Иранда өкмөткө каршы ири демонстрациялар уланууда

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ирандын борбору Тегеренда жана башка шаарларда өкмөткө каршы ири демонстрациялар дагы деле уланууда. Жоон топ адамдар Ирандын борбор шаарынын көчөлөрүнө маршка чыгып, башка шаарларда дагы ушундай эле кыймылдар орун алып, бул соңку жылдардагы бийликте отурган руханий жетекчилекке каршы багытталган эң олуттуу күч көрсөтүү ишарасы болуп жатат.
Бейшемби күнү Тегеранда жана Мешхед шаарында бейпил демонстрациялар өттү, коопсуздук күчтөрү бул жолу демонстранттарга күч колдонгон жок, муну Би-Би-Синин Перс кызматынын видеолорунан көрүүгө болот.
Мониторинг тобу Иранда интернет өчүрүлгөнүн маалымдады.
Демонстрациялар тууралуу видеолордо Ирандын руханий лидери Али Хаманеини бийликтен кулатып, маркум мурунку шахтын уулу Реза Пехлевинин кайтарып келүү тууралуу ураандарды угууга болот. Пехлеви буга чейин интернет аркылуу өз тарапкерлерин көчөлөргө чыгууга үндөп келди.
Бул Иранда жергиликтүү валютанын наркы кескин түшүп кеткенине байланыштуу кыжырдануудан улам келип чыккан баш-аламандыктардын 12 күнү болду. Адам укуктарын коргоо уюмдарынын маалыматына ылайык, башында борбор калаада башталган демонстрациялар кийин Ирандын 31 провинциясындагы 100 чукул шаар жана айылдарына да жетти. Америкалык Human Rights Activist News Agency (HRANA) уюму митингге чыккан кеминде 34 киши, анын бешөө - балдар жана коопсуздук күчтөрүнүн сегиз кызматкери өлтүрүлгөнүн, 2 миң 270 адам камакка алынганын билдирди.
Норвегиядагы Iran Human Rights (IHR) уюму коопсуздук күчтөрү кеминде 45 адамды, анын ичинде алты баланы өлтүргөнүн кабарлайт.
Би-Би-Синин Перс кызматы демонстрацияларда каза тапкан 22 адамдын өздүгүн тактады, иран бийлиги коопсуздук күчтөрүнүн алты кызматкери каза тапканын ырастады. Бейшемби күнү кечинде коомдук сайттарда видео тарап, ал Би-Би-Синин Перс кызматы тарабынан верификацияланды. Видеодо жоон топ Мешхед шаарынын башкы көчөсү менен түндүк-чыгышты көздөй бет алып кетип бара жатканын көрүүгө болот. Алар «Жашасын шах!», «Бул финалдык салгылаш! Пехлеви кайтып келет» деп ураан чакырып жатышканын угууга болот. Видеодо бир нече киши эстакадага чыгып, байкоочу камераларды жулуп салышканын да көрүүгө болот.
Интернетке чыккан дагы бир башка видеодо Тегерандын башкы көчөсү менен бараткан демонстранттарды көрүүгө болот. Би-Би-Синин Перс кызматына борбор шаардын түндүк жагынан жөнөтүлгөн видеодо дагы «Бул акыркы беттеш! Пехлеви кайтып келет» деген ураандар жаңырат. Шаардын башка бөлүктөрүндө өткөн демонстрацияларда коопсуздук күчтөрү менен кагылыштан кийин тартылган видеолордо «Намысы жоктук», «Коркпогула, биз дайым биргебиз» деген кыйкырыктар бар. Исфаханда тартылган башка видеодо Хаменеиге багытталган «Диктаторго өлүм», ал эми Бабол шаарында тартылган видеодо «Жашасын шах!», өлкөнүн түндүк-батышындагы Тебризде тартылган видеодо «Коркпогула, биз биргебиз» деген чакырыктар жаңырат.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Би-Би-Синин Перс кызматына Дезфул шаарынан жөнөтүлгөн видеолордо борбордук аянтта каршылык акциясына чыккан топ кишилерди жана аларга ок чыгарган коопсуздук күчтөрүн көрүүгө болот. Түнгө карай башталган каршылык акциялары Реза Пехлеви ирандыктарды «бирдиктүү фронт катары көчөгө чыгып, өз талаптарыңарды кыйкыргыла» деп чакыргандан кийин башталды. Пехлевинин атасы 1979-жылы Ислам революциясынан кийин бийликтен кулатылып, өзү учурда Вашингтондо жашайт.
Пехлеви X платформасындагы постунда "миллиондогон ирандыктар бүгүн кечинде эркиндигин талап кылышты" деп, демонстранттарды "эр жүрөк мекендештер" деп атады. Ал АКШ президенти Дональд Трампка ыраазычылык билдирип, ал "режимди жоопкерчиликке тартты" деп, европалык лидерлерди да буга чакырды.
Пехлеви каршылык акцияларын жума күнү да, кечинде кечки сегизде улантууга чакырып жатат.
Ирандын мамлекеттик медиалары бейшембиде орун алган баш-аламандыктан масштабын кичирейтип берди. Айрым учурларда алар каршылык акциялары өткөнүн такыр эле четке кагышып, бош көчөлөрдүн видеосун көрсөтүштү.
Ал арада интернетке байкоо салган NetBlocks Иран "жалпы улуттук интернетти блоктоп жатканын" айтып, "инцидиент өлкө боюнча өтүп жаткан каршылык акцияларына каршы багытталган жага коомчулуктун маанилүү убакта байланышка болгон укугун чектеген санариптик цензураны күчөтүү чараларынан кийин орун алды" деди.












