Британия менен Франция тынчтык келишиминен кийин Украинага аскерлерин жиберишет

Сүрөттө: Зеленский, Макрон жана Стармер тынчтык орногондон кийин Украинага аскерлерди жөнөтүү тууралуу документке кол коюшту

Сүрөттүн булагы, PA Media

    • Author, Би-Би-Синин Орус кызматы

Орусия менен согуш аяктагандан кийин Франция менен Улуу Британия тынчтыкты камсыз кылуу үчүн Украинага аскерлерин жөнөтүү ниетин билдиришти. Тынчтыкты орнотуучу контингентти жөнөтүүнү караштырган макулдашууга Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер жана Париждеги "каалоочулардын коалициясы" саммитине келген Украинанын президенти Владимир Зеленский кол коюшту.

Саммиттин катышуучулары ошондой эле "Париж декларациясына" кол коюшту, анда алар Украинага коопсуздук кепилдигин берүү ниетин билдиришти. Саммитке АКШ президентинин атайын чабармандары Стив Уиткофф жана Жаред Кушнер да келишти.

Сүйлөшүүлөргө 30га жакын өлкөнүн өкүлдөрү, анын ичинде Британиянын премьер-министри Кир Стармер, Польшанын премьер-министри Дональд Туск, Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен, НАТОнун баш катчысы Марк Рютте жана башкалар катышты.

Париждеги саммит АКШ президенти Дональд Трамп менен Владимир Зеленскийдин сүйлөшүүлөрүнөн көп өтпөй уюштурулду. Эки лидер жаңы жылдын алдында АКШ президентинин Флоридадагы Мар-а-Лаго резиденциясында жолугушкан.

Трамп менен Зеленский ошондо Вашингтон даярдаган жана бир нече эл аралык саммиттин жүрүшүндө далай жолу өзгөртүлгөн Украинадагы согушту токтотуу планын талкуулашкан.

Флоридадагы жолугушуудан кийин анын катышуучулары Украинага АКШнын коопсуздук кепилдигин берүүнү макулдашканын айтышкан, бирок негизги маселе чечилбеген бойдон калган эле: Орусия Донецк облусунун Киев көзөмөлдөгөн бөлүгүнөн украин аскерлерин чыгарып кетүү талабынан баш тартпай келет.

Зеленский тынчтык планы 90 пайызга макулдашылганын айтты, бирок ал пикир келишпестиктердин басымдуу бөлүгү аймактарга тиешелүү маселе экенин моюнуна алды.

Украинанын Куралдуу күчтөрүн жана көп улуттуу күчтөрдү колдоо: "Париж декларациясында" эмнелер бар

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Париж декларациясы" саммиттин негизги жыйынтыгы болду, анын тексти Елисей сарайынын сайтында жарыяланды.

Бул документ беш пункттан турат:

АКШ келечектеги ок атышпоо келишиминин аткарылышын көзөмөлдөөнү координациялоого тийиш. Ошондой эле атайын комиссия түзүлүп, талаптар аткарылбаса реакция жасап, бул үчүн кимдер күнөөлүү экенин аныкташы керек.

"Каалоочулардын коалициясынын" мүчөлөрү Украинанын Куралдуу күчтөрүн мындан ары да колдой берүүнү чечишти, бул Орусиянын жаңы агрессиясынын алдын алуунун "биринчи линиясы" болуп калышы керек. Бул Украинанын Куралдуу күчтөрүн каржылоону, курал-жарактарды жеткирүүнү жана чептерди курууга жардам көрсөтүүнү камтууга тийиш.

Украинага "каалоочулардын коалициясынын" мүчөлөрүнөн турган көп улуттуу күчтөр жөнөтүлөт. Алар украин армиясын калыбына келтирүүгө жардам бериши керек. "Абада, деңизде жана жерде коопсуздук чараларына, ошондой эле Украинанын Куралдуу күчтөрүн калыбына келтирүүгө да даяр болушу үчүн координацияланган аскердик пландоо жасалды", - деп айтылат документте. Бул күчтөр Украинадагы согуштук аракеттер аяктагандан кийин гана жөнөтүлөт жана аларга АКШ жардам бериши мүмкүн.

