Ирандагы Хиджаб-революциясы аятолланын режимине доо кетиреби?

Ирандагы толкундоолор

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ирандагы толкундоолор

Иранда масштабдуу каршылык акциялары өтүп, ондогон шаарларда адамдар көчөгө чыгып, эркиндикти талап кылууда. Аны басам деген күч түзүмдөрүнүн аракеттеринен адамдар набыт кетип жатканы менен нааразылыктын рекорддук деңгээли жоюлчудай эмес. Ислам динаятчыларынын режимин коркунуч жараткан мындай масштабдагы каршылык акциялары соңку 43 жылдан бери орун ала элек болчу.

Иранда бул нааразылык көптөн бери бышып келди. 22 жаштагы кызды хиджабты туура эмес кийдиң деп полиция кармап, анан ал кыз зомбулук аракеттерден улам каза тапканы бул наарзылыкты от алдырып ийгендей болду. Жер-жерлерде бул окуяга нааразылык күчөп, акыры ал барып 1979-жылдагы Ислам революциясынан кийин орногон режимге каршы жалпы улуттук баш ийбөө актысына айланып кетти. Эми азыр өлкөдө болуп жаткан акциялардын баары бийликке каршы жалпы ураанга айланды.

Нааразылык митингдеринин сап башында жалаң аялдар туруп, акцияларды кийин эркектер да колдоп кетишти. Шаарларда өтүп жаткан көчө митингдерине ар кандай курактагы адамдар чыгып жатышат, алардын катарын студенттер, окуучулар, ал түгүл мунайчылар дагы толуктоодо.

Маркум Махса Амини күрд улутунан эле, акциялардын башкы урааны - "Аял, жашоо, эркиндик" болуп жатат, бирок аны ар улуттуу өкүлдөрдөн турган иран коомчулугу сүрөп жатышат.

Бул акциялар эми аятолланын режимин кулатпаса дагы, Ирандын соңку 43 жылдагы жаңы тархындагы эң олуттуу сынагы болуп калмакчы, дешет эксперттер.

Хиджабдын буга кандай тиешеси бар?

Хиджаб жана аны мажбурлап кийгизүү аятолла режиминин символундай кабылданып калган.

Дүйнө жүзүндөгү теги ирандык кыз-келиндер камеранын алдында хиджабын өрттөа жана чачтарын бырчалап кесип жатышат. Аларга Сириядан тарта Францияга чейин аялдар да тилектештик билдирип жатат. Алардын арасында хиджабты өз эрки менен кийгендар дагы бар.

Ирандыктардын укуктарын чектөө аялдардан башталган. 1979-жылы аятолла Хомейнинин биринчи жарлыгы аялдарга багышталган эле, деп эскерет франко-ирандык социолог жана Science Po университетинин окутуучусу Маназ Ширали.

Аялдар митингдердин сап башында болгон учурлар буга чейин деле болгон. 1979 жана 1980-жылдары аялдар хиджабды кийүүгө каршы нааразылык билдирип чыгышкан

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аялдар митингдердин сап башында болгон учурлар буга чейин деле болгон. 1979 жана 1980-жылдары аялдар хиджабды кийүүгө каршы нааразылык билдирип чыгышкан

"Репрессиялар эң биринчи кезекте аялдардан башталган, демек Иранды бошотуу дагы аялдардан башталышы керек", - дейт ал.

"Аялдарды хиджаб кийүүгө мажбурлап, бул адам укуктарын чектөөнүн башкы символундай кабылданып калган. Алар каршы чыгып аткан нерсе бул- хиджабды мажбурлап кийиндирүү", - деди Маржан Кипур Гринблатт. Ал “Бардык азчылыктардын укуктарын коргоочу альянстын” негиздөөчүсү жана Вашингтондогу Жакынкы чыгыш институтунун эксперти.

2020-жылы жүргөн сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча ирандыктардын 15% гана милдеттүү түрдө хиджабды колдошот. Калган 80% - каршы.

"Аялдар динге берилге болсо да, андай мажбурлоого каршы", - дейт Маржан Кипур Гринблатт.

