Карылар үйүндөгү өрт: ооруканага түшкөндөрдүн абалы туруктуу

апрокар

Сүрөттүн булагы, official

Борбор калаадагы Карылар үйүндө чыккан өрттөн улам ооруканага жаткырылган 13 адамдын абалы туруктуу. Бул тууралуу Би-Би-Сиге Бишкек шаардык клиникалык тез жардам ооруканасынын башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков билдирди:

"Оорулууларды бүгүн эртең менен көрүп чыктык. Бизге бардыгы болуп 14 оорулуу кайрылган. Бирине амбулатордук тейлөө көрсөттүк. Калган 13ү ооруканада калды. Алардын бири күйүк, калганы токсикология бөлүмүнө жаткырылды. Азыр терс динамика жок, баары дарыланып жатат. Биринин денесинин беш пайызы күйгөн. Катуу уулангандар, өтө оор абалдагылар жок, баарынын абалы туруктуу. Көбү улгайган адамдар. Бирок арасында 42 жаштагы киши бар. Анын эки буту баспайт экен".

6-январь күнү кечке маал Бишкектин Абай көчөсүндө жайгашкан Карылар үйүндө өрт кырсыгы катталган. Натыйжада эки кишинин өмүрү кыйылган. Каза тапкан адамдар паллиативдик бөлүмдө жаткан оор абалдагы бейтаптар болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) жалпысынан төрт бөлүм жана штаб кырсык болгон жерге кыска убакыт аралыгында келип, күжүрмөн аракет менен өрттү өчүрүшкөнүн, жашоочуларды эвакуациялап, коопсуз жайга чыгарышканын кабарлаган.

Бишкек шаардык мэриясы болсо өрт Карылар үйүнүн паллиативдик жардам бөлүмүнүн бир палатасында тутанып, болжол менен 30 чарчы метр аянтты каптаганын, өрт өчүрүүчүлөр тогуз мүнөт ичинде жетип барышканын билдирген. Карылар үйүнүн негизги имараты жабыркаган эмес.

Өрттөн кийин 14 адам ооруканага жеткирилген.

Бул окуядан кийин саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Бишкек шаарындагы Тез жардам клиникалык ооруканасына барып, Карылар үйүндө чыккан өрттөн жабыркаган бейтаптардын абалы менен таанышкан.

Министр жабыркагандарга тийиштүү деңгээлде медициналык жардам көрсөтүүнү камсыз кылуу боюнча тиешелүү тапшырмаларды берген.

Бишкек мэриясы өрттүн себеби компетенттүү органдардын тыянагынын негизинде аныкталарын билдирди.

Мэрия 2025-жылдын июль айында бул мекемеде өрт жана тактикалык машыгуулар өткөрүлүп, бардык өрт коопсуздугу чаралары белгиленген тартипте сакталганын кошумчалады.