Ирандагы каршылык акциялары: Жаштарды өлүмгө кириптер кылган хижаб

Nika Shakarami

Сүрөттүн булагы, Nika Shakarami

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Он алты жаштагы Ника Шакарами Ирандагы акыркы нааразылык иш-аракети маалында өмүрүнөн айрылды
    • Author, Haniya Ali
    • Role, BBC World Service

Он алты жаштагы Ника Шакарами Ирандын борбору Тегеранда сүрөтчү тайежеси Аташ менен чогуу жашачу. Ал Иранда көп жылдардан берки алгачкы эң ири нааразылык чараларына катышуу үчүн 20-сентябрда кечки саат 17:00дө үйүнөн чыгып кеткен. Ал көздөн жаш агызуучу газдан коргонууга огожо болсун деп жанына сүлгү менен бөтөлкө суу ала жүргөн

Ника "Инстаграмдагы" барагы аркылуу достору менен бөлүшкөн маалыматка караганда, ал Ирандын адеп-ахлак полициясы тарабынан кармалган 22 жаштагы Махса Амини айымдын өлүмүнө нааразылык иретинде өз хижабын өрттөп, ураан чакырып кыйкырып жаткан.

Ника өзүн кууп бара жаткан полициячылардан качууга далаалат жасап жатып, бир курбусуна акыркы жолу телефон чалууга үлгүргөн.

Андан соң Ника бир нече күн бою дайынсыз жоголду.

Никанын үй-бүлөсү аны жан талаша издеп жатты. Акыры полиция аларга Никанын сыпатталышына дал келген сөөк табылганын билдирди.

Полициядагылар Никанын жакындарына анын бийиктиктен кулап түшкөнүн айтышып, сүрөттөрүн көрсөтүшкөн. Бирок Никанын жакындарынын айтымында, бул сүрөттөр атайылап жалган окуяны чагылдырган көз боёмо сүрөттөргө окшоп турат.

Акыры аларга Никанын сөөгү көрсөтүлгөндө, маркумдун жүзүнө гана көз чаптырууга уруксат алышкан. Ника катуу токмок жеп, денеси көгала болгонуна карабастан, энеси өз кызынын жүзүн тааныды.

Nika Shakarami reads a book

Сүрөттүн булагы, Nika Shakarami

Анын сөөгү үй-бүлөсүнө берилген жок. Ника 17 жашка толоору күтүлгөн күндөн бир күн өткөн соң, бийликтер анын сөөгүн жакындарынын эч катышуусу жок эле бейитке көөмп салышкан.

Ирандын Ыңкылапчыл кошуунунун курамындагы бейрасмий булактар Никанын тайежесине бул маркум бир апта бою алардын камагында болгонун, алар андан күнөөсүн мойнуна алдырууга далаалат кылышкандыгын жана ал кийин Тегерандагы чуулгандуу Эвин абагына жөнөтүлгөнүн айтышкан.

Эми Никанын тайежеси камакка алынды.

Ирандагы соңку нааразылык чаралары үчүнчү аптага аяк басты. Анын өзгөчөлүгү - нааразылык кыймылынын алдыңкы саптарында көп сандаган жаштар менен аялдардын жүргөндүгү. Алар бир добуштан: "Зан, зендеги, азади!" ("Аял, өмүр, эркиндик!") деп ураан чакырып келишти.

Ирандын режими жарандардын коомдук медиага кирүү мүмкүнчүлүгүн чектөө үчүн интернет байланышын үзгүлтүккө учуратып, курчуп бараткан кырдаалды көзөмөлдөөгө далаалат кылууда. Коопсуздук күчтөрү демонстранттарга карай ок жаадырышты.

Укук коргоочу Эл аралык Мунапыс (Amnesty International) уюму набыт кеткендердин санынын улам өсүп жатышын айыптап, муну "интернет байланышы токтотулган караңгылык шартында бийликтер адам өмүрүнө карата ырайымсыз чабуулду кантип жасап жаткандыгын айгинелеткен өзгөчө санааркоо жаратчу белги" деп атады.

