2026-жылы Орусияда мигранттарга талап күчөйт

Мигранттарга талап күчөйт

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин миграция саясатына байланыштуу бир катар мыйзам долбоорлору иштелип жатканын Телеграм каналына жазды. Маалыматка ылайык, 30 күндөн ашык мөөнөткө сырттан келген жаран мурункудай 90 эмес, бир ай ичинде медициналык кароодон өтүшү керек.

Медициналык уюмдар медициналык кароонун жыйынтыгын ИИМге тапшырат.

Эгер мигранттарда жугуштуу оорулар аныкталса, бул тууралуу Роспотребнадзорго чукулунан маалымат берүү шарт. Жугуштуу оорусу бар мигранттар токтоосуз Орусиядан депортацияланат.

Эгер мигрант медициналык кароодон өтүүдөн баш тартса, бул үчүн айып пул каралат, ошондой эле соттун чечими менен өлкөдөн чыгарууга болот. Эгер медициналык текшерүүдө оорусу аныкталып, бирок аны жашырууга аракет кылып документтерди жасалмалоо фактысы аныкталса, бул үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган.

Орусияда мигранттардын үстүнөн көзөмөл барган сайын катаалдашууда.

Соңку бир жылдын ичинде бийлик "мыйзамсыз мигранттардын" реестрин киргизип, балдарды мектепке кабыл алуу шарттарын катаалдаштырып, полицияга мигранттарды соттун чечими жок эле өлкөдөн чыгаруу укугун берди.

Мындан тышкары Москвага жана облуска кирип-чыккан мигранттардын кыймылын көзөмөлдөгөн тиркеме иштей баштады. Украинадагы согуш уланып, рубль кунун жоготуп жаткан шартта Орусияда иштөө ансыз деле жагымдуу болбой калган эле. Ал эми мындай жаңы чектөөлөр менен барган сайын көбүрөөк борборазиялыктар башка өлкөлөргө, анын ичинде Европага да ыктай башташты.

Орус бийлиги бул чаралардын баарын мыйзамсыз мигранттар менен күрөшүү жана кылмыштуулуктун алдын алуу зарылчылыгы менен түшүндүрүп келет.

2025-жылдын июль айында Ички иштер министрлиги мигранттар жасаган кылмыштар көбөйгөнүн билдирген, бирок жалпы кылмыш статистикасында чет элдиктердин үлүшү төмөн бойдон калууда. "Если быть точным" долбоорунун изилдөөсү мигранттарга караганда бойго жеткен орусиялык эркектер кылмышка көбүрөөк барарын көрсөттү.