Ирандагы нааразылык. Хаменеи Москвага качкысы келеби?

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images
- Author, Жаңылыктар бөлүмү
- Role, Би-би-синин орус кызматы
Жекшембиде Иранда демонстранттар менен коопсуздук күчтөрү кайрадан кагылышканын укук коргоо уюмдары жана жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашты. Өлкөдө жашоо кымбаттаганынан улам башталган демонстрациялар эки аптадан бери уланууда.
Al Jazeera келтирген расмий маалыматка караганда, Иранда 2025-жылдын 28-декабрында башталган нааразылык акцияларынан бери кеминде 12 киши, анын ичинде коопсуздук күчтөрүнүн кызматкерлери набыт болду. Митингдер Ирандын борбору Тегеранда дүкөн ээлеринин иш таштоосу менен башталган.
Өлкөнүн жогорку лидери Али Хаменеи демонстранттарды "тополоңчулар" деп атады. "Биз демонстранттар менен сүйлөшүп жатабыз, аткаминерлер да сүйлөшүүгө тийиш, - деди ишембиде Хаменеи. – Бирок тополоңчулар менен сүйлөшкөндөн майнап чыкпайт. Тополоңчуларды өз ордуна коюш керек".
Ошол эле учурда Times гезити колуна тийген чалгын кызматынын документтерине таянып, "коопсуздук күчтөрү нааразылык акцияларын токтото албаса же чыккынчылык кылса, аятолла Хаменеинин Ирандан Орусияга качуу планы бар имиш" деп жазды.
Чалгын кызматындагы булак гезитке берген бул "В планына" ылайык, армия жана коопсуздук күчтөрү башаламандыктарды токтото албаса, кызмат өтөөдөн качса, каршылаш тарапка өтүп кетсе же буйруктарды аткарбай жатканын көрсө, 86 жаштагы Хаменеи 20 жардамчысы жана үй-бүлө мүчөлөрү, анын ичинде баласы менен Тегерандан чыгып кетет.
Ислам ыңкылабынан сегиз жылдан кийин Ирандан качкан соң ондогон жылдар бою Израилдин чалгын кызматында иштеген Бенни Сабти Times гезитине Хаменеи "качаарга башка жери болбогондуктан улам" Москвадан башпаанек издей турганын айтты.

Сүрөттүн булагы, IRAN'S SUPREME LEADER OFFICE HANDOUT/EPA/Shutterstock
Демонстрациялар өткөн жекшембиде Тегерандагы дүкөн ээлери экономикалык көйгөйлөрдөн улам иш таштагандан кийин башталган, бирок андан бери демонстранттар саясий талаптарды коюп, митингдердин масштабы кыйла кеңейди.
Укук коргоо уюмдары режимдин коопсуздук күчтөрүн "карапайым адамдарга кол салууга" айыптоодо.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
АКШда иштеген "Ирандагы укук коргоочулар" уюмунун (HRAI) маалыматы боюнча, улуттук акчанын кескин арзандашынан жана жашоонун кымбатташынан улам башталган жалпы улуттук митингдер бери дегенде 78 шаарда жана 222 калктуу конушта өтүүдө. HRAI уюму билдиргендей, демонстранттар бийликтин алмашуусун талап кылышууда. Уюмдун маалыматы боюнча, 990 адам камакка алынып, кеминде 20 адам набыт болду.
HRAI уюмунун директорунун орун басары Скайлар Томпсон Guardian гезитине билдиргендей, уюм бери дегенде 44 баланын өлтүрүлүшүн жана камакка алынганын документтештирип алган.
"Бул сандар жаштар нааразылык акцияларына жигердүү катышып жатканынын ачык далили болуп саналат. Айрыкча кармалгандардын арасында балдар да бар экенин эске алуу менен карапайым элди суроо-сопкутсуз кармоо эл аралык укуктун бузулушу катары кеңири айыпталышы керек", - деди Томпсон.
Ирандын батышындагы ири күрт жамааты жашаган, 20 миңдей калкы бар Малекшахиде кагылышууларда бир коопсуздук кызматкери набыт болгонун ирандык маалымат каражаттары кабарлашты. Ирандын Fars агенттиги кол салгандардын экөө өлтүрүлгөнүн кошумчалап, "тополоңчулар полиция бекетине чабуул коюуга аракет кылышты", - деп билдирди.
Малекшахинин атын атагысы келбеген тургуну Guardian гезитине дем алыш күндөрү адамдар өкмөткө каршы ураандарды чакырып, камакка алынган демонстранттарды бошотууну талап кылганын билдирди. Анын айтымында, коопсуздук күчтөрү демонстранттарга ок ачкан.
Жекшембиге караган түнү укук коргоочулар коопсуздук күчтөрү жарадар болгон демонстранттар жеткирилген Илам шаарындагы ооруканага кол салып, рейд жүргүзгөнүн билдиришти. Күбөлөрдүн айтымында, коопсуздук күчтөрү демонстранттарга ок ачып, көздөн жаш агызуучу газ колдонуп, кармалгандарды катуу сабап, белгисиз тарапка алып кетишүүдө.
Президент Масуд Пезешкиандын өкмөтү элди биримдикке чакырып, экономикалык кыйынчылыктар үчүн Тегерандын "душмандарын" айыптады. Мунун алдында бийлик экономикалык реформаларды жүргүзүп, коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнү убада кылган, бирок бул билдирүүлөр митингчилерди токтото алган жок.
