Кыргызстанда блогерлер тууралуу мыйзам иштелип чыгат

bloggers

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Кыргызстанда блогерлердин ишин жөнгө салган өзүнчө мыйзам кабыл алуу пландалууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев АКИpress агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, блогерлер жалпыга маалымдоо каражаттары болуп эсептелбегени менен, чоң аудиторияга таасир эткендиктен, тараткан маалыматы үчүн жоопкерчилик алышы керек.

«Быйыл жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө мыйзам кабыл алынды. Азыр биз блогерлер жөнүндө мыйзамды иштеп чыгуу алдында турабыз. Биз "блогер" деген ким экенин аныктап алышыбыз керек. Блогерлердин өз катталуучулары, таасир эте турган аудиториясы бар, ошондуктан блогер ким экенин так аныктоо зарыл. Ооба, албетте, алар ЖМКга кирбейт, бирок калкка белгилүү бир деңгээлде таасири бар болгондуктан, кандайдыр бир маалыматты таратып жатып, жоопкерчилик да тартышы керек», — деди министр.

Мамбеталиев блог жүргүзгөн мамлекеттик кызматкерлер менен ири аудиториясы бар медиа инсандардын ортосунда айырма бар экенин айтты. Айрым блогерлер расмий маалыматты гана таратса, башкалары товар же кызматтарды жарнамалап, ишкердик ишмердүүлүк менен алектенишет.

«Жөн гана мамлекеттик кызматкер болгон блогер бар, анын белгилүү бир аудиториясы бар, мисалы, 5 миң же 10 миң катталуучусу. Ал аларга жөн гана маалымат берет, башкача айтканда, расмий маалыматты таратат. Ал эми 50 миңден 100 миңге чейин, айрымдары миллиондон ашкан катталуучулары бар блогерлер да бар, алар ишкердик менен алектенип, тигил же бул продукцияны жарнамалашат. Бул да ишкердик ишмердүүлүк болуп эсептелет. Ошондуктан азыр биз баарын так аныктап, "карышкырлар да тоюп, койлор да аман" боло тургандай кылышыбыз керек», — деп түшүндүрдү Мамбеталиев.

Учурда Маданият министрлигинин жана башка мекемелердин адистери мыйзам долбоорунун үстүндө иштеп жатышат. Мыйзам долбоору 2026-жылы даяр болушу күтүлүүдө.