Эмне үчүн АКШ Венесуэлага сокку уруп, Мадурону кармады?

Сүрөттүн булагы, Reuters
- Author, Ванесса Бушшлүтер
- Role, Латын Америка боюнча редактор
АКШ президенти Дональд Трамп Венесуэлада бийликти коопсуз, талаптагыдай жана акыл калчанган шартта өткөрүп берүү жараяны ишке ашкыча өлкөнү Америка "башкара" турганын айтты.
Анын алдында АКШнын күчтөрү Венесуэлага сокку уруп, өлкөнү дээрлик 12 жылдан бери башкарып келген Николас Мадурону жана анын жубайы Силия Флорести Америкага чыгарып кетти. Аларга Нью-Йоркто баңгизат ташууга байланыштуу айып коюлууда.
Бул окуялар АКШнын Венесуэлага узактан берки басымынан кийин ишке ашып отурат. Алдыда Мадуронун кармалышы менен коштолгон соңку окуяларга түрткү берген жагдайларды түшүндүрүп беребиз.
Эмне үчүн Трамп Мадурону бутага алды?
Трамп жүз миңдеген венесуэлалык мигранттар АКШга келип жатат деп Николас Мадурону айыптап келет.
2013-жылдан бери Венесуэладагы экономикалык кризистен жана кысымдан улам жер которгондордун жалпы саны сегиз миллионго чукул.
Трамп эч кандай далил көрсөтпөстөн Мадурону "түрмөлөрдү жана психиатриялык бейтапканаларды бошотуп", камалгандарды АКШга көчүп кетүүгө "мажбурлап жатат" деп күнөөлөгөн.
Ошондой эле Трамп баңгизаттардын, айрыкча фентанил менен кокаиндин ири көлөмдө АКШга ташылып жатканына каршы күрөшкө көңүл бурган.
Трамп эки венесуэлалык кылмыш тобун эл аралык террористтик уюм деп жарыялаган. Алар: "Трен де Арагуа" (Tren de Aragua) жана "Картел де лос Солес" (Cartel de los Soles). Трамп экинчи уюмду Мадуро өзү жетектейт деп күнөөлөгөн.
Талдоочулар белгилегендей, "Картел де лос Солес" иерархиялык бир топ эмес. Бирок ал өлкөдөн кокаинди алып өтүүгө уруксат берген жемкор венесуэлалык аткаминерлерге карата колдонулган сөз.
Андан тышкары Трамп Мадурону кармоого көмөктөшүүчү маалымат бергендерге сый акыны эки эсеге көбөйтүп, Мадуронун бийлигин эл аралык террористтик уюм деп тааный турганын билдирген.
Мадуро болсо картелдин башчысы деген сөздөрдү четке кагып, АКШ "маңзатка каршы согушту" жамынып алып, өзүн бийликтен кулатууга жана Венесуэланын ири мунай коруна ээлик кылууга аракет кылып жатат деп күнөөлөгөн.
Кантип АКШ Венесуэлага каршы басымды күчөттү?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Трамп экинчи жолу президенттикке былтыр январда шайланып келгенден бери Мадуронун бийлигине каршы басымды күчөтүп келген.
Башында Трамптын администрациясы Мадурону кармоого жардамы тийген маалымат бергендерге сый акыны эки эсеге көбөйткөн.
Сентябрда АКШнын аскердик күчтөрү Түштүк Америкадан АКШга баңгизат ташып баратат делген кемелерди бутага ала баштаган.
Ал кезде Кариб деңизиндеги жана Тынч океанындагы кемелерге 30дан ашуун чабуул болуп, 100дон ашуун киши мерт болгон.
Трамптын администрациясы маңзат ташыганы айтылган топтор менен эл аралык эмес куралдуу жаңжалдарга кириптер болуп жатканын билдирип, бул топторду АКШга каршы аскердик аракеттерге айыптап келет.
Укуктук маселелер боюнча көптөгөн эксперттердин айтымында, соккулар "мыйзамдуу аскердик буталарга" каршы урулган эмес. 2-сентябрдагы алгачкы кол салууга өзгөчө көңүл бурулган. Анткени анда бир эмес, эки жолу чабуул жасалып, биринчисинен аман калгандар экинчисинде жок кылынган.
