Николас Мадуро Нью-Йорктогу абакка жеткирилди

Мадуро Нью-Йоркко жеткирилген учур.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мадуро Нью-Йоркко жеткирилген учур.

Венесуэланын президенти Николас Мадуро жана анын жубайы Силия Флорес АКШнын Нью-Йорк шаарындагы убактылуу кармоочу жайга жеткирилди. Аларга баңгизат ташууга байланыштуу айыптар коюлууда. АКШнын күчтөрү ишембинин таңында Венесуэланын баш калаасы Каракаста атайын операция жүргүзүп, Мадурону жана анын жубайын өлкөдөн чыгарып кеткен. Президент Дональд Трамп Венесуэлада бийликти коопсуз, талаптагыдай шартта өткөрүп берүү жараяны ишке ашканга чейин өлкөнү Америка башкара турганын айтты.

Венесуэланы дээрлик 12 жылдан бери башкарып келе жаткан Николас Мадуро учурда Нью-Йорктун Бруклин районундагы убактылуу кармоо жайында отурат. Ал сот отурумуна чейин бул жакта кармалат. Маалыматтарга ылайык, сот процесси дүйшөмбү күнү башталышы мүмкүн.

Буга чейин Кошмо Штаттардын баш прокурору Пэм Бонди Нью-Йорктогу сот Мадурого наркотеррорчулукка, баңгизат ташууга жана кыйратуучу курал-жарактарга мыйзамсыз ээлик кылууга байланыштуу айып такканын маалымдаган. Буга чейин Мадуро мындай айыптарды четке каккан.

Ал арада Венесуэланын Жогорку соту вице-президент Делси Родригести мамлекет башчынын милдетин аткаруучу кылып дайындады. Родригес Мадуронун тилектештеринин бири деп сыпатталып келген. Ал АКШнын Каракастагы операциясынан кийин Венесуэладагы "жалгыз президент" Мадуро экенин айткан.

"Нью-Йорк Таймс" басылмасы АКШнын соккуларынан Венесуэлада 40тай адам каза тапканын, алардын арасында жайкын тургундар да бар экенин венесуэлалык аткаминерге шилтеме кылып жазды. Бирок бул сан расмий түрдө бышыктала элек.

Трамптын билдирүүсү

Дональд Трамп ишембиде жергиликтүү убакыт боюнча түшкө жуук Флоридада маалымат жыйынын өткөрүп, АКШнын Каракастагы операциясы жана Венесуэланын лидери Николас Мадуронун кармалышы тууралуу маалымат берди.

Ал Кошмо Штаттар Венесуэланы бийликти өткөрүп берүү жараяны орун алганга чейин башкара турганын айтты.

"Биз бийликти коопсуз, туура жана акыл калчанган шартта өткөрүп берүүнү ишке ашыра алган убакытка чейин өлкөнү башкарабыз. Биз башка бирөө келип калган абалга кириптер болгубуз келбейт. Биз ушундай абалга узак жылдар бою туш болгонбуз", - деди Трамп. - "Биз Венесуэланын улуу элине тынчтык, эркиндик жана адилеттик каалайбыз. Алардын арасында азыр АКШда жашап жаткан жана өз өлкөсүнө, өз мекенине кайтып баргысы келген көптөгөн венесуэлалыктар бар".

Флоридадагы маалымат жыйыны.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Флоридадагы маалымат жыйыны.

Ал ошондой эле Американын мунай компаниялары Венесуэланын "талкаланган инфраструктурасын" оңдоп, "бул өлкө үчүн акча табууга" көмөктөшө турганын белгиледи.

«Биз Венесуэланын элин бай, көз карандысыз кылабыз жана анын коопсуздугун камсыздайбыз", - деди АКШ президенти.

Трамп Каракастагы операцияда бир дагы америкалык аскер набыт болбогонун белгилеп, зарыл болсо, Кошмо Штаттар Венесуэлага экинчи жолу "дагы чоңураак" сокку урууга даяр экенин эскертти.

АКШ президенти басма сөз жыйынынын алдында Мадуронун кара көз айнек жана кулагына кулакчын тагылган сүрөтүн өзүнүн Truth Social социалдык түйүнүндөгү барагына жарыялап, сүрөт Американын "Иводзима" аскердик кемесинде тартылганын жазды.

Мындан тышкары Трамп Флоридадагы маалымат жыйынында Мадуро жана анын аялы Нью-Йоркко жеткирилип, баңгизат ташууга байланыштуу жоопко тартыларын кошумчалады. Буга чейин Мадуро баңгизат картелинин башчысы болгону тууралуу дооматтарды четке каккан.