Али Хаменеи жеке өзү колдоо корсөткөн Эбрахим Раиси президент болгон соңку жылы адеп-ахлак полициясы күчөдү, туура эмес хиджаб кийген аялдарды кармап-камоо көбөйдү. Ал эми Кытайдан бул үчүн жүзүнөн таанычу система буйрутма кылынды.

Нааразылыктын башаты

Ирандагы каршылык акцияларынын башында аялдар болуп келди. 1979-жылы 8-мартта Тегерандын көчөлөрүнө 100 миң ирандык кыз-келиндер чыгып өз укуктарын коргоого аракет кылышкан. Анда Иранда бийликтер коомдук жайларда хиджабды милдеттүү түрдө кийип жүрүү боюнча жарлык кылган эле.

Анда аялдардын үнү жетпей калган, бирок бул алардын күрөшү ошону менен токтоду дегенди билдирбейт.

"Биз баарыбыз каза тапкан кыз - Махса Аминибиз" – деп ар кайсы өлкөдө каршылык акцияларына чыккандар ураан чакырып жатышат. Стамбулдагы ошондой акциялардын бириндеги сүрөт

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Биз баарыбыз каза тапкан кыз - Махса Аминибиз" – деп ар кайсы өлкөдө каршылык акцияларына чыккандар ураан чакырып жатышат. Стамбулдагы ошондой акциялардын бириндеги сүрөт
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ирандык айылдар 43 жыл мурунку жана азыркы каршылык акцияларынын айырмасын түшүндүрүп жатышат.

"Азыркы жаштар ат-энелерине же уулу муунга окшобойт. Алардын башкы айырмачылыгы – аялдар жана эркектер арасындагы тилектештиктин бар экенинде. 43 жыл мурун ирандык аялдар жалгыз эле. Азыр болсо эркектер дагы аялдардын катарында эле "Аялдар, жашоо, эркиндик" деп ураан чакырып жатышат. Жаңы муун эски муундун патриархалдык баалуктарын сиңирген эмес экен", - деди Маназ Ширали.

Иранды интернетти жаап салуу аракеттерине карабай, аялдар хиджабын өрттөп, чачын кескилеген видеолор байма-бай чыгып жатат.

"Менин курагымдагы адамдар көптөгөн жылдар бою укуктарды тебелеп, басым жасап, коркутуп-үркүтүүлөрдү көтөрүп келди. Биок менин кызым буга каршылык көрсөтүүгө кетти", - деди Би-Би-Сиге 15-жаштагы Ники Шакараминин мамасы.

Ника – каршылык акцияларынан кийин куугуктукка кабылган көптөгөн курмандыктардын бири болду.

Ал дагы каршылык көрсөтүү максатында хиджабын өрттөгөн. Демонстрация маалында ал эжесине чалып, аны аркасынан полиция түшкөнүн кабарлаганга жетишкен. Андан кийин өспүрүм кыздын дайыны чыкпай калган. Он күндөн кийин анын үй-булөсү Никанын жансыз денесин моргтон табышты. Полиция кыз чатырдан кулуап түштү деп, кыздын туугандарын дагы жергиликтүү сыналгыдан ушул версия чын экенин мажбурлап айттырышкан. Муну Никанын мамасы Би-Би-Сиге айты берди.

Демонстрациялар өтүп аткан бир ай ичинде укук коргоочулардын эсептөөсүндө 200дөн кем эмес адам өлдү. Алардын көбү курд райондорунун тургундары. Бирок чынында курмандыктар саны канча, так айтуу кыйын.

Ошондой болгон күндө деле, каршылык акциялары басаңдабай жатат.

Иран бийликтери бул баш-аламандыктардын аркасында мурунку душмандары – америкалыктар менен израилдиктер турат деп айыпташууда.

Ал арада артка чегинейин деген эч ким жок.

