"Биз сатылбайбыз". Гренландиянын жашоочулары Трамптын аралга кызыгуусуна эмне дешүүдө?

Сүрөттүн булагы, Mia Chemnitz
- Author, Габриэла Поумрой, Алиша Карри, Эдриэнн Мюррей
- Role, Би-би-си
Бул Би-Би-Синин сайтында жарыяланган материалдын котормосу. Макаланын англис тилиндеги түп нускасын бул жерден окуй аласыз.
"Гренландиянын жашоочулары америкалык болгусу келбейт, - деди Миа Хемниц Би-Би-Сиге. – Биз сатылбайбыз".
Гренландиянын борбор калаасы Нуукта жашаган 32 жаштагы ишкер аял Би-Би-Си кепке тарткан көптөгөн маектештердин оюна кошулат. Би-Би-Синин маектештери жакында эле АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясынын сөздөрүнө карата мамилеси менен бөлүшкөн эле.
Ак үй Данияга кылымдар бою таандык болуп келген аймакты сатып алуу сунушун "жигердүү" талкуулап жатканын билдирген. Мунун алдында Трамп жана анын өкүлдөрү керек болсо Гренландияны күч менен басып алуу ыктымалдуулугу да бар экенин айтышкан.
Мындай билдирүүлөр дүйнөдөгү ири аралдын өзүндө да, анын тышында да Гренландиянын тургундарынын тынчсыздануусун жана нааразычылыгын жараткан эле.
АКШ Венесуэланын президенти Николас Мадурону Каракастагы резиденциясында баңгизатка байланыштуу айып менен кармап, Нью-Йоркко чыгарып кетүү үчүн буга чейин болуп көрбөгөндөй аскердик операцияны жүргүзгөндөн кийин Гренландиянын элинде тынчсыздануу күч алды.
Ушундан кийин эле Ак үйдүн жогорку даражалуу кызматкеринин биринин жубайы көңүл чордонунда боло турган кийинки өлкө Гренландия болушу ыктымалдыгын кыйытты.
"Мына ушундан кийин бул божомол, имиш катары айтылган сөздөр болбой калды", - деди 40 жаштагы Тупаарнак Копек. Ал үй-бүлөсүнө жана жумушка байланышкан себептер менен Гренландиядан Канадага көчүп келген. Баса, Трамп буга чейин Канаданы да аннексиялай турганын айткан болчу.
"Мен Гренландиядагы эжем менен байланышып, эгерде азыркы учурда ойго да келбей турган окуялар күтүлбөгөн жерден ишке ашып калса, аларды биз дайыма бул жакта күтөөрүбүздү айттым", - дейт ал.
Даниянын парламентинде Гренландиянын эки өкүлүнүн бири Айя Хемниц Трамптын администрациясынын билдирүүлөрү аны "нес абалда калтырган "тикелей коркунуч" экенин" кошумчалады.
"Биздин аймагыбызды, буга кошумча НАТОдогу дагы бир союздашын аннексиялоо тууралуу сөз кылуу – бул АКШ бизди таптакыр сыйлабайт дегенди билдирет", - деди ал.

Сүрөттүн булагы, Tupaarnaq Kopeck
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Гренландия – дүйнөдөгү элинин саны эң аз аймак. Арктика аралынын басымдуу бөлүгүн муз каптап тургандыктан, адамдардын көбү Нуукта жана түштүк-батыш жээгин бойлой жашашат.
Бирок, АКШ үчүн бул арал стратегиялык мааниге ээ, дал ошондуктан Американын аскер күчтөрү аралда Экинчи дүйнөлүк согуштан бери бар.
Гренландиянын Түндүк Америка менен Арктиканын ортосунда жайгашканы ракеталык чабуулдар болгон учурда алдын ала эскертүү системалары үчүн аны ыңгайлуу аймакка айландырууда.
Климат жылдан жылга өзгөргөн сайын аралдын жаратылыш ресурстарына, анын ичинде сейрек кездешүүчү минералдарына жетүү оңой болуп баратат, ушундан улам да акыркы жылдары аралга болгон кызыгуу күч алды.
"56 миң адамдан турган жамаат болуп, АКШ сыяктуу гиганттан мындай коркутууларды угуу көңүлүбүзгө жакпай турат, - дейт Гренландиядагы Sermitsiaq гезитинин башкы редактору Масаана Эгеде. – Гренландиянын тургундары тынчсызданып жатышат, себеби биз муну жеңил-желпи кабыл ала албайбыз".
Эксперттер Гренландияны күч менен басып алуу АКШ үчүн техникалык жактан оңой болмок, бирок анын геосаясий кесепеттери НАТО альянсынын жок болушуна алып келет деген орток пикирди карманышат.
Ак үй Гренландияга ээлик кылуу маселесин кайрадан көтөрүп чыкканда алты европалык союздашы аралдын келечегин анын жашоочулары гана аныкташы керек деген билдирүү жасашкан – бул үчүн Миа Хемниц аларга ыраазы.
Бирок, Миа "эгерде мунун баары куру сөз бойдон калып, кесепеттер да, реалдуу иш-аракеттер да болбосо" бул АКШ үчүн көп деле мааниге ээ болбойт деп кооптонот.
"Гренландиялык катары мен бир суроону бербей коё албайм: бул союздаштар үчүн биз канчалык баалуубуз? Алар бизди коргоо үчүн кандай кадамдарга барууга даяр?" - деп кошумчалайт Миа.
"Сыйлоо – бул кагаздын бетинде гана калган биримдик эмес. Күчтүү мамлекеттер сен менен эмес, сен тууралуу сүйлөшүп жатса, анда мындай сый тез эле жоголот", - деп кошумчалайт Тупаарнак.