Мадуронун Трамп жарыялаган сүрөтү

Сүрөттүн булагы, truthsocial.com/@realDonaldTrump

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мадуронун Трамп жарыялаган сүрөтү
Линия
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Энтони Зуркер, Би-Би-Синин Түндүк Америка боюнча кабарчысы:

АКШ Николас Мадурону бийликтен четтетүү боюнча аракетке өткөндөн кийин Американын Венесуэладагы кийлигишүүсү тууралуу кандайдыр бир күмөн ойлор калган болсо, анда Дональд Трамп андай ойлорду толугу менен жокко чыгарды.

"Биз бийликти коопсуз, туура жана акыл калчанган шартта өткөрүп берүүнү ишке ашыра алган убакытка чейин өлкөнү башкарабыз”, - деди ал.

Түштүк Америкадагы бул өлкө азыр экономикалык жана саясий жактан олку-солку абалда турганын эске алганда бул батыл билдирүү болду.

АКШнын Иракка басып киришин кескин сынга алган Трамп эми бир өлкөнү кайра курууга киришкендей. Ошондой эле эми ал Американын аскердик аракеттеринин кесепеттерин жөнгө салышы керек болот.

Ирактагы согушту пландоонун артында тургандардын бири, мамлекеттик катчы Колин Пауэлл: «Эгер сиз бир нерсени бузсаңыз, анда сиз ага ээлик кыласыз», - деп айткан.

Ошентип, АКШ азыр Венесуэланын келечегине ээлик кылып калды. Бул жакшы, же жаман аяктайбы – аны убакыт көрсөтөт.

Линия

Каракастагы операциянын чоо-жайы

Трамп Венесуэланын аймагындагы объектилерге, анын ичинде аскердик жайларга сокку урууга буйрук бергенин адеп америкалык расмий жетекчилер Би-Би-Синин өнөктөшү CBS News телекомпаниясына билдиришкен.

Ишембинин таңында Венесуэланын баш калаасы Каракаста катуу жарылуулардын добушу угулган.

"Жүрөгүм түрсүлдөп согуп, буттарым титиреп чыкты", - деп билдирди Каракастагы жарылууларга күбө болгон тургун Би-Би-Сиге.

Reuters агенттиги кабарлагандай, катуу жарылуулардын добушу Фуэрте-Тиуна аскердик базасынын жанында да угулду жана Каракаста учактар учуп жүрдү.

Венесуэланын бийлиги өлкөдө улуттук өзгөчө кырдаал жарыялап, Каракастагы чабуулдарды "аскердик агрессия" деп сыпаттады.

Венесуэланын ички иштер министри Диосдадо Кабельо жарандарды тынчтыкка жана өлкөнүн жетекчилиги менен армиясына ишеним артууга чакырды.

Reuters жаңылыктар агенттиги жазгандай, Кабельо: "Дүйнө бул чабуул тууралуу ачык сүйлөп чыгышы керек", - деп айтты.

Каракастагы жарылуулар

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Каракастагы жарылуулар

Эл аралык реакция

Венесуэланын бир катар өнөктөштөрү АКШнын соккуларын айыпташты. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Каракастагы операцияны "Венесуэлага каршы куралдуу агрессия актысы" деп сыпаттады.

Министрлик дагы бир билдирүүсүндө Мадурону жана анын жубайын "мажбурлап чыгарып кетүүгө" байланыштуу "тез арада түшүндүрмө берүүнү" талап кылды.

Кытай, Куба жана Иран дагы АКШнын операциясын айыпташты. Тегеран чабуулду Венесуэланын "улуттук суверендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн одоно бузуу" деп мүнөздөп, БУУнун Коопсуздук Кеңешин кийлигишүүгө чакырды.

Коңшу Колумбиянын президенти Густаво Петро социалдык медиада "Колумбия өкмөтү Венесуэланын жана Латын Америкасынын суверендүүлүгүнө каршы агрессияны четке кагат" деп билдирди.

Еврошаркеттин башкы дипломаты Кая Каллас АКШнын Венесуэладагы соккуларынан кийин сабырдуулукка чакырып, "кандай гана кырдаал болбосун" эл аралык укуктун нормалары сакталышы керектигин белгиледи.

"Мен АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио жана биздин Каракастагы элчибиз менен сүйлөштүм. Евробиримдик Венесуэладагы кырдаалга кылдат көз салып турат", - деп жазды Каллас X платформасына.

Ал Еврошаркет Николас Мадуронун легитимсиздиги тууралуу буга чейин бир нече жолу билдиргенин, өлкөдө бийликтин тынч жол менен өткөрүлүп берилишин жактай турганын кошумчалады.