"Аял, жашоо, эркиндик" – демонстрациялардагы негизги ураан болуп жатат. Тулузда дагы жарандар ирандыктарга тилектештик билдирип көчөгө чыгышты

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Аял, жашоо, эркиндик" – демонстрациялардагы негизги ураан болуп жатат. Тулузда дагы жарандар ирандыктарга тилектештик билдирип көчөгө чыгышты

"Адамдарды түрмө, кыйноолор коркутпай калды. Режим басымды жана куугунтукту күчөткөн сайын кыжырдануу өсүп жатат", - деп сүрөттөйт демонстрантчы 52-жаштагы Зилан.

"Режим болсо каршылык акцияларына чыккандар менен кеп-сөзгө келбей жатат. Себеби, түшүнүп жатат: эгерде бир талапка макул болсо, улам жаңылары чыга берет. Бийлик ага жол бере албайт, - деди Алекс Ватанка, ал Жакынкы чыгыш институнун эксперти. – Алардын колундагы жападан жалгыз инструмент бул -репрессиялар. Бул эми жакшы дегенде алар үчүн аз да болсо убакыттан утканга жардам бере алат".

"Бирок ирандыктардын бул талаптары эми эч жакка жоголуп кетпейт".

Митингчилердин жаңы мууну

Ирандын көчөлөрүндөгү нааразылыктан этностук, класстык өңүтү жок, бирок анын жаш курактык өзгөчөлүгү бар. Каршылык билдирип жаткандар – 15 жаштан 22 жашка чейинкилер экени дароо көзгө байкалат.

Бул жаштар аятолла Хаменеянын башкаруу маалында төрөлгөндөр жана алар Ислам революциясы кантип орногонун көрүшкөн эмес. Бирок алар бийликтин интернетти өчүрүү аракетинен карабай, коомдук сайттар аркылуу азыр дүйнөдө эмне болуп жатат жакшы билишет.

"Алардын коомдук сайттары бар, ал жерде баары тең. Алар европалык жаштар уккан ырды угуп, алар көргөн тасмаларды көрүшөт, англисче сүйлөшөт. Жарылуу ошол жерден кетти, коомдук сайттардан", - дейт франко-ирандык жазуучу Сорур Касмай.

Тегеран университетинин профессору Садех Зибакалам дейт: "Биз аларды "Dahe Hashtadi" - 80-жылы туулгандар дейбиз. Биз дайым жалпы улуттук каршылык акцияны интеллигенция, жазуучулар же калктын аялуу катмары жасай дечү элек, бирок аны окуучу кыздар жасашты", - деп таң калды профессор Би-Би-Сиге берген маегинде.

Кыз-келиндер Ирандагы толкундоолордун башында турушат

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыз-келиндер Ирандагы толкундоолордун башында турушат

Алардын лидери жок, бирок уюшкандуулугу бап, алар коомдук сайттардан жазышып, ошол жерден жаңы акцияларды макулдашышат. Алардын күчү, алсыздыгы да ушунда, дешет эксперттер.

Алар эмне каалап жатышканын, балким, так биле беришпейт. Бирок эмнени каалашпайт анык билет, алар мындан ары укуктары чектелген азыркы коомдо жашоосун уланткылары келбейт.

Алар жаңы ураандарды ойлоп табышып, өлүмдүн ордуна жашоону даңазалашат.

"Аял, жашоо, эркиндик" сөздөрү иранча "Зан, Зендеги, Азади" деп айтылат. Бул ураан күрд козголоңу маалында пайда болгон Абдулла Оджаландын урааны эле, бирок ирандык демонстранттар аны өзүнүкү кылып алышты.

 "Ирандагы ураандардын көбү өлүм менен байланыштуу эле: - "шахка өлүм", "Америкага өлүм", "Хаменеиге өлүм", "диктаторго өлүм дешчү", - дейт Мохаммед Али Кадивар. Ал Бостон колледжинен, - эми болсо каршылык көрсөтүп жаткандар жашоону ураан кылып жатышат. Мен Иранда биринчи жолу ушундай ураан-чакырыктарды угуп жатам, балким бул толкундоолордун башкы мотору аялдар болуп жатканынан болушу мүмкүн". EK