Жалал-Абадда 18 жаштагы аскердин өлүмү иликтенүүдө

Сүрөттүн булагы, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы
5-январда Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районуна караштуу Бай-Мундуз айылында жайгашкан №10 түзөтүү мекемесинде кызмат өтөп жаткан катардагы жоокер каза болду.
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын маалыматына ылайык, 5-январь күнү саат 15:25 чамасында күзөттө турган жоокер өздүк куралы менен өзүнө ок чыгарып, алган жаракатынан ошол жерде көз жумган.
Окуя болгон жерге ЖАМКнын трагасынын орун басары полковник К.О. Сокеев жана тиешелүү кызматтардын жетекчилери, Жалал-Абад гарнизонунун аскер прокуратурасынын өкүлдөрү жана райондук Ички иштер башкармалыгы ыкчам териштирүү иштерин жеринде уюштуруу максатында барышкан.
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Күзөт жана конвой департаментинин батальонунда кызмат өтөп жаткан катардагы жоокер А.А.Н. 18 жашта болгон.
Аталган окуя боюнча тергөө-ыкчам тобу тарабынан тийиштүү иш кагаздары чогултулуп, Жалал-Абад гарнизонунун аскердик прокуратура тарабынан соттук өндүрушкө чейинки иш амалдары жүргүзүлүүдө.
Аскердик кызматын өтөп жатып каза тапкан жоокерлер буга чейин да катталып келген. Бирок жоокерлердин өлүмүнүн санын Аскер прокуратурасы "аскер сыры" деген жүйөө менен ачык айтпайт. Кыргызстанда жоокерлердин эң көп өлүмү катталган учур 2010-2016-жылдарга туш келет. Анда алты жылда эле 84 аскер түрдүү жагдайда каза болуп, анын отуз жетиси өз өмүрүн кыйганы айтылган.




