Сирия: Алепподо өкмөттүк күчтөр менен күрттөрдүн ортосунда кайрадан кагылышуу башталды

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images
Сириянын Алеппо шаарында эки күндөн бери борбордук өкмөттүн армиясы менен күрт күчтөрүнүн ортосундагы кагылышуу уланууда. Шейшемби күнү Алеппонун эки күрт конушунда артиллериялык атышуулар башталды. Жергиликтүү булактардын маалыматы боюнча, биринчи күнү алты адам каза болду.
Reuters агенттиги кабарлагандай, түн салыштырмалуу тынч өткөн, бирок шаршемби күнү кайрадан атышуу башталган. Алеппонун саламаттык сактоо башкармалыгы билдиргендей, дагы кеминде төрт адам каза болуп, 18 киши жаракат алган.
Шаршемби күнү Сирия өкмөтү күрт куралдуу топторун Алеппонун Шейх-Масуд жана Ашрафия райондорунан чыгып кетүүгө чакырып, карапайым калкты кагылышуудан коргоону талап кылды.
Жарандык согуш учурунда сириялык күрттөр өлкөнүн түндүк-чыгыш аймактарынын кеңири бөлүгүндө, ошондой эле Алепподо өздөрүнүн автономиялуу аймактарын түзгөн.
Дамасктагы жаңы бийлик менен түзүлгөн келишимге ылайык, алардын куралдуу күчтөрү, Сириянын демократиялык күчтөрү менен бирге (SDF), 2025-жылдын аягына чейин бирдиктүү Сирия армиясынын курамына кошулушу керек болчу. Бирок бул план ишке ашпай калганына тараптар бири-бирин айыптоодо.
Сирия армиясы түндүктөгү Алеппо шаарында күрттөр жашаган кварталда карапайым калкты эвакуациялоо үчүн берилген мөөнөт бүткөндөн кийин аткылоону баштаганын билдирди.
France Press агенттигинин маалыматына караганда, сириялык аскерлер шаршемби күнү саат 15:00дөн тарта (Гринвич убактысы боюнча 12:00) Алепподогу Шейх-Максуд жана Ашрафия райондорун "жабык аскердик аймак" деп жарыялап, ошол эле маалда жайкын тургундар чыгып кетиши үчүн "эки коопсуз гуманитардык коридор" уюштурган.
AFPнин Алепподогу кабарчылары белгиленген мөөнөт аяктаганга чейин бул райондордон миңдеген адамдар чыгып кеткенине күбө болушкан.
"Биз атышуулардан качып чыктык, эми кайда барарыбызды билбейбиз. Согуш 14 жылдан бери уланып жатат, жетишет",- деди AFP агенттигине 38 жаштагы Ахмед.
41 жаштагы Аммар Раджи өзү жана үй-бүлөсү "оор шарттарга байланыштуу көчүп кетүүгө аргасыз болушканын" айтты.
"Менин алты балам бар, алардын экөө кичинекей. Кайра кайтып келе алабызбы же жокпу деп коркуп жатам",- деди Раджи. Бул анын үй-бүлөсү үчүн биринчи жолку көрүнүш эмес. Алты жыл мурун өлкөнүн түндүгүндөгү Манбидж шаарындагы салгылашуулардан улам алар туулган жерин таштап кетүүгө мажбур болушкан.
Өз ара айыптоолор

Сүрөттүн булагы, EPA
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Дамаск армиясы Сириянын Шейх-Максуд жана Ашрафия райондорунда мыйзамдуу аскердик буталарга сокку уруп жатканын билдирди.
Маалыматка караганда, алардын аскерлери Сириянын демократиялык күчтөрү (СДК) тарабынан ракеталык жана артиллериялык аткылоого, ошондой эле дрондордун чабуулуна кабылган. Ошондон кийин армия жооп иретинде ок чыгарган.
Күрт куралдуу күчтөрү болсо, тескерисинче, кагылышуулардын кайра тутанышына Дамаскты күнөөлөдү.
Күрттөрдүн жогорку даражалуу өкүлү Илхам Ахмед Дамаскты күрттөргө каршы "геноциддик согушту" баштады деп айыптап, Сирия өкмөтүн "акылга салып, маселени сүйлөшүү жолу менен чечүүгө" чакырды.
Бийлик жайкын тургундар үчүн гуманитардык коридорлор ачып, адамдарды автобустар менен коопсуз аймактарга чыгарууда.
"Биз аларды каалаган жерине же атайын даярдалган убактылуу баш калкалоочу жайларга жеткирип жатабыз",- деди Алепподогу жарандык коргонуу күчтөрүнүн башчысы Файзал Мохаммад Али. Анын айтымында, кагылышуу жүрүп жаткан аймактардан болжол менен 10 миңдей адам качып чыккан.
Кагылышуудан улам аэропорт жабылып, шаардын борборундагы көптөгөн көчөлөр жана Түркия менен чектешкен трасса убактылуу тосулду.
Алепподогу күрттөр жашаган райондордо соңку кагылышуу декабрдын экинчи жарымында, андан мурда октябрь айында болгон.
Март айында жетишилген макулдашууга ылайык, Сириянын мунайга бай түндүк-чыгыш бөлүгүнүн көпчүлүгүн көзөмөлдөгөн күрттөрдүн жарандык жана аскердик түзүмдөрү жыл аягына чейин Дамаскка баш ийген бирдиктүү мамлекеттик структураларга кошулушу керек болчу. Бирок тараптар ортосундагы олуттуу пикир келишпестиктерден улам бул макулдашуу белгиленген мөөнөттө ишке ашкан жок.












