каршы чыгууга шыкак берүү катары чечмеленген.

Дональд Трамп Truth Social баракчасындагы билдирүүсүндө Флоридадагы Мар-а-Лаго резиденциясында эртең мененки саат 11:00дө (22:00 Бишкек) маалымат жыйыны болорун кошумчалады.

Линия
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Жо Инвуд, Би-Би-Синин дүйнөлүк жаңылыктар боюнча кабарчысы:

Эгерде, айтылгандай, АКШ Венесуэланын баш калаасынын чок ортосуна "Дельта Форс" атайын даярдыктагы бөлүгүн жөнөтүп, учурдагы президентти аялы менен кошо алып чыгып кеткен болсо, анда бул мурда болуп көрбөгөн окуя болот.

Муну 1989-жылы Панаманын лидери Мануэль Норьеганын атайын күчтөр тарабынан кармалышына салыштырса болот.

Бул экөө тең мурдараак талаштуу шайлоодо жеңишке жеткенин жарыялашкан. Экөө тең АКШ тарабынан баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө катышкан деп айыпталган жана экөө тең кармалар алдында Кошмо Штаттар чөлкөмдө аскердик күчтөрүнүн санын көбөйткөн.

Бирок Норьеганын кармалышын утурлай эки өлкөнүн ортосунда кыска, бирок чечүүчү согуш болгон. Анда Панаманын күчтөрү тез эле жеңилип калган.

Ал Ватикандын элчилигинде баш калкалап, ал жерде 11 күн жашаган.

Акыр аягында "психологиялык чабуул" колдонулгандан кийин, тактап айтканда, The Clash, Van Halen жана U2 сыяктуу топтордун рок музыкасы тынымсыз, катуу ойнотулгандан кийин Норьеганы ал жерден кетүүгө көндүрүшкөн.

Норьеганы АКШга алып келишкен соң, ал баңги зат кылмыштарына байланыштуу соттолгон.

Ал эми Николас Мадурону кармоо операциясынын чоо-жайы азырынча белгисиз. Бирок президентти жана анын аялын кургактагы күчтөрдү колдонбостон алып чыгып кетишкенин эске алганда бул масштабы жагынан абдан дымактуу операция болгондой.

Мадуронун тагдыры азырынча белгисиз. Бирок ал АКШнын түрмөсүнө камалат деп боолгосок болот.

Линия
Венесуэла

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images

"Баңгизатка каршы күрөш"

2025-жылдын сентябрь айынан бери Америка Кошмо Штаттары Кариб деңизинде жана Тынч океанынын чыгышында баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен байланышы бар деген негизде 20дан ашык кемени жок кылган. Бул операцияларда кеминде 100 адам каза болду.

АКШ Кариб деңизине сокку уруучу кемелердин тобун, анын ичинде дүйнөдөгү эң ири аскердик учак ташуучу USS Gerald R. Ford кемесин, учактарды жана 15 миңден ашык аскер кызматкерин жайгаштырган.

Вашингтон АКШга фентанил менен кокаиндин аткезчилик жол менен жеткирилишин алдын алуу үчүн аймактагы аскердик контингенттин саны көбөйтүлгөнүн билдирген.

Буга чейин Трамптын администрациясы Венесуэланы мунай соодасынан түшкөн кирешени баңгизатка байланыштуу кылмыштарды каржылоо үчүн колдонгон деп айыптаган. Мындан тышкары АКШ күчтөрү Венесуэланын жээгинде кеминде эки мунай танкерине көзөмөлүн орноткон.

Венесуэланын президенти Николас Мадуро өзү же өкмөт баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар деген айыптоолорду четке кагып, АКШны "баңгизаттарга каршы согушту" анын бийлигин кулатууга жана Венесуэланын ири мунай запастарын басып алууга аракет кылуу үчүн шылтоо катары колдонгон деп айыптаган.

Бейшемби күнү Мадуро баңгизаттарга каршы күрөшүү маселесинде АКШ менен сүйлөшүүлөргө ачык экенин айткан.

63 жаштагы Николас Мадуро Венесуэланы Уго Чавес 2013-жылы көз жумгандан бери башкарып келген. Ага өлкөдөгү одоно укук бузууларга байланыштуу да кине тагылып жүрөт.