"Согуш туткунумун": Мадуронун соттук отурумда сүйлөгөн сөзү

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Мэдлин Халпертин
- Role, Нью-Йорктогу соттон кабарлайт
Бутка салынган кишендин үндөрү Венесуэланын лидери Николас Мадуро Нью-Йорктогу сот залына кадам таштаары менен угула баштады.
Кийин ал топтолгон журналисттер менен элге "уурдалып" келгенин айтты.
Ал залга киргенден көп өтпөй судья Элвин Хеллерстайн соттук отурумду баштоо үчүн Мадуродон тек-жайын ырастоону сурады.
"Мен Николас Мадуромун. Мен Венесуэла республикасынын президентимин. Мени 3-январда уурдап келгенден бери ушул жердемин", — деди ал сотто испанча, өзүн токтоо кармап. Кийин анын сөзүн котормочу сотко которуп берди. "Мени Каракастагы үйүмдөн кармап кетишти".
92 жаштагы судья тез эле Мадуронун сөзүн бөлүп, "мунун баарын айта турган убактысы жана орду" болорун билдирди.
Дүйшөмбүдө 40 мүнөткө созулган оор айып угузулган соттук отурумда Мадуро жана анын жубайы Силия Флорес баңгизат жана курал-жарак сатуу боюнча тагылган айыпты четке кагышты.
"Мен күнөөсүзмүн. Мен дурус инсанмын", — деди Мадуро. Флорес болсо "эч кандай күнөөсү жок" экенин кошумчалады.
63 жаштагы Мадуро жана анын жубайы АКШнын аскерлери тарабынан ишемби күнү Венесуэлада кармалгандан кийин Нью-Йорктогу абакка которулган. Түндөсү жүргүзүлгөн кармоо операциясында аскердик базаларга да сокку урулган.
Абакта кийилчү көк жана ток сары түстөгү көйнөк жана ачык күрөң түстөгү шым кийген түгөйлөр кулакчын тагып отурушту. Аларга соттук отурумду испанчага которуп берип турушту. Жактоочу алардын ортосунда отурду. Мадуро сары дептерге кылдаттык менен жазып жатты. Кийин ал судьядан дептерди өзү менен кошо алып кетсе болорун суранды.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн булагы, Reuters
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Мадуро залга киргенде, бурулуп залда отургандардын айрымдарына баш ийкеп саламдашып койду. Дал ушул залда бир ай мурда Шон "Дидди" Комбстун соттук отуруму болуп, күнөөлүү деп табылган эле.
Мадуро соттук отурум учурунда өзүн токтоо кармап, ички сезимдерин билдирген жок. Отурум бүткөндөн кийин залда байкап отурган бирөө Мадуро өз кылмышы үчүн "жооп берерин" айтып бакырса дагы өзүн токтоо кармады.
"Мен президентмин жана согуш туткунумун", — деп жооп кайтарды ал залда кыйкырган адамга испанча. Ал адамды сот залынан көз жашын агызган бойдон чыгарып кетишти.
Соттук отурум башкалар үчүн да эмоционалдуу болду. Мадуронун администрациясы боюнча маалымат чыгарып жүргөн венесуэлалык кабарчы Майборт Петит айтып бергендей, Мадурону кармоо учурунда АКШнын ракеталык соккулары Каракастагы анын үй-бүлөсүнүн турак-жайына зыян келтирген.
Анын айтымында, америкалык маршалдар анын мурдагы лидерин абак формасында коштоп жүргөнүн көрүү оор болгон.
Мадуронун жубайы Флорес болсо өзүн бир топ эле токтоо кармады. Көзүндөгү жана чекесиндеги жаракаттары таңылган экен. Анын жактоочуларынын айтымында, Флорес дем алыш күндөрү кармоо учурунда жаракат алып калган.
Сары чачтары артка байланган Флорес жайбаракат сүйлөдү. Анын жактоочулары болсо Флореске тийиштүү түрдө медициналык көзөмөл керек экенин суранышып, кабыргасы кокустап жана сынып калганын текшерүү үчүн рентгенге түшүрүү керек экенин кошумчалашты.
Мадуро менен жубайы соттук отурумда күрөө берип абактан чыгарууну өтүнүшкөн жок, бирок кийинчерээк суранса болот. Демек, алар азырынча федералдык соттун карамагында болот.
АКШ бийлиги Мадурону баңгизат-терроризм кутуму, кокаин импорту, автоматтарга жана кыйратуучу каражаттарга ээ болуу боюнча айыптап келет.
Мадуро менен кошо жубайына, уулуна жана башка бир нече инсанга айып тагылууда. Бул иш боюнча кийинки соттук отурум 17-мартка белгиленди.