Көптөгөн эл аралык санкциялардын натыйжасында Тегеран эл аралык финансы рынокторуна жете албай жатат, ал эми чет элдик активдер тоңдурулган. Өлкөнүн импортко болгон көз карандылыгы кырдаалды курчутуп, инфляция 52 пайызга чейин өстү.
"Ирандын улуттук акчасы болгон риал алты айдын ичинде эле 56% төмөндөп, жекшембиде бир АКШ долларына карата 1 миллион 420 миң долларга чейин арзандады", - деп билдирди Al Jazeera. Улуттук акчанын арзандашы инфляцияга себеп болду; азык-түлүктүн баасы өткөн жылга салыштырмалуу орточо 72 пайызга өстү.
Ирандын аяр абалы: Би-Би-Синин Перс кызматынан Амир Азиминин комментарийи
Иран экономикасынын начарлашында эл аралык санкциялар маанилүү ролду ойноду, бирок өлкөдөгү кырдаалдын курчушуна бул жалгыз себеп эмес.
Көптөгөн ирандыктар санкциялар бир катар аткаминерлерге жана алардын жакындарына тикелей пайда алып келип жатканын, алар атайын механизмдер аркылуу импорт менен экспортту көзөмөлдөп, мунайдан түшкөн кирешени чет өлкөлөргө чыгарып, арам акчаны адалдоодон пайда көрүп жатканын айтышат.
Ал тургай өкмөттүк аткаминерлер да кризиске санкцияларга караганда "андан пайда көргөндөр" күнөөлүү деп эсептешет.
2025-жылдын жайында Иран менен Израилдин ортосундагы 12 күндүк согуш да азыркы кырдаалда маанилүү ролду ойноду. Ошол согуш АКШнын тикелей кийлигишүүсү жана Ирандын өзөктүк объектилерине абадан сокку уруу менен аяктаган эле.
Согуш Ирандын коргонуу дараметине, өзөктүк инфраструктурасына жана бир катар аскерий жана өнөр жай объекттерине олуттуу зыян келтирген.
Ошол эле учурда Ирандын чөлкөмдөгү абалы да кескин начарлады. Сирияда Башар Асаддын режими кулаган соң Тегеран негизги өнөктөшүнөн ажырады, ал эми Израилдин Ливандагы "Хезболлага" чабуулдарынан уюмдун жогорку жетекчилигинин көбү жок кылынды.
Анын үстүнө АКШнын Венесуэладагы жакында эле болгон операциясы жана Николас Мадуро менен анын жубайы Силия Флорестин кармалышы Ирандын чет өлкөдөгү мүмкүнчүлүктөрүн ого бетер чектеди.
Бул өзгөчө маанилүү, себеби Иран Орусия менен бирге Венесуэланын мунай секторуна жигердүү катышып келет жана Кытайда орун алган деп эсептелген базарларга байланышкан татаал финансылык механизмдерге көз каранды.
Бул механизмдердин мындан ары иштебей калышы өлкөнүн ичинде кысым күчөп жаткан маалда Ирандын экономикалык аяр абалын кыйла оорлоштурду. Учурда чөлкөмдөгү жаңжалдарда Иран таяна турган союздаштары азайып, мунайды чет өлкөлөргө сатуудан тапкан кирешелерди чыгарып алуу үчүн каналдар азайды.
Мына ушундай абалда Ирандын жашы өтүп бараткан жогорку лидери Али Хаменеи эң туруксуз учурлардын бирине туш болуп жаткандай.
Салыштырмалуу кыска мөөнөттүн ичинде чөлкөмдөгү союздаш күчтөрдү түзүү багытында отуз жылдан ашык убакыт бою кылдат пландаштырылган аракеттер, санкцияларды буйтап өтүү механизмдери жана өзөктүк инфраструктура жокко чыга баштады.
Хаменеи жана анын жакын чөйрөсү бир нече жылдар бою чөлкөмдөгү союздаштарына жана өзөктүк программага кеткен ири чыгымдарды Ирандын узак мөөнөттүү коопсуздугуна жана технологиялык прогрессине жасалган зарыл инвестиция деп актап келишкен.
Бүгүнкү күндө мындай жүйө барган сайын ынандырбай калды. Өлкөнүн ичинде да, анын тышында да кысым күчөгөн сайын, Иран бийлиги жүргүзгөн мындай саясаттын түпкү максаты катары айтылып келген коопсуздук эми жоголгондой сезилүүдө.
Акыркы жолу Иранда мындай масштабдагы башаламандык төрт жыл мурун болгон. Ал жылы адеп-ахлак полициясы кармап кеткенден кийин өзүнө келбей жатып Махса Амини каза тапкан эле. Бул окуя 1979-жылы Ислам Республикасы негизделгенден бери өкмөткө каршы эң ири нааразылык акцияларына себеп болгон.
Кийинчерээк "Махсанын кыймылы" же "Аял, жашоо, эркиндик" катары белгилүү болгон демонстрациялар бийликти кыйла сестендиргени менен, акыры күч менен басылып, өтө көп сандагы адамдар камакка алынган.
Ушул күндөрү өтүп жаткан нааразылык акциялары тездик менен жайылып, бир нече күндөн бери уланып жатса да, 2022-жылдагы демонстрациялардын масштабына жана ыргагына жете элек. (ZMa)