Эл аралык кылмыш сотунун мурдагы башкы прокурору Би-Би-Сиге билдиргендей, АКШнын аскердик өнөктүгү тынч мезгилде жайкын тургундарга каршы пландаштырылган, системалык кол салуу категориясына кирет.
Ага жооп катары Ак үйдөн билдиришкендей, өлкө "жээктерибизге уу алып келүүгө аракеттенген... америкалыктардын жашоосун талкалаган" картелдерден коргоо үчүн куралдуу жаңжал боюнча мыйзамга ылайык аракет кылган.
Октябрда Трамп Борбордук чалгындоо агенттигине (CIA) Венесуэланын ичинде жашыруун операция жүргүзүүгө уруксат бергенин айткан.
Ошондой эле ал өзү "баңги-террорчулары" деп атаган топторго каршы сокку уруларын айтып коркуткан.
Анын айтымында, мындай соккулардын биринчиси 24-декабрда ишке ашырылган. Ал көп маалымат берген эмес, бирок баңгизат ташыганы айтылган "кемелер келип токтогон аймакты" бутага алганын билдирген.
Мадурону кармаганга чейин Трамп Мадуро "АКШнын досу эмес" экенин көп жолу айтып, "акыл-эси барында кетип калууну" эскерткен.
Трамп Венесуэлага кирип чыккан мунай танкерлеринин баарын "толугу менен бөгөттөй" турганын жар салып, Мадурого каршы каржылык басымды да күчөткөн. Мадуронун бийлиги үчүн мунай сырттан келген кирешенин негизги булагы.
АКШ Кариб деңизинде ири аскердик күчүн жайгаштырып, анын максаты АКШга ташылып келген фентанил менен кокаиндин агымын токтотуу экенин айткан.
Маңзат ташып баратат делген кемелерге кол салуудан тышкары куралдуу күчтөр АКШнын деңиз аскердик блокадасында да чоң роль ойношту.
Венесуэла АКШга баңгизат ташып жатабы?
Баңгизатка каршы күрөшүү боюнча эксперттердин айтымында, Венесуэла дүйнөлүк маңзат ташууда салыштырмалуу анча деле чоң оюнчу эмес. Ал транзиттик өлкө. Венесуэла аркылуу ташылган маңзат башка өлкөлөрдө өндүрүлүп, үчүнчү өлкөлөргө жеткирилет.
Венесуэланын кошунасы Колумбия дүйнөдөгү эң ири кокаин өндүрүүчү, бирок анын көбү АКШга Венесуэла аркылуу эмес, башка багыттар менен өтөт.
АКШнын 2020-жылдагы Баңгизатка каршы күрөш башкармалыгынын баяндамасына ылайык, АКШга жеткен кокаиндин дээрлик төрттөн үчү Тынч океаны аркылуу ташылып келет. Аз гана бөлүгү Карибдеги ылдам кемелер менен жеткирилет.
Ошентсе да АКШнын көпчүлүк соккулары Кариб деңизинде урулса, ал эми жакынкылары Тынч океанына багыт алган.
Сентябрда Трамп АКШнын аскердик жетекчилерине бутага алынган кемелерде "негизинен фентанил жана башка баңгизаттардан турган ак күкүм салынган баштыктар болгонун" айткан.
Фентанил героинден 50 эсе күчтүү синтетикалык маңзат. Ал АКШда баңгизатты ашыкча колдонуунун натыйжасында катталган өлүмдөрдүн негизги себебине айланган.
15-декабрда Трамп фентанилди "массалык кыргын куралы" деп тааныган жарлыкка кол койду. Анын билдиришинче, фентанил "баңгизатка караганда химиялык куралга жакыныраак".
Бирок фентанил негизинен Мексикада өндүрүлөт жана АКШга түштүк чек арасы аркылуу жеткирилет.
Венесуэла болсо АКШнын Баңгизатка каршы күрөш башкармалыгынын 2025-жылдагы баяндамасында АКШга фентанил жеткирген өлкөлөрдүн тизмесине киргизилген эмес.
Мадуро бийликке кантип келген?

Сүрөттүн булагы, Reuters
Николас Мадуро өлкөнү солчул президент Уго Чавес жетектеп турганда жана анын Венесуэла бириккен социалисттик партиясынын (PSUV) тушунда таанымал боло баштаган.
