Түнкү чабуулдан кийин Украинанын эки облусу электр жарыгысыз калды

Сүрөттүн булагы, Reuters
Шаршемби күнү кечинде Украинанын түштүк аймагындагы энергетикалык объектилерге дрон менен массалык чабуул жасалгандан кийин Днепропетровск жана Запорожье облустары электр жарыксыз калды. Бул тууралуу "Укрэнерго" компаниясы маалымдады.
Шаарларда суу менен камсыздоо, жылуулук жана мобилдик байланышта олуттуу көйгөйлөр жаралды. Би-Би-Синин Украина кызматы белгилегендей, бул аймактарда учурда абанын температурасы нөлдөн жогору.
Чабуулдан кийин маанилүү инфраструктуралар резервдик энергия булактарына өткөрүлдү.
"Шаардагы бардык ооруканалар толугу менен генераторлорго туташтырылды",- деп билдирди Днепр шаарынын мэри Борис Филатов.
Электр жарыгы жоктугуна байланыштуу Днепропетровск облусунда мектеп окуучуларынын каникулу 9-январга чейин узартылды.
Жарым миллионго жакын адам жашаган Запорожье шаарында бийлик 175 атайын пункт ишке киргизгенин билдирди.
Ал жерде ысык чай берилип, гаджеттерди кубаттоого жана жылуу, коопсуз шартта түнөп калууга мүмкүнчүлүк бар. Электр энергиясы өчкөндүктөн аба чабуулу тууралуу эскертүүчү сигнал иштебей калган, жаңы коркунучтар тууралуу калкка полиция маалымат берип турушу керек белчу.
Бейшембиге караган түнү орусиялык аскерлер Украинага 97 учкучсуз аппарат менен чабуул жасаган. Украинанын Аба күчтөрү билдиргендей, таңкы саат 08:00ге карата алардын 70и атып түшүрүлгөн.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Эртең мененки маалыматка ылайык, 13 жерге жалпысынан 27 дрон тийген.
Мунун алдында, шаршемби күнү кечинде Украинанын түштүк аймагындагы энергетикалык объектилерге дрондор менен массалык чабуул жасалып, анын кесепетинен Днепропетровск жана Запорожье облустары электр жарыксыз калган.
Запорожье шаарында негизги объектилерде электр энергиясы кайра калыбына келтирилди. Бийликтин маалыматына караганда, облус борборундагы бардык от казандар кадимки тартипте иштеп жатат, үйлөргө жылуулук берүү уланууда.
Днепропетровск облусунда болсо бир миллиондон ашуун абонентти кайрадан жылуулук жана суу менен камсыз кылуу үчүн оңдоо иштери жүрүп жатканын Украинанын вице-премьер-министри Алексей Кулеба маалымдады.
Орусиянын Коргоо министрлиги болсо түн ичинде, саат 23:00дөн таңкы 7:00ге чейин Украинага таандык 66 дрон жок кылынганын кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, алардын 39у аннексияланган Крымдын аймагында, Кара деңиз менен Азов деңизинин үстүндө атып түшүрүлгөн. Дагы 17 дрон Краснодар аймагы менен Ростов облусунун үстүнөн жок кылынган.
Аскердик мекеме ошондой эле саат 7:00дөн 9:00гө чейин дагы 11 учкучсуз аппарат жок кылынганын билдирди.












