Иран: демонстранттарга каршы полиция ок атууда

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бийликтин эскертүүсүнө карабай, Махса Амининин өлүмүнөн кийин ирандыктар онунчу түнү катары менен демонстрацияларга чыгышты.
Тополоң тутангандан бери кеминде 41 адам көз жумганы расмий түрдө маалымдалды, алардын көпчүлүгү демонстранттар, бирок арасында коопсуздук күчтөрү да бар.
Адам укуктарын жактаган топтор чыныгы сан андан да көп болушу мүмкүн экенин айтышууда. Коопсуздук күчтөрүнүн коркутууларына жана зомбулугуна карабай акцияларды кыз-келиндер жетектеп келишти.
Каршылык акциялары жекшембиде кеминде он бир шаарда уланды. Каршылыкты басууга өкмөт болгон дараметин жумшап, атайын даярдыктагы аскер бөлүктөрүн жана коопсуздук күчтөрүн тартып жатат.

Сүрөттүн булагы, Screenshot
Алар нааразылык акциясына чыккан элди көздөй куралдан ок атууда.
Ирандыктар 22 жаштагы студент кыз полициянын абагында токмоктолуп каза болду деп кыжырданып, өкмөткө каршы массалык акцияларына чыгууда.
Махса Амини хиджап кийүү эрежелерин бузуп, чачын биз аз көрсөтүп жүргөн деген айыптоо менен кармалган болчу.

Сүрөттүн булагы, Махса Амининин үй-бүлөсү
Андыктан нааразылык акцияларынын башында аялдар турганы таң калаарлык эмес.
Көп аялдар жоолуктарын чечип, Тегерандын эң кымгуут көчөлөрүндө жөө жүрүшкө чыгышты.
Ирандын башка бөлүгүндө демонстранттар Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хоменейинин сүрөттөрүн өрттөштү.
Полициянын пневматикалык куралынан каза тапкан 20 жаштагы Хадис бул зомбулуктун дагы бир курмандыгы болуп калды. (КС)








