Трамп: Иран митингчилерди өлтүрсө, АКШ кийлигишет

Сүрөттүн булагы, Reuters
- Author, Жаңылыктар бөлүмү
- Role, Би-Би-Си
Америкалык президент Дональд Трамп АКШ Ирандагы демонстранттарга жардам көрсөтүшү мүмкүндүгүн эскертти. Ирандын бир катар шаарларында өкмөткө каршы митингдер дээрлик беш күндөн бери уланып жатат. Бул 2022-жылдан берки эң ири нааразылык акция катары сыпатталууда.
"Эгер Иран тынч митингчилерди, кадыресе көрүнүш болуп калгандай, атып, өлтүрө турган болсо, Америка Кошмо Штаттары аларга жардамга келет, - деп жазды Трамп Truth Social социалдык түйүнүндөгү барагына. – Биз толук аскердик даярдыкта турабыз".
Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хаменеинин кеңешчиси Али Ларижани бул билдирүүгө жооп кайтарып, Трамп "этият болушу" керектигин айтты. Ал АКШ чынында кийлигише турган болсо, Жакынкы Чыгышта башаламандык жана туруксуздук болот деп коркутту.
АКШ лидери Вашингтон кандай кадамга барышы мүмкүндүгүн тактаган жок. Былтыр июнь айында Кошмо Штаттар Трамптын буйругунун негизинде Ирандын өзөктүк объектилерине сокку урган.
Иранда улуттук валюта риалдын наркынын кескин төмөндөшү жана кымбатчылык себеп болгон митингдерде кеминде алты кишинин өмүрү кыйылды.

Сүрөттүн булагы, EPA
Fars маалымат агенттигинин жана Hengaw укук коргоо уюмунун маалыматы боюнча, Ирандын түштүк-батышындагы Лордеган шаарында демонстранттар менен полициянын кагылышуусунда эки адам каза болгон. Азна шаарында дагы үч адам, өлкөнүн батышындагы Кухдашт шаарында бир киши өлдү.
Бейшемби күнү социалдык медиада башаламандык учурунда өрттөлгөн автоунааларды көрсөткөн видеолор тараган.
Көптөгөн демонстранттар өлкөнүн жогорку лидеринин бийлигинин аякташын, айрымдары монархиянын кайра кайтып келишин да талап кылып кылууда.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
1-январда күн бою өлкөнүн туш тарабында валютанын кунунун төмөндөшүнөн улам башаламандыктар орун алганы тууралуу маалыматтар чыккан.
Би-Би-Синин перс кызматы ырастаган видеолордо борбор калаа Ирандагы Лордеган шаарында жана түштүктөгү Фарс провинциясындагы Марвдашт шаарында бейшемби күнү болгон нааразылык акциялары көрсөтүлгөн.
Fars маалымат агенттиги бир аткаминерге шилтеме берип, Лордеганда эки адам каза болгонун билдирди. Кабарда каза болгондор нааразычылык акциясынын катышуучуларыбы же коопсуздук күчтөрүбү, такталган жок. Коңшулаш Лорестан провинциясындагы Азна шаарында да үч адам каза болгону кабарланды, бирок каза болгондордун арасында демонстранттар же полиция кызматкерлери бар экени так айтылган жок.
Hengaw адам укуктарын коргоо уюму Лордеганда каза болгон эки адам демонстранттар экенин билдирип, аларды Ахмад Жалил жана Саджад Валамане деп атады.
Би-Би-Синин перс кызматы муну көз карандысыз булактар аркылуу тастыктай алган жок.
Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары шаршемби күнү кечинде батыштагы Лорестан провинциясындагы Кухдашт шаарында демонстранттар менен болгон кагылышууда Ислам революциясынын сакчылар корпусуна (IRGC) караштуу коопсуздук күчтөрүнүн бир мүчөсү каза болгонун кабарлашты.
Би-Би-Си бул маалыматты да тастыктай алган жок. Нааразылык акциясынын катышуучулары бул киши алардын бири болгонун жана коопсуздук күчтөрү тарабынан атып өлтүрүлгөнүн айтышууда.
Мамлекеттик маалымат каражаттары билдиргендей, дагы 13 полиция кызматкери жана IRGC мүчөлөрү таш ыргытуудан жаракат алышкан. Шаршемби күнү бийлик башаламандыктарды басуу аракетинде банк майрамын жарыялагандан кийин өлкө боюнча мектептер, университеттер жана мамлекеттик мекемелер жабылган.
Бул суук аба ырайынан улам энергияны үнөмдөө үчүн жасалгандай көрүнгөн, бирок көптөгөн ирандыктар муну нааразылык акцияларын токтотуу аракети катары кабыл алышты.
Тегеранда 28-декабрда нааразылык акциялары алгач Иран валютасынын АКШ долларына карата наркынын кескин төмөндөшүнө нааразы болгон дүкөнчүлөрдүн арасында башталган.
Шейшемби күнү университет студенттери нааразылык акцияларына кошулуп, бир нече шаарларга тарашты. Ал жерде адамдар демонстрация учурунда өлкөнүн башкаруучуларына каршы ураандарды чакырышты.
Азыркы нааразылык акциялары 2022-жылдан берки эң ириси болуп саналат, анда массалык демонстрациялар 22 жаштагы Махса Аминин өлүмүнөн улам башталган. Ал хиджаб эрежелерин бузгандыгы үчүн адеп-ахлак полициясы тарабынан кармалгандан кийин каза болгон. Бирок азыркы наарызылык акциялары төрт жыл мурункудай масштабга жете элек.
Эскалациянын алдын алуу үчүн учурда Тегерандын демонстрациялар башталган аймактарында күчөтүлгөн коопсуздук чаралары көрүлүүдө.
Президент Масуд Пезешкиан анын өкмөтү нааразычылык акциясынын катышуучуларынын "мыйзамдуу талаптарын" эске аларын билдирди.
Бирок башкы прокурор Мохаммад Мовахед-Азад кандайдыр бир туруксуздукту жаратуу аракети болсо, анын сөзү менен айтканда, "чечкиндүү жооп" берилерин эскертти.












