Ирандын бир нече шаарларында демонстрациялар өтүүдө

Сүрөттүн булагы, EPA
- Author, Пархам Гхобади
Иранда акчанын наркы кескин түшүп, үч-төрт күндөн бери нааразылык акциялары өтүп жатат. Иранда инфляция өсүп, жергиликтүү акча - риалдын наркы кескин түшүп кеткенине байланыштуу Тегеранда жана башка бир нече шаарларда жергиликтүү эл каршылык акцияларына чогулушту.
Нааразылыктар жекшемби күнү эле башталып, Тегерандын Гранд базарындагы сатуучулар ирандын акчасы - риалдын АКШ долларына карата наркы түшүп жатканына каршылык билдирип чыгышты.
Андан бери Би-Би-Синин Перс кызматынын верификациялаган видеолору чыгып, анда Ирандын Кереж, Хамадан, Кешм, Малард, Исфахан, Керманшах, Шираз, Йезд шаарларындагы демонстрацияларды көрүүгө болот. Видеолордо каршылык акцияларына чыккандарды таратуу үчүн полиция көздөн жаш агызуучу газды колдонгон.
Иран өкмөтү "каршылык акцияларын таанырын" жана нааразы болуп жаткандардын "ачуу тилине карабай сабырдуулук менен кулак төшөрүн" айтты.
Ирандын президенти Масуд Пезешкиан дүйшөмбүдө X платформасына Ички иштер министрине демонстрацияга чыккандардын "өкүлдөрүн" кабыл алып, "маселени чечүү үчүн жоопкерчилик менен иш алып баруу" көрсөтмөсүн бергенин айтты.
Президент,ошондой эле, Ирандын Борбордук банкынын башчысы Мухаммедреза Фарзиндин отставкасын кабыл алып, анын ордуна мурунку Экономика жана каржы министри Абдулнассер Химатинин дайындады.
Нааразылык акцияларына студенттер да кошулуп, "Диктаторго өлүм" деген антиөкмөттүк ураандарды чакырып жатышат, ал Ирандагы бийликтин ээси Жогорку лидери Аятолла Али Хаменеиге карата айтылууда.
Айрым демонстранттар 1979-жылы Ислам революциясында бийликтен кулатылган маркум шах Мухаммад Реза Пехлевинин уулуна колдоо көрсөтүп, "Жашасын шах!" деп да ураан чакырышты.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Буга АКШда бозгунда жашап жүргөн Реза Пехлеви жооп кылып, X платформасына "Мен силер мененмин, жеңиш биздики, себеби биздин иш адилет жана биз биримдиктебиз" деди.
"Бул режим бийликте кала берсе, өлкөнүн экономикасындагы кырдаал дагы да начарлай берет",- деп кошумчалады ал.
АКШ департаментинин Персид тилдүү аккаунту ошол эле X платформасында нааразылык акцияларына колдоо көрсөттү. Анда АКШ алардын "эрдигине таазим" этери айтылат жана көп жылдык саясий жана экономикалык натыйжасыз башкаруудан кийинки алардын "кадыр-барк, аброй жана жаркын келечекке умтулуусун" колдогону айтылат.
Иран темасы АКШ президенти Дональд Трамп менен Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Флоридадагы дүйшөмбүдөгү жолугушуусунда кенен талкууланды. Жолугушуудан кийинки бирдиктүү басма сөз жыйынында Трамп Ирандагы режимдин алмашышын колдойбу деген суроого жооп берүүдөн баш тартты. "Чоң инфляция, экономикасы кыйрады, экономикасы аябай начар, адамдар ага анча ичи чыкпай атканын билем", - деди ал.
Трамп, эгер Иран баллистикалык ракеталарын жана өзөктүк программаларын жандантса, АКШ израилдик авиасоккулардын Иранга болгон дагы бир чабуулун колдой алышы мүмкүн экенин айтты. Израил менен Ирандын ортосундагы 12 күндүк согушта АКШ Ирандын уранды быйытуу боюнча объектилерине авиасокку жасаган. Иран аны өзөктүк программасын бейпил экенин айтып келет.
Президент Пезешкиан шейшембиде Ирандын "репрессиялык агрессиялык кандай гана акт болбосун" жообу "катаал жана өкүнтө тургандай" болорун убадалады. Ирандын Жогорку лидери Израилдин өкмөтү согуш маалында массалык нааразылык менен режимди алмаштырууга үмүт кыларын бир нече жолу кайталаган.
"Алар көчөлөрдө козголоңду уюштургусу келет...Бирок адамдар душмандын каалаганындай таасирде такыр болушкан жок", - деген Хаменеи сентябрда.