Мурдагы автобус айдоочусу жана профсоюз жетекчиси Мадуро 2013-жылы Чавестен кийин президенттикке келген.
Чавес менен Мадуро бийликте турган 26 жыл бою алардын партиясы башкы институттарды колго алууга жетишкен. Мисалы, Улуттук ассамблеяны, сот системасынын жана шайлоо комиссиясынын көпчүлүк бөлүгүн айтууга болот.
2024-жылы шайлоо комиссиясы оппозиция чогулткан шайлоо жыйынтыктары оппозиция өкүлү Эдмундо Гонсалес ишеничтүү жеңишке жеткенин көрсөткөнүнө карабастан Мадурону президенттик шайлоодо утуп чыкканын жарыялаган.
Гонсалес негизги оппозициячыл лидер Мария Корина Мачадонун ордун ээлеп калган. Мачадого аталган кызматка ат салышууга тыюу салынган болчу.
Октябрда Мачадо "диктаторлуктан демократияга өтүүгө багытталган чынчыл жана тынч күрөшү" үчүн Нобелдин тынчтык сыйлыгын алган.
Салынган тыюуга карабастан Мачадо декабрда Ослого барып, сыйлыгын алган. Ага чейин ал бир нече ай жашырынып жүргөн болчу.
Ал Венесуэлага кайтып барууну пландап жатканын айткан. Эгер ал мындай кадамга барса, Венесуэланын бийлиги аны кармап кетиши ыктыма. Себеби ал өлкөдө "качкын" деп таанылган.
Кариб деңизинде АКШнын куралдуу күчү канчалык?

Сүрөттүн булагы, US Navy/Reuters
АКШ Карибде 15 миң аскер, учак алып жүрүүчү, ракеталык сокку уруучу бир нече кемелерди жана десанттык амфибия кемелерин жайагаштырган.
АКШнын деңиз аскердик күчүнүн катарын дүйнөдөгү эң чоң учак ташуучу "Жералд Форд" согуштук кемеси толуктайт.
10-декабрда АКШнын аскердик күчтөрү Венесуэланын жээктеринде мунай танкерлерин кармап алганга чейин АКШнын тик учактары ошол кемеден учуп чыкканы кабарланган.
АКШнын билдиришинче, аталган танкер "Венесуэла менен Ирандан санкцияга түшкөн мунайды ташуу үчүн пайдаланылган". Венесуэла бул кадамды "эл аралык талоончулук" деп атаган.
Андан кийин АКШ Венесуэланын жээктеринде дагы эки танкерди бутага алган.
Венесуэла канча мунай экспорттойт жана аны ким сатып алат?
Мадуро Трамптын администрациясы аны кулатууга аракет кылып жүргөнүн көптөн бери айтып күнөөлөп келет. Анын билдиришинче, АКШ Венесуэланын мунайын көзөмөлдөө үчүн мындай кадамга барууда. Анда АКШ Венесуэланын жээктериндеги алгачкы мунай танкерин тартып алгандан кийин Трамп билдирүү жасап чыккан болчу.
Танкердин тагдыры туурасындагы кабарчылардын суроолоруна жооп берип жатып, ал төмөнкүдөй билдирген: "Мунайды өзүбүздө калтырсак керек".
Бирок АКШнын расмийлери мурда Венесуэланын айыптоолорун четке кагып келген. Анда Мадуронун бийлигине каршы аракеттер өлкөдөгү иштетиле элек резервдерди алуу максатын көздөөрү айтылган.
Венесуэла дүйнө жүзү боюнча эң ири чийки мунай коруна ээлик кылат. Мунай тармагынан түшкөн киреше өлкө бюджетинин жарымынан көбүн жабат.
Бирок мунай экспорту санкцияларга туш болуп, инвестиция тарта албай калган. Ага Венесуэла мамлекеттик мунай компаниясындагы башкаруунун начардыгы да таасир эткен.
АКШнын Энергетикалык маалымат башкармалыгынын маалыматына ылайык, 2023-жылы Венесуэла дүйнөлүк чийки мунайдын 0,8% гана өндүргөн.
Учурда өлкө күнүнө 900 миң баррелдей мунай экспорттойт жана аны эң көп сатып алган мамлекет — Кытай.














