Трамп Венесуэланын жаңы лидерине эскертүү берди

Сүрөттүн булагы, Reuters
АКШнын президенти Дональд Трамп Венесуэланын жаңы лидери Делси Родригести болочоктогу кадамдарынын кесепети тууралуу эскертти. Өлкөнү дээрлик 12 жылдай башкарган Николас Мадуронун ордун баскан Родригес дүйшөмбү күнү ант берип, Венесуэла президентинин милдетин аткарууга расмий киришет. Бул күнү Каракастагы операциядан кийин АКШга чыгарылып кеткен Мадуро жана анын жубайынын соту да өтөт.
The Atlantic басылмасына берген маегинде АКШнын президенти Дональд Трамп Венесуэланын утурумдук лидери Делси Родригес Кошмо Штаттар менен кызматташпаса, чара көрүлүшү мүмкүндүгүн эскертти.
"Эгер ал туура нерсени кылбаса, анда ал өтө жогорку бааны төлөөгө мажбур болот, балким Мадуродон да көбүрөөк", - деди америкалык лидер.
Венесуэланын келечеги жөнүндө Трамп: "Режимдин өзгөрүшү, аны кандай атабагыла, азыркыдан жакшыраак. Эми мындан жаман болушу мүмкүн эмес", - деди.
Родригес биринчи жыйынын өткөрдү
Жекшембиде Делси Родригес Николас Мадуро бийликтен четтетилгенден бери биринчи жолу өкмөттүн биринчи жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу AFP агенттиги Венесуэланын мамлекеттик телеканалына шилтеме берип билдирди.
Агенттиктин маалыматы боюнча, VTV (Venezolana de Televisión) телеканалы вице-президент Родригести президенттик сарайдагы столдо Мадуронун башка эки негизги тарапташы - коргоо министри Владимир Падрино Лопес жана ички иштер министри Диосдадо Кабелло менен бирге отурганын көрсөттү.
Родригести Венесуэланын Жогорку Соту президенттин милдетин аткаруучу деп бекиткен. Ал буга чейин Каракастагы операциядан кийин АКШга жеткирилген Мадурону бошотууну талап кылган. Дүйшөмбүдө Родригес ант берип, жаңы кызматка расмий киришкени турат.

Сүрөттүн булагы, AFP
Мадуро сотко барат
АКШнын күчтөрү 3-январда Венесуэланын баш калаасы Каракаста атайын операция жүргүзүп, Мадурону жана анын жубайын өлкөдөн чыгарып кеткен. Президент Дональд Трамп Венесуэлада бийликти коопсуз, талаптагыдай шартта өткөрүп берүү жараяны ишке ашканга чейин өлкөнү Америка башкара турганын айтты.
Буга чейин Кошмо Штаттардын баш прокурору Пэм Бонди Нью-Йорктогу сот Венесуэланы дээрлик 12 жылдан бери башкарып келе жаткан Мадурого наркотеррорчулукка, баңгизат ташууга жана кыйратуучу курал-жарактарга мыйзамсыз ээлик кылууга байланыштуу айып такканын маалымдаган. Мадуро мындай айыптарды четке каккан.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Reuters агенттиги Мадуронун жана анын жубайы Силия Флорестин ишемби күнү кечинде АКШга конгондон кийинки жаңы сүрөттөрүн жарыялады.
Жубайлар адегенде Нью-Йорктогу «Стюарт» аэропортуна (бул Манхэттенден болжол менен 100 чакырым түндүктө жайгашкан жарандык жана аскердик аэропорт), андан кийин тик учак менен Манхэттендеги Баңгизаттарга каршы күрөш башкармалыгынын (DEA) кеңсесине жеткирилген. Андан соң алар тик учак менен Бруклиндеги абакка которулган.
Мадуро жана анын жубайы дүйшөмбү күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:00дө (Гринвич убактысы боюнча 17:00дө) федералдык сотко жеткирилет.











