Садыр Жапаров: "12 жылдык билим берүүгө өтүү — мезгил талабы"

Президент Садыр Жапаров төртүнчү курултайда көп көтөрүлгөн көйгөйлөрдүн бири болгон мектептердин жетишсиздиги 12 жылдык билим берүүгө байланыштуу эмес экенин билдирди. Бул тууралуу ал "Кабар" агенттигине түшүндүрмө берип жатып айтты.

japarov

Сүрөттүн булагы, president.kg

Өлкө башчысы демографиялык өсүшкө токтолуп, 2015-жылы окуучулардын саны – 1 043 356 болсо, 2025-жылы, 10 жыл аралыгында окуучулардын саны 1 536 633гө жеткенин айтты. Мындан улам жана ички миграциянын шаардык борборлорго жогорулашынан шаарларда кошумча мектептерди, бала бакчаларды куруу боюнча пландуу иш алып барылып жатканы айтылды.

"2025-жылдын башынан тартып бүгүнкү күнгө чейин жалпы республикалык бюджеттин эсебинен 134 билим берүү мекемеси бүткөрүлдү. Анын ичинен 60 мектеп, 28 бала бакчасынын курулушу, ал эми 41 мектеп, 5 бала бакчада капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрдү",-деди Жапаров.

Ошондой эле президент учурда жалпы өлкө боюнча курулуштары ар кыл стадияда турган 216 мектеп жана 107 бала бакча бар экендигин баса белгиледи.

"12 жылдык билим берүүгө өтүү — мезгил талабы" деген мамлекет башчы бул билим берүү рыногунун дүйнөлүк талабы болуп жатат деп билдирди. Анын айтымында мектепти аяктаган окуучулар дүйнөлүк стандарттарга шайкеш келбегендиктен, чет өлкөлөрдөгү жогорку окуу жайларга тапшырганда кошумча бир жыл даярдык көрүүгө аргасыз болууда. Мындан улам 12 жылдык билим берүү системасына өтүү боюнча өзгөчө зарылдык жаралды.

"Кыргызстан үчүн дүйнөлүк экономикада теңтайлаша турган адам капиталын даярдоо өтө маанилүү. 10-11 классттык билим берүү өзүнүн тарыхый миссиясын аткарып бүттү, ал пландык-командалык экономиканы тейлөөгө багытталган. Учурда рынок экономикасына атаандаш боло алган адисттерди даярдоо - бул заман талабы, андан артта калбашыбыз керек",-деди Садыр Жапаров.