"Пландары көп эле". Бишкектеги дарыгердин табышмактуу өлүмү

№3 балдардын Тез жардам клиникасынын дарыгери Айгүл Зибирова болгону 28 жашта болчу

Сүрөттүн булагы, social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, №3 балдардын Тез жардам клиникасынын дарыгери Айгүл Зибирова болгону 28 жашта болчу
    • Author, Мээрим Догдурбекова
    • Role, Би-Би-Синин Кыргыз кызматынын кабарчысы

Бишкекте 2-январда күтүүсүз каза болгон дарыгер Айгүл Зибированын жакындары анын өлүмүн калыс жана дыкат иликтөөнү талап кылууда. Милиция №3 балдардын Тез жардам клиникасынын дарыгеринин өлүмү боюнча тергөөгө чейинки териштирүү жүргүзүп жатканын билдирди.

Айгүл үйдүн кичүү кызы болгон. Жайдары мүнөз, ачык көңүл дарыгер кыз 28 жашында көз жумду. Эжеси Мехригүл Зибирова аны абдан эмгекчил, тырышчаак адам деп сыпаттап, кабыргасы кайышып отурат.

"Ал абдан жайдары, жашоону сүйгөн мүнөзү бар эле. Эч качан тагдырына баш ийип отуруп калчу эмес. Бизди кошо колдоп, алдыга сүйрөп турчу. Үч жумушта иштечү. Балдар ооруканасында дарыгер болуп, тез жардам бөлүмүндө иштечү жана Славян университетинде сабак берчү. Биз башкалар менен дагы сүйлөштүк, эч ким мындайды күткөн эмес", - деди Мехригүл Зибирова.

Мехригүл сиңдисин акыркы жолу 30-декабрда көргөн. Ал күнү Айгүл 31-декабрда нөөмөттө болорун айтып, Жаңы жылы менен эрте куттуктап кеткен экен. Андан эки күн өтүп-өтпөй Мехригүл сиңдиси өз үйүндө каза болгонун анын ооруканадагы кесиптештеринен билген. Анын айтымында, дарыгер каза тапкан күнү жанында анын мурдагы жигити болгон.

Сол жактагы Айгүл жана оң жактагы анын эжеси Мехригүл

Сүрөттүн булагы, Зибировалардын жеке архивинен

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сол жактагы Айгүл жана оң жактагы анын эжеси Мехригүл

Айгүл каза болгонун жакындарына кесиптештери угузган

"Биринчи январдан экисине караган түнү бизге Айгүлдүн телефон номеринен ал иштеген Тез жардам клиникалык ооруканасынын бөлүм башчысы чалып, кабарды айтты. Жетекчинин айтуусунда, ага кабарды Айгүлдүн мурдагы жигити өзү чалып айткан жана 15 мүнөт ичинде Айгүлдүн үйүнө тез жардам, милиция жана жетекчи өзү да барган. Ал бала Айгүл менен чогуу иштечү, менин сиңдим врач, ал фельдшер болгон", - деди Мехригүл.

Бишкектеги Тез Жардам клиникалык ооруканасынын бөлүм башчысы Данияр Шаяхметов Би-Би-Сиге ал түнү Зибированын жакындарына чалып кабар айтканын, ал эми өзүнө сөз болуп жаткан Айгүлдүн мурунку жигити чалганын тастыктады. Бирок Шаяхметов дарыгердин өлүмүнүн чоо-жайы тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты.

Мехригүл Зибирова экспертизанын алдын ала жыйынтыгы боюнча Айгүл асфиксиядан же тумчугуп, дем кысылуудан көз жумганын билдирүүдө. Бирок бул маалымат азырынча расмий түрдө ырастала элек. Адистер бир айдан кийин гана өлүмдүн так себеби айтыларын билдиришкен.

“Айгүл диссертациясын жактайм деп жүргөн. Казакстандагы жеке клиникалардын биринен жумушка чакыруу алган. Ал жакта туруктуу жашоого уруксатын алып койгон эле. Жаңы жылдан кийин кетем деп жаткан. Анын пландары аябай көп эле. Ал өзү мындайга барышы мүмкүн эмес болчу", - деди Мехригүл Зибирова.

Айгүлдүн мурдагы жигити бул окуя тууралуу үн ката элек. Би-Би-Синин аны менен телефон аркылуу байланыштуу аракетинен майнап чыккан жок.

Окуяны милиция иликтеп жатат

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы бул окуя каттоого алынып, учурда тергөөгө чейинки текшерүүлөр жүрүп жатканын Би-Би-Сиге ырастады. Милиция Айгүлдүн өлүмүнө эмне себеп болгонун билдире элек.

2-январда Бишкектеги №3 балдардын Тез жардам клиникасынын дарыгери Айгүл Зибирова каза болгонун дарыгердин кесиптештери соцтармактарга жазышты. Маалыматка ылайык, Зибирова 2019-жылдан тартып шаардык балдар ооруканасында эмгектенип, алгач медайым болуп иштеген. Кийин дарыгер-ординатор болуп, андан соң дарыгер-реаниматолог катары реанимация жана токсикология бөлүмүндө кызмат өтөгөн.

"Ал жаркын мүнөздүү, чын дилден берилген, өз ишине жоопкерчиликтүү дарыгер болуп, көптөгөн балдардын өмүрүн сактап калууга салым кошкон", - деп жазылат билдирүүдө.

Кесиптештери да Айгүл 31-декабрь күнү нөөмөттө болгонун, 2-январь күнү анын кайтыш болгону тууралуу кабар алышканын белгилешти.

"Үчүнчү январда кыздар менен корпоративим бар деп айтып жаткан. Ага жетпей, экинчи январь күнү мен аны моргдон өзүм алып кеттим. Биз анын сөөгүн өзү туулуп-өскөн Токмок шаарында 3-январда жерге бердик", - деди эжеси Мехригүл.