Тынчтыкты калыбына келтирүү үчүн келечекте Орусиянын чабуулу болгон учурда Украинаны колдоо боюнча юридикалык жактан бекитилген милдеттенме түзүлдү. Бул пунктта декларацияга кол койгон өлкөлөр мындай милдеттенмелерди келечекте биротоло макулдаша турганы жана алар "аскердик мүмкүнчүлүктөрдү, чалгындоону, логистикалык колдоону, дипломатиялык демилгелерди жана кошумча санкцияларды киргизүүнү камтышы ыктымал" деп айтылат.

Украина менен узак мөөнөттүү коргонуу кызматташтыгын өнүктүрүү милдеттенмеси. Ал өзүнө аскерлерди машыктырууну, курал-жарактарды биргелешип чыгарууну жана чалгын кызматтарынын кызматташтыгын камтыйт.

Мындан тышкары Франция, Улуу Британия жана Украина үч тараптуу декларацияга кол коюшуп, анда Париж менен Лондон согуш аяктаган учурда Украинанын аймагына аскерлерин жиберүүгө даярдыгын билдиришти.

Британиянын премьер-министри Кир Стармер бул документ "Украинанын аймагындагы британ, француз жана өнөктөш күчтөрдүн аракеттерин юридикалык жактан негиздөөгө жол ачат" деп түшүндүрдү.

"Алар Украинанын асманынын жана деңизинин коопсуздугун камсыз кылышат, ошондой эле келечек үчүн Украинанын Куралдуу Күчтөрүн калыбына келтиришет, - деди Стармер. – Ок атышууну токтоткондон кийин Британия менен Франция Украинада "аскердик хабдарды" түзүп, Украинанын коргонуу муктаждыктарын колдоо үчүн курал-жарак жана аскердик жабдуулар үчүн корголгон объекттерди курат деп да айта алам".

Орусиянын бийлиги Украинада чет өлкөлөрдүн аскерлеринин болушуна эч качан макул болбой турганын, себеби муну алардын коопсуздугуна коркунуч катары кабыл аларын бир нече жолу эскертишкен.

Басма сөз жыйынында лидерлер эмнелерди айтышты

Жыйынтыктоочу басма сөз жыйыны маалында саммиттин катышуучулары бул окуяга тынчтыкка карай жасалган маанилүү кадам катары баа беришти.

Жыйынтыктоочу басма сөз жыйынында тартылган сүрөт: АКШнын атайын өкүлдөрү трибунада чогуу турушту

Журналисттердин алдына Украина менен Франциянын президенттери, Улуу Британиянын премьер-министри жана Германиянын канцлери, ошондой эле Трамптын эки атайын чабарманы Стив Уиткофф менен Жаред Кушнер (экөө бир подиумда чогуу турушту) чыгышты.

Саммитти уюштурган Макрон "каалоочулардын коалициясынын" мүчөлөрү АКШнын көмөгү менен Украинага юридикалык жактан милдеттендирген коопсуздук кепилдиктерин бериши керектигин айтты. "Бул тынчтык макулдашуусу эч качан Украина үчүн жаңы коркунучка алып келбейт дегенди билдирет", - деди Макрон. Франциянын лидери Орусия буга чейин Грузия, Молдова жана Украина менен түзгөн тынчтык макулдашууларын бир нече жолу бузганын эске салды.

Владимир Зеленский ок атышпоо үчүн негизги тоскоолдук болгон аймактар маселеси чечилбей келатканын моюнуна алды. Ал Украина АКШ менен коопсуздук кепилдиктери тууралуу келишимдерге кол коюуга даяр экенин, бирок буга кошумча "суроолор бар экенин" түшүндүрдү. "Биз дагы чечишибиз керек болгон эң чоң маселе – бул аймактык маселелер", - деди Украинанын президенти.

Трамптын атайын чабарманы Стив Уиткофф АКШ президенти Украинада тынчтык орнотууну каалай турганы жөнүндөгү адаттагы сөздөрүн кайталады жана анын вазыйпасы "тынчтык процессине ортомчулук кылуу" экенин билдирди. "Украинанын эли бул согуш бүтсө, ал биротоло бүтөөрүн билиши үчүн биз негизинен коопсуздук протоколдорун бүтүрдүк деп ойлойбуз", - деди Уиткофф.