Instagram баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
Instagram мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Instagram мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

Instagram посттун аягы

Дүйнө жүзүндөгү көптөгөн жаштар сыяктуу эле, Хадис Нажафи да интернеттеги коомдук медиада жигердүү катышып жүрчү. Ал ирандык жана батыш обондуу ырларын, анын ичинде Квин Херби менен Шакира аткарган чыгармаларды ырдап, бийлегенди жакшы көрчү.

Быйыл 21-сентябрда 22 жаштагы Хадис Тегерандан алыс эмес жердеги Караж жергесиндеги нааразылык чарасына катышуу үчүн бара жатып, достору менен бул ниети тууралуу видео тасма бөлүшкөн. Ал өтө жайдары маанайда болчу.

"Эх, бир нече жылдан кийин артка кылчайып карачу болсом, бардыгы жакшы жакка өзгөргөн тура, деп сүйүнөм го деп үмүттөнөм!" - деп Хадис шаттанган.

Анан... бир саат өтүп-өтпөй Хадис өлтүрүлдү.

"Инстаграмда" бөлүшүлгөн видео тасмада Хадистин энеси мындай дейт: «Кызым хижабдын айынан, Махса Амининин айынан өлтүрүлдү... Ал каршылык көрсөтүү чарасына жөнөгөн болчу. Как жүрөгүнө, ичине жана мойнуна ок тийип, кызым атып өлтүрүлдү. Анын сөөгүн көргөнүбүздө, бети-башы, дене бою көгала болгон экен".

Ирандык бийликтер Хадистин үй-бүлөсүнө маркумду коомчулук үчүн ачык болгон акыркы сапарга узатуу зыйнатын өткөрүүгө уруксат бербей койду. Эгер кимдир-бирөө сурап калса, анда Хадис автокырсыктан же табигый себептерден улам каза болду деп айткыла, деп анын жакындарына буйрук берилди.

The daughter of Minou Majidi stands over her mother's grave, her head shaved, holding her hair

Сүрөттүн булагы, Majidi family

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мино Мажидинин кызы энесинин бейитинде өзүнүн кыркып салган чачын кармап турат
1px transparent line

Кырккан чачын колуна мыкчып кармап алган бир кыз бир нече күндөн кийин энесинин мүрзөсүндө турду. Ал камераны тикчийе карап мелтиреди. Ал 20-сентябрдагы нааразылык чарасына катышкан 55 жаштагы ирандык күрт тектүү Мино Мажиди аттуу аялдын кызы эле.

Мино күрт тектүү жаш айым Махса Амини полициячылар тарабынан өлтүрүлгөндүгүнө өзгөчө нааразы болгон. Ал нааразылык демонстрацияларга катышууну өзүнүн парызы катары сезди.

"Эгерде мага окшогондор барбачу болсо, анда ким нааразылык жыйынына барат? Мен өзүмдүн өмүрүмдү жашаарын жашадым, эми жок дегенде аларга жаштарыбызды өлтүрүүгө жол бербейли!" деп Мино чечкен болчу.

Акыркы жылдарда Иранда көптөгөн нааразылык чаралары өткөрүлүп келди. Бирок ушул таптагы окуялардын башкы өзгөчөлүгү - нааразылык жыйындарынын өзөгүн көп сандаган жаштар, өзгөчө алганда, кыз-келиндер түзүп жаткандыгы болууда.

Бардык аялдарга коомчулукта жүрчү кезде сөзсүз түрдө жоолук (хижаб, паранжы) салынуусун милдеттендирген катаал мыйзамдарды киргизген өлкөнүн - бүгүнкү Ирандын - бейнеси эми өз жоолуктарын чечип ыргытып, чачын калайыкка ачык көрсөтүп, "Эркиндик!" деп ураан чакырган мектеп окуучу кыздарынын аракеттери менен айрыкча ажарданууда. (TT)