"Жалгыз уулубуз эле". Аскерге кеткен Артурдун кейиштүү өлүмү

Артур аскерге бир жарым ай мурун эле кеткен

Сүрөттүн булагы, courtesy

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Артур аскерге бир жарым ай мурун эле кеткен
    • Author, Айдай Аманкулова
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын кабарчысы

Жалал-Абад облусундагы №10 түзөтүү мекемесинде каза болгон жоокер Артур Атыровдун сөөгү Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын бирине жеткирилип, кечээ жерге берилди. 18 жаштагы жигиттин жакындары ал өзүн-өзү өлтүрдү дегенге ишенишпейт. Маркумдун ата-энеси күнөөлүүлөрдү катуу жазалоону, аскер бөлүктүн жетекчилигинин жоопкерчилигин да кароону талап кылууда.

Артур Атыров Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Бай-Мундуз айылындагы №10 түзөтүү мекемесинде кызмат өтөп жаткан. Ата-энеси аны бир жарым ай мурун эле аскерге жөнөтүшкөн экен. Маркумдун апасы уулу өзүнө кол салды дегенге ишенбейт.

"Абалым өтө оор. Адам чыдагыс. Баламды тепкилеп өлтүрүп коюшту. Денесинин баары көк-ала. Табарсыгына тебишиптир. Эмнеге андай кылышты?! Контракттык негизде кызмат өтөгөндөр эле өлтүрүп коюшту. Килейген балдар сабап, чалажан кылып, анан вышкага алып барып, өзүн-өзү өлтүрдү деп коюшту. Менин балам өзүн-өзү өлтүрбөйт болчу. Андай кадамга барбайт болчу", - деп ыйлап жатты Артурдун апасы Карлыгач Гусейинова.

Артурдун атасынын иниси Уланбек Атыров сөөктү өзү жууганын, инисинин денесинде ур-токмотун белгиси болгонун айтты:

"Оң колунун арты көк-ала экен. Анан уяттуу жеринде, табарсыгында көк-ала бар экен. Эки ок атылган. Бири баш сөөгүнө, бири мурдуна тийген".

Маркумдун бир тууган эжеси Мираида Атырова жаңы жылдын алдында иниси телефон чалып, кимдир бирөөнүн эсебине акча салууну өтүнгөнүн айтып берди. Ал Артур аскерде өкүмзордук, опузага дуушар болуп келген жана мунун аягы өлүм менен бүттү деген пикирде:

"Биринчисинде 1200 сом сураган. Экинчи күнү 2000 сом, апамдан 500 сом, дагы бирөөлөрдөн 500 сом, жалпысынан 5000 сомго чукул акча сурады. Ошондон үч күн өткөндөн кийин башка бирөө менин атымдан акча талап кылса, салба деп жазып жиберген. Ошол акчанын айынан эле ушундай болуп калды окшойт".

Артурдун ата-энеси бийликтен уулунун өлүмүнө жол берген аскер кызматкерлерин катаал жазалоону сурап жатышат.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Жоокерлер эле эмес, офицерлер да күнөөлүү. Командир, сержанттын баары жоопкерчиликке тартылсын. Негизи ал жерде тартип жок. Эч кандай жоопкерчилик жок. Реформа керек. Канчалаган ата-эне жыл сайын сыздап жатат", - дейт Артурдун атасы Нурлан Атыров.

"Жогорку Кеңешке, Садыр Жапаровго, Камчыбек Ташиевге кайрылам. Жылда эле балдар өлө береби?! Балдарды армияда токмоктосун, өлтүрсүн деп чоңойттукпу?! Жок! Биз ата мекенге кызмат кылсын, аскердик билет алып, жакшы кызматта иштесин дегенбиз. Жалгыз баламды жөнөткөм. Окуп жаткан окуусун, иштеп жаткан ишин, ооруп жаткан атасын таштап кетти эле. Болбосо, мен жалгыз баламын, атам оорукчан деп калып калса болмок да", - деп кейип турду Артурдун апасы.