Кандай кепилдиктер жөнүндө сөз болуп жатат?

Рождествонун алдында Берлинде "каалоочулардын коалициясынын" ушул өңдүү жолугушуусу өттү – ошондо АКШ Украинанын согуштан кийинки коопсуздук түзүмүн колдоо боюнча конкреттүү милдеттенмелерди өзүнө алууга даяр болуп калган. Бирок Вашингтон муну азырынча формалдуу түрдө беките элек.

Париждеги кабарчыбыз Хью Скофилд белгилегендей, президент Макрон бул саммиттин жыйынтыгында АКШ Киев үчүн коопсуздук кепилдиктерине кол коет же эл алдында милдеттенме алат деп үмүттөнгөн.

"Париж декларациясына" кол коюуну анын ийгилиги катары чечмелесе болот, бирок жыйынтыктоочу басма сөз жыйынында АКШнын өкүлдөрү коопсуздук кепилдиктери багытындагы иштер али бүтө электигин айтышты.

Зеленский бул кепилдиктер НАТОнун Уставынын Бешинчи беренесине окшош болушу керектигин айтып келет. Бул беренеде альянстын катышуучуларынын бирине кол салынса, анын бардык мүчөлөрүнүн жамааттык коргоосу каралган.

Украина НАТОго жана Евробиримдикке мүчө болуу ниетин билдирип келген (бул жобо Украинанын конституциясына да киргизилген), бирок Зеленский учурда АКШ жана башка кээ бир Батыш өлкөлөрү анын альянска кошулушун каалабай турганын моюнга алууда. Ошондуктан Киев эми НАТОго кошулууга дээрлик барабар болгон коопсуздук кепилдиктерин алууга умтулуп жатат.

Бирок, Хью Скоффилд мунун баары ок атышуу токтогон шарттарда гана ишке ашышы ыктымалдыгын, ал эми азырынча бул мүмкүн болбой жатканын эске салат.

Орусия согушту токтотуу боюнча өзүнүн талаптарынан баш тартпай турганын белгилеп келет. Президент Владимир Путиндин айтымында, украин аскерлери Донецк облусундагы Орусия көзөмөлдөгөн аймактардан чыгып кеткенде гана Москва ок атышууну токтотууга даяр болот.

Киев бул талапка макул болбой келет.

Европа Трампты Мадуро үчүн сындабайт

Хью Скоффилд кабарлагандай, Макрон Украинанын айланасында болуп жаткан окуяларды мүмкүн болушунча Венесуэладагы окуялардан алыс кармоого аракет кылууда. Бир нече күн мурда Венесуэланын президенти Николас Мадурону АКШ кармап, баңгизат аткезчилигине айыптап, соттоо үчүн Нью-Йоркко жеткирген.

Франциянын президенти АКШнын Венесуэладагы операциясына жасаган алгачкы реакциясы үчүн өз өлкөсүндө өтө катуу кысымга жана сынга кабылды: Макрон эл аралык укук жөнүндө сөз кылган жок, Вашингтондун иш-аракеттери эл аралык ченемдерге тийгизе турган зыян жөнүндө айткан жок. Макрон муну болушу керек окуядай эле кабыл алгандай сезилди.

Ошондон бери Макрон өзүнүн позициясын бир аз түзөтүп, эл аралык укук Франциянын тышкы саясатынын маанилүү бөлүгү экенин билдирди. Бирок ошол эле учурда Франциянын президенти өтө кылдаттык менен тең салмактуулукту сакташы керектиги талашсыз.

"Франция АКШнын аракеттерине каршы, бирок ошол эле учурда алар Дональд Трамптын Украинаны колдоо коалициясынын мүчөсү бойдон кала беришин каалайт. Макрон жана башка европалык лидерлер АКШнын Мадурону кармоо операциясын ачык айыптабаганын да мына ушуну менен түшүндүрсө болот", - дейт кабарчыбыз. (ZMa)