Сүрөттүн булагы, Aleqatsiaq Peary
Трамптын администрациясы президенттин ниети Копенгаген бул аймак сатылбайт деп айтканына карабастан Гренландияны Даниядан сатып алуу болгонун баса белгиледи, бирок ошол эле учурда аскерий кийлигишүүнү да жокко чыгарган жок.
Айя Хемниц күч менен аннексиялоо ыктымалдыгы аз деп эсептейт. "Биз АКШга Гренландияны бара-бара көзөмөлгө алуусуна багытталган кысымды көрөт окшойбуз", - дейт ал.
Сурамжылоолор көрсөткөндөй, Гренландиянын жашоочулары жалпысынан келечекте Даниядан көз карандысыз болуу идеясын колдошот, бирок АКШнын көзөмөлүнө өтүүгө каршы болушууда. Бул аймак кеңири автономияга ээ, анткен менен тышкы саясат жана коргонуу маселелери Копенгагендин карамагында кала берүүдө.
Өлкөнүн түндүгүндөгү Каанаак шаарынын тугуну, 42 жаштагы инуит мергенчиси Алекатсиак Пири Американын көзөмөлү тууралуу сөз болгондо, буга сабыр менен мамиле кылгандардын бири.
"Эски кожоюндун ордуна жаңысы, бир баскынчынын ордуна башкасы келет да, - дейт ал. – Биз Даниянын колониясыбыз. Даниянын бийлиги астында биз ансыз деле көп нерсени жоготуп жатпайбызбы".
"Трампка убактым жок. Биздин эл жардамга муктаж", - деген Алекатсиак Пири ага окшогон мергенчилер деңиздин үстүн каптаган муз аркылуу жер которуп, балык уулай турганын айтты. "Бирок, муз эрип жатат, ошондуктан мергенчилердин мындан аркы жашоосу коркунучта", - дейт ал.
Sermitsiaq гезитинин башкы редактору Масаана Эгеденин баамында, АКШнын риторикасы жалган тандоону таңуулап жатат: "Гренландия же АКШны же Данияны тандашы керек дегенге такаган кырдаалдан алыс болушубуз керек, себеби дал ушундай тандоону гренландиялыктар жасагысы келген жок".

Сүрөттүн булагы, Christian Keldsen
Гренландиянын АКШ менен көп жылдардан берки мамилеси коркунучта экенин көргөндөрдү мындай кырдаал кыжырдантууда.
"Гренландиядагы адамдар чындап эле ачууланууда", - деди Гренландиянын бизнес ассоциациясынан Кристиан Кельдсен.
"Гренландиялыктар меймандос жана ачык эл. Бирок азыр көптөр кооптонуу менен жашашууда", - деп кошумчалайт ал.
"Гренландия АКШ менен кызматташууга ачык. Жакында эле Гренландия менен Нью-Йорктун ортосунда түз каттамдар ачылды – бул "бизди басып алуунун кажети жок дегендин" айкын белгиси", - деп баса белгиледи Кельдсен.
"Бизде жакшы демократия бар, өкмөтүбүздүн мандаты да күчтүү, - дейт Миа Хемниц. – Биз НАТО боюнча союздашпыз, 70 жылдан ашык убакыттан бери АКШнын Гренландияда аскердик базалары бар жана ушул кезге чейин жаңы базаларды түзүп, пайдалануу укугуна ээ. Гренландия буга чейин бир нече жолу айткандай: биз сатылбайбыз, бирок биз бизнес үчүн ачыкпыз". (ZMa)