Артур Атыров быйыл 14-майда болгону 19 жашка чыкмак. Бишкектеги Исхак Раззаков атындагы кыргыз улуттук техникалык университеттин экинчи курсунда окуп жаткан. Жакындары алдыңкы студенттердин бири болгонун айтышууда. Мындан тышкары борбордогу кафелердин биринде ашпоз болуп иштечү. Жакшы ишке орношуу үчүн аскердик билет керек деп өз каалоосу менен армияга кеткен экен. Чогуу иштеген кесиптештери Артурду иштерман, айкөл, ак көңүл жигит катары эстеп калышты.

рнте

Сүрөттүн булагы, courtesy

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Артур ата-энесинин жалгыз баласы болчу

"Өзүн-өзү аткан": Жаза аткаруу кызматынын версиясы

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын маалыматына ылайык, 5-январь күнү саат 15:25 чамасында күзөттө турган жоокер өздүк куралы менен өзүнө ок чыгарып, алган жаракатынан ошол жерде көз жумган.

"...катардагы жоокер, 2007-жылы 14-майда туулган А.А.Н. ЖАМКнын №10-түзөтүү мекемесинде күзөттө туруп, өздүк куралы менен белгисиз себептен улам өзүнө ок чыгарган. Алган жаракаттан ошол жерден көз жумган", - деп айтылган маалыматта.

Окуя болгон жерге ЖАМКнын төрагасынын орун басары Курманбек Сокеев жана тиешелүү кызматтардын жетекчилери, Жалал-Абад гарнизонунун аскер прокуратурасынын өкүлдөрү жана райондук Ички иштер башкармалыгы ыкчам териштирүү иштерин уюштуруу максатында барышкан.

Артур Атыров Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Күзөт жана конвой департаментинин батальонунда кызмат өтөп жаткан.

Аталган окуя боюнча тергөө-ыкчам тобу тарабынан тийиштүү иш кагаздары чогултулуп, Жалал-Абад гарнизонунун аскердик прокуратурасы тарабынан соттук өндүрүшкө чейинки иш амалдары жүргүзүлө баштаган.

"Жоокердин өлүмүнө шектүү кармалды"

Кайгылуу окуядан бир күн өткөн соң, 6-январда жоокерди өзүнө кол салууга жеткирген шектүү кармалганы кабарланды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалардын бири Аскер прокуратурасына шилтеме жасоо менен билдирди.

Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренесинин 1-бөлүгү ("Өзүнө кол салууга жеткирүү") менен катталган. Шектүү катары 2006-жылы туулган М.М. аттуу аскер кармалып, Манас шаарындагы убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Аскер прокуратурасы керектүү экспертизалар жүргүзүлүп, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой департаментинин жооптуу кызматкерлеринин аракетине юридикалык баа берилерин билдирген. Кылмышка катышкан башка адамдарды да аныктоо иштери жүрүп жатканы айтылган.

серая линия

Аскерде өкүмзордук, чоңсунуу учурлары токтобой, коомчулукта бул тармакты толугу менен реформалоо зарылдыгы айтылып келет. Укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова фейсбуктагы баракчасына жаш жоокерлерге абак кайтартууну токтотуу зарылдыгын жазды:

"Балдар түрмөлөрдү кайтарбашы керек. Түрмөлөрдү тиешелүү физикалык жана психологиялык даярдыгы бар, жетилген, кесипкөй адистер кайтарышы зарыл жана алар мунун үчүн татыктуу айлык алышы керек. Жаш жигиттер армияда кызмат өтөгүсү келет. Алар түрмө кайтарып, айыпталуучуларды жана соттолгондорду коштоп жүргүсү келбейт".

Былтыр жайында Жалал-Абадда Жаза аткаруу кызматынын ушул эле аскер бөлүгүндө 20 жаштагы жоокер асынган абалда табылган. Маркум өлөрдөн мурун кат калтырып кеткени, анда кошо кызмат өтөгөн жоокер тарабынан психологиялык кысымга кабылганын жазганы кабарланган.

Жоокерлердин өлүмүнүн санын Аскер прокуратурасы "аскер сыры" деген жүйөө менен ачык айтпайт. Кыргызстанда жоокерлердин эң көп өлүмү катталган учур 2010-2016-жылдарга туш келет. Анда алты жылда эле 84 аскер түрдүү жагдайда каза болуп, анын отуз жетиси өз өмүрүн кыйганы айтылган.